Кылтылдап пойуз баратса...

Орусия миграция кызматы тынбай текшерип турат

Кыргызстандын 2,5 миллион ашуун эмгекке жарамдуу калкынын канчасы чет жерде иштеп жүргөнүн так билген киши жок. Расмий маалымат боюнча чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндөр жарым миллиондун тегереги, бейрасмий кабарларга ынансак, миллиондон көп. Экономикалык кризистин айынан алыска иш издеп кеткендердин көбү кайтып келери айтыла баштады эле, бирок да сыртка агылгандардын саны көбөйүүдө.
Миллионбу же анын жарымыбы, иши кылып четке кеткендердин азайып-көбөйүп турчу агымынын так эсебин алыш кыйын жумуш. Сыртка иш издеп барып ал жерде отурук алгандардын саны арбындыгын кыйла эле сопое түшкөн айыл-кыштактардын кейпинен, түндүк менен батышка жөнөгөн поюздардын жык-жыймалыгынан, ал аз келсе чет шаарларда, мисалы Орусиядан мекендештерди кадам сайын кездешүүлөрдөн деле баамдоого болот.

25-майда президент алдында түзүлгөн коомдук палата миграция проблемаларын талкуулаган жыйын чакырып, минтип кризиске карабай эле чет өлкөгө кеткендердин саны арбый берсе Кыргызстандын келечеги кандай болот, суроосунун тегерегинде ой калчанды. Коомдук палатанын комиссия жетекчиси Жаркынбек Касымбеков чет жерде иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 400 миң ашуун кишини түзөрүн, анын теңинен көбү Орусияда, 100 миңдейи Казакстанда, 3,5 миңден ашуун адам Корея Республикасында, Улуу Британия, Чехия, Түркияда эки жарым миңден 600 жүзгө чейин кыргыздар иштеп-окуп жүрүшкөнүн маалым кылды. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча мусапырчылыктын күнүн көрүп жүргөндөр саны 1 миллион ашары айтылып келатат.

Орусиянын Челябинск шаарындагы кыргыз жамаатынын жетекчиси Камбар Пусуров чет эл жарандыгын алуу бир убакта көбөйгөнү менен учурда кыйла эле азайып калганын белгиледи.

- Мына 2007-жылдын 1-январдан тарта Орусияда жараны болбосо базарларда тургузбай койду. Өздөрүнүн базарларында иштетпей коюшту. Ошого байланыштуу ошол жылдан тарта жарандыкты көп ала башташты. Анан тенденцияны айтып атышпайбы, жарандыкты алгандар жылдан-жылга көбөйүп жатат, деп. Бул да туура эмес.

К. Пусуровдун айтуусунда жыл санап орус жарандыгын алгандардын саны азаюуда. Ал ошондой эле Орусияда иштеп жүргөн айрым кавказдык атуулдар кыргыз паспортторун алып алышканын кабарлады. Алдагыдай фактылар аныкталганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын паспорт бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Салтанат Бусурманкулова да ырастап, Каракол менен Кыргызстандын түштүгүндө айрым жооптуу кызматкерлерге каршы кылмыш иши козголгонун айтуу менен чектелди.

Орусияга биротоло отурук алгандарга мүнөздүү дагы бир проблема чыкканын “Замандаш” журналынын бөлүм башчысы Абдыжапар Нурдинов Екатеринбург шаарындагы 149-мектептин мисалында бышыктады.

- Мектепте 610 окуучу окуйт экен. Ошонун 230 кыргыз уул-кыздары экен. Бул жерден мектептин директору ыйлактайт, “айрым класстарда дейт, мисалы, 8-а класста 1 белорус, 2 орус башкасы бүт баары кыргыздар, дейт. Өзүнчө сабакта отуруп кыргызча сүйлөшөт”, дейт.

Орусияда жүргөн кыргыз кыз-келиндеринин арасында төрөгөн балдарын таштап кеткендери көбөйүп кеткенине парламенттин эмгек, миграция, социалдык саясат комитетинин төрайымы Бүмайрам Мамaсейитова токтолду.

- Ошол Орусияга барып алып анын мыйзамын аткарбагандар көп. Биздин элчиликтин маалыматы боюнча 68 адам түрмөдө жатат, дешти. Жаштарыбызды, айрыкча кыздарыбызды бүгүнкү күндө чет өлкөлөргө чыгарбаганга аракет жасашыбыз керек.

Мындай билдирүүгө жооп кылган Миграция жана эмгекке жайгаштыруу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова төрөгөн балдарын таштап кеткендер жолугарын, бирок ал өтөле сейрек кездешерин белгиледи.

- Болгону 34 бала ташталыптыр. 2008-жыл үчүн. Биздикилер ал жердегилердин арасындагы эң акыркы орунду ээлейт. Мен ал балдар ташталган үйлөрдө болдум. Орусия мыйзамынын негизинде таштанды балдар ал жердин жарандары деп эсептелет.

Экономикалык кризис каптап кириши менен миграция агымы азайып, алыска кеткендердин көбү кайтып келиш ыктымалдыгы айтыла баштаган. Азырынча Орусиядан келгендерден ал жакка кеткендер көп болууда. Кыргызстанда болсо коңшу өлкөлөрдөн келгендердин саны арбууда. Жыйында айтылгандай алардын так эсеп-чоту деле жок.