Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Бишкектеги жаңы конуштардын биринде өтүп жаткан жыйынына топ аялдар жарып кирип, сөз бузуп, жолугушууну үзгүлтүккө учуратууга аракет жасашты.
Бириккен элдик кыймылдын айрым мүчөлөрүнүн пикиринде Бишкек шаарында башталган алгачкы жолугушууга 2,5-3 миңдин тегерегинде киши келди. Ал эми Октябрь РИИБнүн атын атагысы келбеген кызматкери болгону 200-300дүн айланасында адамдар катышып жатат деп билдирди.
Жолугушууга талапкер Алмазбек Атамбаевден башка БЭКтин бир катар мүчөлөрү: Роза Отунбаева, Топчубек Тургуналиев, Азимбек Бекназаров жана Өмүрбек Текебаев да катышты. БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров 23-июлда боло турган президенттик шайлоо тарыхый, тагдыр чечер шайлоо болорун белгилеп, элди шайлоодо берген добушун уурдатпай сактап калууга чакырды:
-Бул шайлоо тарыхый, элдин, мамлекеттин тагдыры чечилер шайлоо. Ошондуктан, намысыбыз үчүн уурулардын колун кесип, өз добушубузду эч кимге уурдатпай, 23-июлда өзүбүз санашыбыз керек. Мен сиздерди аягына чейин тикеңерден тик турууга чакырам.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери үй-бүлөлүк башкаруу системасынан чыга албай келе жатат. Ошондуктан, өлкөгө эң биринчиден жаңы заман, жаңы система керек, деди Өмүрбек Текебаев:
-Бүгүн адам эмес, заман тандагыла, деген чакырык менен келип отурабыз. Биз бүгүнкү заманды өзгөртүп, жаңы заман алып келсек дейбиз. Ошондуктан, биздин талапкердин чакырыктарынын негизгиси да -өзгөртөбүз, деген чакырык. Бүгүнкү бийликтин идеологиясы карапайым кыргыз элине жат, ага каршы идеология. Бул деген “пулуң болсо кулуңмун”, “эптеген эки ичет” деген идеологиялар. Бүгүн карапайым элдин келечеги болбой калган.
Трибунага талапкер Алмазбек Атамбаев көтөрүлүп, сүйлөп баштаган учурда бир топ аял анын сөзүн бузуп, кыйкырып ызы-чуу салууга аракет кылышты. Талапкер Алмазбек Атамбаев мындай адамдарды Манастын арбагы урсун, деп айтты. Бирок аларды чогулуп турган эл сүрүп, топтон чыгарып коюшту. Биз ал аялдардын бирине микрофон сундук:
-Бизге жаңы президенттин кереги жок. Президентти жайына койсун. Иштегенине эми төрт жыл болду.
-Өзүңүздү тааныштырсаңыз?
-Мен.. фонддон.
-Кайсы фонд?
-“Көөнө сыр” деген фонддун мүчөсүмүн. Ошо Акаев.. неме.. Бакиевден башка президенттин бизге кереги жок. Жайына койсун, иштесин, -деди өзүн тааныштыргысы келбеген аял.
Ошол эле учурда талапкер менен жолугушууга келген айрым аялдар да өздөрүнүн пикирлери менен бөлүштү.
-Абдыкадырова Айсалкынмын, Бишкекте жашайм. Мен бул жолу добушумду Бакиевге бербейм. Анткени ал төрт жыл ичинде өзүн көрсөттү. Эч кандай реформа жүргүзгөн жок. Азыр деле жаңы программасы жок экен, эски сөздөрүн кайталап жатат.
-Бурмакан Садыровамын. Бакиевге 2005-жылы эле каршы болгом. Бул киши социалдык-экономикалык жагынан, ички-тышкы саясатта өзүн көрсөттү. Эгер эртеңки шайлоодо дагы Бакиев утуп кетсе, Кыргызстан туңгуюкка кабылат.
Президенттикке талапкерлердин үгүт иши шайлоого бир сутка калганда токтотулат. Ушул тапта талапкерлер үгүт иштеринин акыркы күндөрүн иштешүүдө. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында шайлоочулар менен жолугуп, өздөрүнүн президенттик программасын тааныштыруунун үстүндө.
Алсак, БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаев бүгүн өзүнүн шайлоо штабынын алдында эл менен жолугушмакчы. “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев кечээ Кант шаарында, Бишкек шаарындагы Көлмө жаңы конушунда эл менен жолугушту.
Бүгүн Аламүдүн районун жана борбор калаанын жаңы конуштарын кыдырмакчы. Азыркы президент Курманбек Бакиев Таласта болду, Токтайым Үмөталиева, Жеңишбек Назаралиев жана Нурлан Мотуев да Бишкектик шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууда.