Өзбекстан жөнөткөн «көгүлтүр отуну» үчүн 5,3 миллион доллар акчаны Кыргызстан алдын-ала төлөбөсө жөнөтпөй коерун 11-февралда кабарлады. Ушу тапта кыргыз өкмөтү ал акчаны кантип табуунун аргасын издөөдө.12-февралда парламент Өзбекстан газ маселесин талкуулап, кыраан чилдеде калкынын кыйласын «көгүлтүр отунсуз» калтырган тармак жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу маселесин койду.
Коон үзгөндө эмес, бозо сүзгөндө барып...
Кычаган кыш келгени карызды төлөбөсө “газ куурду” жаап коерун буга чейин деле Өзбекстан бир нече ирет коюп, аны кыргыз өкмөтү бюджеттик ссуда эсебинен жаап келатканы көпчүлүккө дайын. Бул ирет да карыз акча ошондой эле жол менен бүгүн-эртең жоюларын Кыргызстандын өнөнр жай, энергетика министри Илияс Давыдов ырастады.
- Мен дагы бир жолу түшүндүрө кетейин. Бүгүнкү күнгө карата карыз 5,3 миллион долларга чыкты. Буга чейинки эсептердин баары
Бүгүнкү күнгө карата карыз 5,3 миллион долларга чыкты.
Быйылкы жылга Өзбекстандан алынчу газдын көлөмү деле чектелүү, болгону 200 миллион кубометр. Газ көлөмү азайганы аны уурдоолор күчөп, тармак жетекчилери андан чыгуунун жалгыз аргасы катары электрондук эсептегичтерди орнотуп чыгууну көздөшүүдө. Буга чейин алардын 22 миңден ашууну коюлган. Эми да 30 миң ашуун газ керектөөчүгө акчасын төлөбөсө газ бербей турган эсептегичтер коюлса соңку жылдары күчөп кеткен уурдоолор тыйылып, газ менен камсыздоо кызматынын иши жүрүшмөк. Керектөөчүлөрдүн “Кыргызгаз” акционердик коому алдындагы карызы 360 миллион сомго жеткен.
Парламенттеги талкууда “Акжол” фракциясынын өкүлү депутат Бейшенбек Абдыразаков уурдалган газдын баасы канчага жетерине кызыкты.
Бейшенбек Абдыразаков: - 24% жоготуу акчага которгондо канча миллион сом же доллар болот?
Илияс Давыдов: - 14 миллион доллар.
Бейшенбек Абдыразаков: - 14 миллион доллар да. Оштогу 50% жоготуу канча болот?
Илияс Давыдов: - 20,5 миллион.
Баткенге барып көрдүңүз беле?
Парламенттин биртоп депутаттары кыраан чилдеде кычап кетчү Өзбекстан газ маселесин сугат суу проблемасына байланыштырып кароону, Баткен облусунда ушу кезге чейин Өзбекстан иштетип жаткан газ кендерин кайтарып алуу зарылдыгын козгошту. Кыргызстанга келчү газ баасы өтөле кымбат экендигине парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева токтолду.
- Ошол эле газды түштүк аймактары үчүн Казакстан 84 доллардан сатып алат. Беларус Орусиядан 168 доллардан сатып алат. Биздин 200 миллион кубометр газ, Илияс Абдулович, жакшы билесиз, Өзбекстан жыл бою өндүргөн 54 миллиард кубометр газдын бир тамчысы.
Ташкендин тилин таап Кыргызстанга салыштырмалуу арзан газ сатып алган Казакстан жакынкы жылдары түндүк тарабында өндүрүлгөн газын түштүк аймактарына тартып өтүү аракетине киришүүдө. Парламент талкуусунда, Орусиядан суюлтулган газ же болочокто Казакстан газын сатып алуу сунуштары да айтылды. Депутат Алмаз Каримов кыргыз өкмөтүнүн өзүнөн чыкчу газга көңүл бурбай келатканына токтолду.
- Баткенге барсаңыз газ жөн эле чыгып жатат. Ошону карап койгон эч ким жок. Эмне үчүн ошого инвесторлорду тартып бербейбиз?
Качанга чейин биз Өзбекстандан сурап жүрө беребиз?
Азырынча Кыргызстан жылына 30 миллионго жакын кубометр газ өндүрүүдө. Бул жалпы керектөөнүн 4% жакынын жаба алат.
Өкмөт “Кыргызгаз” акционердик коомун болгон мүлкү менен орусиялык “Газпром” компаниясына сатып, “көгүлтүр отун” башоорусун аларга жүктөп коюуну көздөөдө. Бирок да газ чыгышы мүмкүн делген эки участокту изилдөө-иликтөө иштерин толук бүткөргөнгө буямасы келбей, инвестициялык милдетин аткара албай отурат. Өкмөттөн болсо азырынча энергетикалык объекттерди сатуу, тарифтерди көтөрүүдөн башка алгылыктуу сунуш түшө элек.
Жыл ортосунда газ баасы 16% дагы көтөрүлөрүн И.Давыдов депутаттар алдында ырастады. Аны күтпөй эле “Кыргызгаз” акционердик коому сомдун долларга карата катышына ылайыктап газ баасын азыноолок көтөрүп, акысын убагында төлөбөдү шылтоосу менен кыш чилдеде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына газ берүүнү теңине кыскартты. 5,3 миллион доллар карыз акча төлөнбөсө Өзбекстан газ берүүнү толук токтотуп коерун айтып кыш чилдеде сес көрсөтүүдө.