Партиянын катчылыгы УКМКны «эмки айда өтчү курултайды утурлай ага чакырылган мүчөлөр тууралуу тымызын маалымат топтоп жатат» деп айыптады. Атайын кызмат болсо кысым-басым тууралуу доомат негизсиз экенин билдирүүдө.
Айрым байкоочулар кайсы бийлик болбосун күч органдары саясий курал болуп келгенин эске салып жатышат.
КСДПнын катчылыгы 12-мартта «УКМКнын Ысык-Көл облусунунун Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы К. Табалдиев аталган райондогу паспорт столунун жетекчисине жазды» деген каттын көчүрмөсүн жарыялады. Анда 18 адамдын аты-жөнү жазылган тизме жана алар жөнүндө чукул арада маалымат жөнөтүү тууралуу талап коюлган. КСДП бул адамдар партиянын Ысык-Көл облустук партиялык конференциясына катыша турган делегаттар экенин белгилеп, УКМКдан түшүндүрмө талап кылып кат жазды.
УКМКнын басма сөз кызматы бул факт боюнча дароо жооп кайтарды. Анда «Жети-Өгүз райондук бөлүмдүн башчысы К. Табалдиев мындан бир айдай мурун гана дайындалган, жергиликтүү коомчулук менен таанышуу максатында калкты паспорттоштуруу жана каттоо мекемесине суроо-талаптарды жөнөттү» деп айтылат. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталганы да белгиленген.
КСДПнын өкүлү Рита Борбукеева милиция кызматкерлерин да басым-кысым боюнча айыптады:
«12-мартта Ысык-Көл облустук конференциябызга үч күн калганда милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө «ал жыйынга ким барарын тактап билгиле» деп тапшырма берилиптир. Алар болсо «ал жыйынга барба, көрдүңбү, Атамбаевдин айланасындагылардын баарын камап жатат, сени дагы камап салат» дешсе алар ишенет да. Мунун айынан он чакты мүчөбүз келбей калды. Эң коркунучтуусу - биздин мүчөлөрүбүз түшкөн маршруткаларды жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер тосуп берип, УКМКдан экенин айтпаган, форма кийбеген эле адамдар ал мүчөлөрүбүздү, кээ бир балдарыбызды «жүрү» деп сыртка чакырыптыр. МАИ кызматкерлери тосуп берип, белгисиз адамдар суракка алгыдай алар ким?»
ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов болсо мындай дооматтарды четке какты. Ал милиция өз милдетин аткарып жатат, саясатка аралашпайт деп эсептейт.
«Эгерде ошондой конкреттүү фактылар бар болсо, кимдир-бирөө тосуп алып, токтоткон болсо анда анын баарын айтып чыкканга толук мүмкүнчүлүк бар. Экинчиден, соңку 15 жылда милиция саясатта ар кандай форматта, ар кандай багытта коомчулукка көрүндү. Милиция саясатка кийлигишпей, өз милдетин так жана туура аткарышы керек. Милиция эч кандай саясий партияларга, саясий агымдарга же саясий көз караштарга аралашып, пикирин айтып, колдоо көрсөтүп же тескерисинче тоскоолдук кылбашы керек. Ошондой иштерге аралашкан болсо, анда алардын жоопкерчилиги сөзсүз каралат. Милициянын негизги милдети - коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, мамлекеттин ички тартибине көзөмөл жүргүзүү. Жетекчилик биздин кызматкерлерге ушундай гана багыт берген», - деди Сейитов.
Анткен менен саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев күч органдары бийликтин дагы эле саясий куралы бойдон турат деген пикирде.
«Соңку 25 жылдан бери укук коргоо органдары өз милдетин так аткарбай жатат. Укук коргоо органдары, анын ичинен сот системасы, УКМК бийликтин саясий союлу болуп калды. Бийлик укук коргоо органдарын саясий оппоненттерине каршы пайдаланып, кысым көрсөтүп келе жатат. Эгерде Жети-Өгүздөгү окуя чын болсо, анда УКМК саясий партиянын өкүлдөрүнүн артынан түшкөнү туура эмес», - деди ал. Талдоочу жагдайды өзгөртүш үчүн Конституцияны өзгөртүш керек экенин да кошумчалады.
