Түрк кардиохирургдары Бишкекте

Бүгүнтөн тарта түрк профессору Барабарос Докмачинин жетекчилиги менен түрк кардиохирургдары 40 ка жакын кыргызстандыктын жүрөгүнө бекер рентгенэндоваскулярдык операцияларды жасап баштады.

Негизи Кыргызстанда жылына 10 миң адам жүрөгүнө операция жасатууга муктаж болот. Мүмкүнчүлүктүн чектелүүлүгүнөн жылына 800-900 оорулууга гана жүрөк операциясы жасалууда.

Бүгүн Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо Улуттук борборунда түрк кардиохирургдары өздөрүнүн рентгенэндоваскулярдык хирургиядагы алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Рентгенэндоваскулярдык хирургияда жүрөк ачылбай эле, катетердин жардамы менен кан-тамыр аркылуу жүрөккө таасир этилет.

Түрк дарыгерлери менен бирге Түркияда 20 жыл убакыттан бери өзүнчө жеке кардиохирургиялык борбор ачып иштеп жаткан кыргыз кардиохирургу, медицина илимдеринин доктору, медицина боюнча Евразия өнүктүрүү фондунун жетекчиси Талант Батыралиев да болууда.

Аталган институтта операцияга даярдалып жаткан 40 жаштагы Асанова Чачыкей айымга 2-3 күндүн ичинде операция жасалат. А негизи ага жүрөктүн тубаса кемтиги деген диагноз 1985-жылы эле коюлган экен:

- Алты балам бар. Андай деле энтигип ооручу эмесмин. Эки-үч жылдан бери оорум күчөп, быйыл жазда бул институтка кайрылгам. Дарыгерлер операцияга буйрушту. Бирок мен өзүмдүн “жүрөктүн тубаса кемтиги менен” оорурумду 1985-жылы эле билген болчум. Оорубаганыман быякка келбей эле жүрө бердим да.

Борбордук Азияда Кыргыз кардиокызматы толгон-токой жетишпестиктерине карабай, аймактагы башка өлкөлөрдүн кардиокызматынан алдыда. Эгер өлкөдөгү кардиологиялык жана кардиохирургиялык кызматтар биримдикте иш алып барышса, ийгиликтерибиз мындан да артмак, эң башкысы элибиздин саламаттыгы жакшырмак деген пикирин айтты жыйында Талант Батыралиев:

- Жалпыбыздын дартыбыз – жалпыбыздын проблемабыз экенин туюшубуз керек. Элди айтпай эле коелу, медиктердин арасында Кыргызстанда жүрөк хирургиясы институту бар экенин билбегендер көп экен. Биримдиктин жогунан хирургиялык кийлигишүү эчак зарыл болгон көптөгөн оорулуулар 10 жылдап кардиологдордун колунда дарыланып жүрө беришет тура. Токтоосуз операция зарыл болуп калганда, алар ошондо оорулууну кардиохирургдарга жөнөтүшөт. Бул учурда кеч болуп калган болот да, кардиохирургдар албетте операциядан баш тартышат. Андыктан сиздерди биримдикте болууга, ассоциацияга биригүүгө чакырам.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу Улуттук борборунда өткөн эл аралык жыйынга Кардиология жана терапия улуттук борборунан жана аймактардан адистер катышты. Айрыкча айыл эли адистерге жүрөккө операция жасатуу мөөнөтү өтүп кеткенде, кечигип келишүүдө.

Албетте кезек чоң болгонуна карабай, жардам чукул зарыл болгон оорулууларга эң биринчи жардам көрсөтүлөт. Бирок адистердин пикиринде жүрөк операциясына кезектин чоңдугу да, Кыргызстанда жалпы өлүмдүн жарымын ушул жүрөк кан тамыр дарттарынан келип чыккан өлүм түзүп жатканы да – келип эле соңку заманбап техникалар менен жабдылган Жүрөк хирургиясы институтунун жоктугунда болуп жатат.

Эгер бул борбор курулуп калса, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборунун директору Калдарбек Абдрамановдун айтымында жылына жүрөк оорулуу 5000 адамга операция жасоого мүмкүн болмок:

- Биздин институтта операциялардын да, тек дарылап айыктыруунун да 10-15 пайызы гана аткарылууда учурда. Жүрөк хирургиясы институтунун мекемеси да тар жана техникалык жабдыктар да негизинен баары эски. Мисал келтирейинчи, Казакстанда мындан 5-6 жыл мурун эле жаңы заманбап жабдыктар менен жабдылган 14 кардиохирургиялык борбор курулду. Ал эми Орусияда мына ушундай кардиологиялык 70 борбор курулду кийинки жылдары. А бизде бирөө да жок.

Ошондой эле Калдарбек Абдрамановдун пикиринде Кыргызстанда жаш кардиохирургдарды даярдоо деңгээлинде эмес, андыктан бул маселени да чукул колго алуу зарыл.