Мурдагы төрагалар кеңеш түзүштү

Жогорку Кеңеш.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин экс-спикерлеринен куралган кеңеш түзүлдү.

Уюштуруучу-демилгечилер коомдук бирикменин башкы максаты - мурдагы төрагалардын билимин, тажрыйбасын колдонуу, коомдук-саясий жагдайга байланыштуу азыркы бийликке кеп-кеңеш берүү экенин белгилеп жатышат. Ал арада «экс-спикерлердин кеңеши саясий куралга айланып кетиши ыктымал» деп чочулагандар да пайда болду.

Былтыр күзүндө президент Сооронбай Жээнбеков экс-спикерлер жана мурдагы өкмөт башчылар менен жолуккан жана «ушундай форматтагы кездешүүлөр маал-маалы менен өткөрүлөт» деп убада берген.

Парламенттин экс-спикерлеринин консультативдик кеңешинин биринчи жыйынында уюштуруу маселелери талкууланды. Кеңештин төрагасы болуп Медеткан Шеримкулов, ал эми аткаруу комитеттин катчылыгына Акматбек Келдибеков дайындалды.

Жыйынга 13 адам, тактап айтканда, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Мукар Чолпонбаев, Алмамбет Матубраимов, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков жана Исхак Масалиев катышканы белгилүү болду.

Мукар Чолпонбаев «Азаттыкка» комментарий берип жатып азыркы бийлик экс-спикерлердин кеп-кеңешине муктаж деген оюн айтты:

Мукар Чолпонбаев.

- Кеңеш коомдук эле негизде түзүлдү. Расмий эч нерсеси жок, эч жерге катталбайбыз. «Тигиндей-мындай кылсаңар болот» деп гана айтканга укугубуз бар. Биз бийлик мындай кеңешке муктаж деп ойлойбуз. Анткени азыркы Жогорку Кеңештин акыбалын, иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин билим деңгээлин карап отуруп, булардын көп жаңылыштык кетирип жатканын байкап, ошондон улам биз жок дегенде акылыбызды айтып туралы деп чечтик.

Парламенттин дагы бир мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков мындай жолугушууларда кайсы бир маселелер талкууланып, ириде орток пикир табууга аракет көрүлөрүн кошумчалады:

- Азыркы кырдаалда орчундуу маселелер боюнча консенсус болсо пикирибизди айтып, бийликке жардам берели деген ой менен бириктик. Кыргызстанда маселе көп. Өзүбүзчө акылдашып, бир пикирге келсек, ошону айтканга мүмкүнчүлүк болсун деп жатабыз. Эгерде орток пикир таба албасак, анда ар бирибиз өзүбүздүн оюбузду айта беребиз.

Экс-спикер Зайнидин Курманов мурдагы өкмөт башчыларынын, парламент төрагаларынын башын кошкон бирикмелер эл аралык тажрыйбада бар экенин белгиледи жана Кыргызстанда төрагалардын кеңешин түзүү аракети буга чейин деле болгонун эске салды:

Зайнидин Курманов.

- Илгери, Ахматбек Келдибеков спикер болуп турганда төрагалардын кеңеши түзүлгөн болчу. Колубузга күбөлүк берилген, макамы жана жобосу бекиген. Ошол ишти улантабыз, керек болгон учурда чогулуп турабыз. Эгерде олуттуу бир маселе чыгып калса чечкенге аракет кылабыз. Бул жерде эч кандай кутум же конспирологиялык концепция жок. Дүйнөдө мурдагы премьерлерди, мурдагы президенттерди чогулткан «Мадрид клубу», «Рим клубу» дегендер бар. Депутаттардын эл аралык ассоциациялары бар. Мунун баары жетекчилердин дараметин жоготпой, пайдаланып калуу, колдонуу максатында түзүлөт. Муну ар бир мамлекет өзү каалагандай чечет. Бул өзүнчө бир капитал десе болот. Аны пайдаланып калыш керек.