Ал арада экс-депутат Мээрбек Мискенбаев «Айкөл Ала-Тоо» коомдук уюмундагы ажырым, бөлүп-жаруу, кысым боюнча бийликти айыптап чыкты. Ал буга байланыштуу коомчулукка кайрылуу таратылганын билдирди:
«Президенттин аппаратындагы Алмаз Кененбаев балдарды бөлүп, бири-бири менен уруштуруп-талаштырып жатат. «Коомдук бирикмеге аралашпагыла, буга мыйзам жол бербейт, баягы эле Бакиевдин заманындагыдай үй-бүлөлүк, кландык башкаруу болуп жатат, «Айкөл Ала-Тоону» мыйзамсыз тартып алып жатасыңар, «Атамбаевсиз КСДПнын» эле 2-сериясы болуп жатат, муну токтоткула» деп кайрылуу жибердик. Эгер мындай боло берсе «кландык режимге жол жок» деген ураан менен чыгабызбы деп азыр ойлонуп жатабыз. Эми кысымды токтотушу керек да. Былтыр 17-мартта айткан сөздөрүмдөн бери бир жыл болду. Баарыбызга кысым болуп жатат. Урганын уруп... Мынчалык болбошу керек да. «Бакиевдин эле заманы кайра келди» десек чычалап жатышпайбы. Эгер андай улана берсе биз «Кыргызстан ага-ини Жээнбековдорсуз» деген ураан менен чыгышыбыз мүмкүн. Мындан башка аргабыз калбай калды».
«Азаттык» президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаевден түшүндүрмө сурады.
«Билбейт экенмин, кечиресиз. Комментарий бере албайм. Коомдогулар өздөрү чечет да. Ал жакка биздин кандай тиешебиз бар?» - деди ал.
Серепчи Төлөгөн Келдибаевдин баамында, Кыргызстанда бийликтин өзүнүн саясий атаандаштарына кылган мамилеси акыркы жылдары өзгөргөн жок. Келдибаев буга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өзүндө да кемчилик бар экенин айтып өттү:
«Өзүнө оппозиция болгондорду куугунтуктаган көрүнүш Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, азыркы Сооронбай Жээнбековдун убагында деле уланып жатат да. Бул токтоп калган жок. Кыргызстанда бул жаңылык деле эмес, көнүмүш адат болуп калды. Азыркы күндө бийликке таасир эте ала турган күч - бул Атамбаев. Анын айланасына кимдер топтолуп жатканын, аймактарда кимдер менен кызматташканын, 6-апрелдеги курултайга кимдер катышарын аныкташ үчүн күч органдары күчөтүлгөн иштерди жүргүзүп жатат. Бул жерде Атамбаевдин кемчилиги - өзү бийликте турганда укуктук-демократиялык мамлекеттик түптөй албаганында. Адилетсиз соттордун иштешине, коррупциянын гүлдөшүнө шарт түздү. Күч органдарын курал катары пайдаланууга Атамбаев өзү деле шарт түздү. Бүгүнкү күндө Жээнбековдун командасы ошол Атамбаевден калган ыкмаларды колдонуп жатат. Бул жакшылыкка деле алып келбейт».
Ушул айдын башында КСДПда бийлик талаш чыккан. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 3-апрелде кезектеги XVIII курултай өткөрөрүн айтып чыккан. Ага чейин эле экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган бул партиянын курултайы 6-апрелге белгиленген. Парламенттеги КСДПнын Атамбаевди колдогон депутаттары Өмүркуловдун аракетин айыптаган, Өмүркулов болсо анын чечимин «мыйзамсыз, партиянын уставы менен жобосуна каршы келет» деп мүнөздөгөн дооматтарды негизсиз деп баалаган.