20-февралда Бишкекте алгачкы ирет шайба хоккейи боюнча мелдештер башталат. Көп жылдык тыныгуудан кийин Кыргызстанда кайрадан хоккей оюну жандана баштады.
Хоккей мелдешин өткөрүүгө өлкөнүн хоккей федерациясынын, Бишкек шаардык спорт комитетинин, демөөрчүлөрдүн жана ушул оюнду сүйүүчүлөрдүн колдоосу менен камылгалар көрүлдү. Бишкектин биринчи чемпионатында Нарындын “Алатоо-Дордой” , Ысык-Көл облусунун жана Жумгал районунун тандалма командалары менен жаңы уюшулган Бишкектин командасы беттешет.
Ушул хоккей командалары Бишкектеги жаңы ачылган “Шаардык муз айдыңында” эки күн мөрөй талашат. Бишкектеги мелдешти көрүп, хоккейчилерди сүрөөнгө алуу үчүн Орусия, АКШ өлкөлөрүнүн элчилери, “Манас” аба майданындагы антитеррордук коалициянын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган 500дөй күйөрман расмий чакырылды.
Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун айтымында эгемендүү өлкө болгондон бери Бишкектеги биринчи күч сынашуу бул оюндун борбордо жайылышына өбөлгө болуп, хоккей спорт ийримдеринин ачылышына себепкер болмокчу:
- Бизде хоккей ойноо үчүн бардык шарт бар. Мурда “Алтын шайба” аттуу мелдеш ар жыл сайын өткөрүлүп турчу. Учурда Жумгалда 7-8 жылдан бери Эркинбек Матыевди эскерүү турнири өткөрүлүп жүрөт. Биз бул оюнду колго алып, жайылтып, жакшы саамалыктарды колдоого алуубуз керек. Ал түгүл Орусияда өткөн биринчиликке дагы катышып келген балдар болгон.
Эки күндүк таймашуунун жүрүшүнө кеңеш доорунда Орусиянын спорт клубдарында хоккей ойногон Арстанбек Шамурканов баштаган калыстар көз салышат. Анын айтымында калыстар хоккей оюнунун эрежелерин жакшы билишет. Себеби калыстар буга чейин Жумгалда, Чолпон-Ата, Нарын шаарларында өткөрүлгөн хоккей мелдештерине калыстык кылышкан.
Жогорку Кеңештин депутаты, өлкөнүн көкбөрү федерациясынын президенти Аскар Салымбековдун айтымында Бишкекте муз аянттары курулгандан бери хоккей оюнуна кызыккан балдардын саны өсүүдө. Ошондой эле дагы эки муз айдыңы курулмак болду. Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
-Каракол, Нарын шаарларында, айрым айылдарда хоккей оюну кайрадан жандана баштады. Эмне үчүн Азиянын кышкы оюндарына, эл аралык мелдештерге өлкөнүн тандалма командасын баштап барууга болбосун!? Азия өлкөлөрүнөн Кытай, Корея, Жапан, Казакстан мамлекеттеринде гана хоккей өнүккөн. Алар менен биргелешип машыгып, тажрыйбасын үйрөнүп, кыргыз жигиттери тең ата таймашка чыгып, чеберчилигин өстүрүүгө мезгил жетти.
Бишкекте эл аралык талаптарга ылайык шаардык муз аянты курулгандан бери хоккей ойноо ыкмаларын үйрөнүүгө дилгир жаштардын саны өсүп баратат. Ошондуктан өлкөнүн хоккей федерациясынын демилгеси менен март айында Кыргызстандын чемпионатын өткөрүүгө азыртан камылгалар көрүлүп, даярдык жүрүүдө.
Кеңеш доорунда балдар арасында хоккей боюнча да «Алтын шайба» мелдештери өткөрүлүп турчу. Эгемендүү болгондон бери кышкы спорт түрлөрүнүн деңгээгли төмөндөп, көңүлдөн чыгып кеткен. 7-8 жылдан бери жумгалдыктардын демилгеси менен хоккей оюну жанданып, жылдан жылга кулачы жайылып баратат.

- Хоккей оюну 16-17 кылымдарда Голландияда пайда болуп, кийин англиялыктар ойноп, Европага тараган.
- 1886-жылы канадалыктар шайба менен ойнолчу хоккейдин эл аралык эрежесин иштеп чыгышкан.
- 1893-жылдан бери Канадада расмий турнир өткөрүлүп, 1899- жылы Монералда 100 миң орундуу биринчи жабык хоккей сарайы курулган.
- 1908- жылы хоккейдин Эл аралык Лигасы түзүлгөн.
- 1947- жылы Чехиянын Прага шаарында шайба хоккейи боюнча биринчи дүйнө чемпионаты өткөрүлгөн.
- 1998- жылы гана Жапониянын Нагано шаарында хоккей олимпиадалык оюндарга кабыл алынып, АКШнын тандалма командасы алгачкы чемпион аталган.
- Кыргызстанда хоккей оюну 1970-80- жылдары кулач жайган. Өлкөнүн биринчилиги Каракол, Миңкуш, Бишкекте өткөрүлүп турган.