Мээрман айымдар чет жакка кетип жатат

Мээрман айымдар көбүнчө Орусияга кетип жатышат

12-май мээрман айымдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. 1993-жылдан бери Кыргызстанда да бул майрам белгиленип келүүдө. Акыркы жылдары мээрман айымдардын көбү өлкөдөн чет жакка кетип жатканы байкалууда. Бул медициналык жардам көрсөтүү кызматынын сапатына таасирин тийгизбей койбойт. Адистер муну өлкөдөгү социалдык, экономикалык абалдын начардыгынан улам чыгып жатканын белгилешет.
Адистешкен бейтапкананын мээрман айымы Айнагүл Мамбетова 33 жылдан бери медициналык кесипти аркалап келет. Ал өзүнүн иши тууралуу буларды айтты:

-Биздин жумуш мындай караганда оор эле. Ишке келгенден баштап кеткенге чейин бейтаптар келет, аларды дарыгерге жардамдашып кабыл алабыз. Керек болсо ийне сайабыз, карточкалар менен иштейбиз. Бир жумада бир үйлөрдү да кыдырабыз. Жаш мээрман айымдар келип бир аз иштеп кайра кетип калышат. Мурунку иштеп жүргөн, такшалган мээрман айымдар иштеп эле жүрөбүз, көнүп калдык. Мен өз ишимди жактырам.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 28200 мээрман айым иштейт, башкача айтканда 10 миң кишиге 53 мээрман айым туура келет. Ал эми Орусияда 10 миң кишиге 80, Казакстанда болсо ошол эле сандагы адамга 63 мээрман айым туура келет.

Өлкөдө мээрман айымдардын жетишсиздигин мына ушул цифралар көрсөтүп турат. Мындан бир нече жыл мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мээрман айымдардын Кыргызстандан чет жакка кетип жатканын маалымдаган эле. Ал эми учурдагы жагдай тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы мээрман айымы Бермет Юсупова мындай деди:

- 2008-жылы 3 миң 604 мээрман айым ишин таштаган, анын ичинен 746 Кыргызстандын аймагынан чет жакка чыгып кетишкен. Ал эми Жалал-Абат облусунан эле 589 мээрман айым чет өлкөгө кеткен. Бул өлкөдөгү социалдык, экономикалык абалдын начардыгынан, айлык акынын аздыгынан улам келип чыгууда.

Былтыр медициналык орто кесиптик окуу жайынан 3 миң 334 студент окуусун ийгиликтүү бүтүргөн. Жыл сайын мээрман айымдар квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп турушат. Мээрман айымдарга карата социалдык камсыздоонун төмөн болушу учурда калктын саламаттыгына, жалпы эле медициналык жардам көрсөтүү кызматына жана алардын ишинин сапатына таасирин тийгизбей койбойт.

Ошол себептүү ушул убака чейин медицинада мээрман айымдардын ролу бир топ төмөн. Кыргызстанда медициналык орто кесиптик окуу жайында билим алып жаткан студенттердин көбү окууну бүткөндөн кийин, өз кесиби боюнча иштебей, башка иштерге кетип жаткандар көп болууда дейт Бермет Юсупова:

- Медициналык орто кесиптик окуу жайын бүтүргөндөрдүн көбү өз кесиби боюнча иштешпейт. Айрымдары ишке орношот дагы, бир нече мезгилден кийин ишин таштап кетишүүдө. Көпчүлүгү окууну бүтүп, диплом алгандан кийин эле базарда соода кылышат, же айлык акы көп төлөнүүчү башка тармактарга иштеп кетишүүдө. Анткени жаңы окуусун бүтүп ишке орношкон мээрман айымдардын айлык акысы орточо эсеп менен 1300 сомду түзөт. Ал эми тажрыйбалуу мээрман айымдар айлыкты 2 миң сомдун айланасында алышат. Ушундай айлык акы менен учурда тиричилик кылуу өтө эле кыйын да.

Анткен менен орто кесиптик окуу жайын бүтүрүүчүлөрдүн арасында Кыргызстанда иштегенди каалагандар да жок эмес. Алардын бири Айзада:

- Мен азыр Медициналык орто кесиптик окуу жайынын мээрман айым факультетинде окуйм. Бул кесипти тандап алган себеби - өзүмө бул кесип абдан жагат, кичинекей кезимен эле ушул кесипте иштесем дечүмү. Окууну бүткөндөн кийин Бишкектеги бир хирургиялык бөлүмдө иштегим келет, - деди Айзада.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2010-жылга чейин мээрман айымдардын иши боюнча концепция иштелип чыккан. Анын максаты, адистердин билим деңгээлин жогорулатуу жана калкты тейлөөдөгү мээрман айымдардын ролун жакшыртуу болуп саналат.