Жыйынга кайсы бир себептерден улам Адахан Мадумаров менен Чыныбай Турсунбеков барган эмес. Турсунбеков келбеген себебин ал күнү иш сапарында болгону менен түшүндүрдү жана мындай кеңештин зыянынан пайдасы көп болот деп эсептей турганын айтты. Ошону менен катар Турсунбеков «бирикме саясий куралга айланып калышы мүмкүн» деген чочулоонун негизин да жокко чыгарган жок:

Чыныбай Турсунбеков.

- Мындай бирикмелерди түзүүгө мыйзам тоскоолдук кылбайт. Эгер мамлекет үчүн пайдалуу болсо, анда аны кол чаап кубатташ керек. Эгер пайда чыкпаса, анда жүрүп-жүрүп отуруп өзү эле бир күнү жоюлат. Экс-спикерлердин баарында эле анча-мынча тажрыйба бар. Эгер «аттиң, кап» деп өкүнүп калган жагдайлар болсо ошону айтып, тажрыйбалары менен бөлүшсө оң натыйжа чыкса керек деп ойлойм. Эгерде изденген, жаңыланууга умтулган адамдар болсо, ошол жаңылыктары менен бөлүшүп турса, ал да пайда. Соңку жыйынга иш сапарында жүргөнүмө байланыштуу катыша алган жокмун. Ар бир экс-спикердин өз позициясы бар, белгилүү бир топтору бар. Мамилелеш, пикирлеш адамдары бар. Ар ким өзү тарапка тартат деп ойлойм. Бүгүн эле жолуга калып, тил табышып кетсе анда шумдук эле болмок. Жолуккан жерден эле бир багытка бурулуп кала турган болсо, анда таң калыштуу да болмок.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев мурдагы төрагалардын консультативдик кеңешинин түзүлүшүн жазда саясаттын жанданышы менен да байланыштырды:

- Бизде дайыма жазында саясатта, саясатчылар арасында жандануу болот. Экинчиден, 2020-жылы боло турган шайлоого карата бир топ саясий долбоорлор пайда болушу мүмкүн. Биз аны баарыбыз эле байкап жатабыз. Белгилүү бир топ саясатчылар өз позициясын бийликке ачык билдире башташы мүмкүн. Шайлоого карата даярдык десек да болот.

Былтыр ноябрь айында президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы төрагалар жана премьер-министрлер менен жолуккан. Анда ал саясий элитаны ынтымакка чакырып, конструктивдүү кызматташууга үндөгөн. Ошондой эле мындай жолугушууларды маал-маалы менен уюштуруп, кеп-кеңештерди угуп турууга да убада берген болчу.

Сооронбай Жээнбеков.

- Сиздердин мол тажрыйбаңыздар бар, бул олуттуу ресурсту өлкө үчүн сөзсүз пайдаланышыбыз керек, - деген эле ал. - Мамлекеттин өткөнү, бүгүнкүсү, келечеги - бири-биринен ажырагыс түшүнүк. Биз бардыгыбыз ага жооптуубуз. Себеби убагында иштегенбиз, иштеп жатабыз. Болгон маселелерди чогуу отуруп сүйлөшүп, бетме-бет отуруп айтсак, биз ошону күтөбүз. Саясий элитасы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги принциптери боюнча орток пикирге келе алган мамлекеттер чоң ийгиликтерге жетишкен. Алар деле талашып-тартышкан, бирин бири аябай сынаган. Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө келгенде баары жалпы бир мегабагытка карата бир пикирде болушкан. Кыргызстандын саясий элитасы бирин бири сыйлаганды, укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Азыр Кыргызстанда бардык коомдук-саясий күчтөрдүн катышуусу менен чече турган көйгөйлөр жана олуттуу маселелер көп. Сиздер мына ушул маселеде данакерлик вазийпаны аткара аласыздар деп ишенем.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында Жогорку Кеңешке 17 адам төрага болгон. Алардын ичинен Усуп Мукамбаевдин көзү өтүп кеткен. Өмүрбек Текебаев болсо ушул тушта камакта отурат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.