Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Миңдеген мигранттар мекенине кайтабы?


Орус өкмөтү эмгек мигранттарына квотаны 50 пайызга кыскартты. Андан кыргыз эмгек мигранттары да жабыркашы ыктымал. Кыргыз чиновниктери болсо кайрадан Москвага сапар алышууда.

Россиянын өкмөт башчысы Владимир Путин 4-декабрда орус калкы менен түз байланышта эмгек мигранттарына квотаны 50% кыскартууга убада берген. Ал убада бул жумада аткарылып, орус өкмөтү тийиштүү токтом кабыл алды.

Кыргызстандын миграция жана иш менен камсыздоо комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын билдирүүсүнө караганда, бул чечим кыргыз эмгек мигранттарына да өз таасирин тийгизет. Ошондуктан маселени жеринде талкуулоо үчүн ал 12-декабрда Москвага жөнөйт.

10-декабрда болсо Айгүл Рыскулова Социал-демократиялык фракциянын жыйынында ички жана тышкы миграциянын абалы, дүйнөлүк финансылык кризистин таасирин азайтуу боюнча жасап жаткан иши тууралуу маалыматын берди. Комитет төрайымынын маалыматы боюнча, азыркы мезгилде Кыргызстанда 269 миң, же жалпы эмгекке жөндөмдүү калктын 11 пайызы ишсиз. Жумушсуздардын эң көбү Баткенде катталган. Бул региондо жумушсуздар 17%, Нарында 16%, Чүйдө 14% түзөт.

Россиядагы эмгек мигранттары тууралуу Айгүл Рыскулова буларды маалымдады:

- Акыркы маалыматтар боюнча, 253 миң кыргыз эмгек мигранты бар. Булардын ичинен 167 миңи орус жарандыгын алган. Бул сандар тынымсыз өзгөрүп турат.

Айгүл Рыскулова ошондой эле финансылык кризиске байланыштуу эмгек мигранттарынын Кыргызстанга карай массалык кайтуусу жок экенин белгиледи.

Социал-демократиялык фракциянын лидеринин орун басары Иса Өмүркулов Айгүл Рыскулова жетектеген комитетти, жалпы эле өкмөттү антикризистик программасы жок деп айыптады:

- Бүгүнкү күндө өкмөттө антикризистик программасы жок. Анткризисттик программа деген эмне? Бул өкмөт тарабынан иштеп жаткан ишканаларды колдоо болуп саналат. Мисалга алсак, мына Канттагы цемент-шифер заводу жабылып, жумушчулар иштен белгисиз мөөнөткө бошотулууда. Ага биздин өкмөт тарабынан эч кандай жардам каралган жок.

Өз кезегинде Айгүл Рыскулова Канттагы заводдун убактылуу токтошун Казакстандагы ипотекалык кризистин айынан курулуш төмөндөп, цемент, шиферге талап азайып кетиши менен байланыштырды.

Социал-демократиялык фракциянын дагы бир мүчөсү Мурат Жураев Кытайдан келген эмгек миграциясы көзөмөлдөнбөй, алардан иштегени үчүн мамлекет акы албай жатканын козгоду.

Миграция жана жумуш менен камсыздоо комитетинин төрайымы ага карата мындай маалыматтарды жооп иретинде келтирди:

- 2008-жылдын 9 айындагы чыгып-кирүүлөр боюнча Чек ара кызматынын расмий маалыматы боюнча Кытайдын 36 миң 763 жараны Кыргызстанга келип, 31 миң 211и чыгып кеткен. Дагы баса белгилей турган нерсе, Кыргызстан чет өлкөнүн жараны ишкерлик кылуусу үчүн 20 миң сом, кызматкер үчүн 2 миң акча алган жалгыз өлкө.

Миграция жана иш менен камсыздоо комитетинин эсеби боюнча, Россиядагы жүз миңдеген кыргыз мигранттары массалык түрдө Кыргызстанга кайтпайт. Анын үстүнө Россиянын Татарстан, Башкирия жана башка субъекттери эмгек мигранттарына муктаж болуп, өздөрүнүн суроо-талаптарын жиберүүдө.

Эгерде Россиянын кайсы бир борбордук регионунда эмгек мигранттары жумуштан кыскартылып калса, аларды Россиянын башка региондоруна багыттоого аракеттер жасалып жатат. Ошол эле мезгилде 100 миң мигрант кайтса, аларды мекенинде жумуш менен камсыздоо мүмкүн болбой каларын Айгүл Рыскулова белгилей кетти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG