Ооруган ажылар алгачкы авиакаттам менен келет

Кыргызстандык ажылар түшкөн алгачкы авиакаттам Саударабстандын Жидда шаарынан 3-декабрь күнү Кыргызстанга карай сапар алат.

Биз бул жолу адегенде Кыргызстандын Мекедеги ажылык штабынын мүчөсү Рахматулла-ажы Эгембердиев менен сүйлөштүк телефон аркылуу:

- Рахматуулла-ажы, мына бүгүн 2-ноябрь, саат 15.00гө жакындап калды Бишкекте. Мекедеги соңку кабарларды ортого салсаңыз?

- Мекедеги штаб дагы эле иштеп жатат. Ажыларыбыз да дээрлик Мекеде. Эки гана ажылык топ бүгүн Мединага сапар алууда. Бишкектен келген бир чоң топ эртең учак менен Кыргызстанды карай кеткени турат.

- Кайсы шаардан, саат канчада чыгат авиакаттам?

- Жидда шаарынан эртең мененки тогуздарда учат. Бирок Саударабстандын талабы боюнча, он саат мурда аэропортто болуулары керек. Ал эми калгандары алдын-ала түзүлгөн жадыбал боюнча 19-декабрга чейин уча беришет.

- Мекеден Жиддага чейин автоунаа менен канча сааттык жол?

- Бир эле сааттык аралык.

- Ал эми кыргызстандык ажылардын ден-соолуктары кандай? Баягы бир киши каза болгондон кийин жоготуулар болбодубу?

- Кудайга шүгүр, быйыл мурдагыдай оор жоготуулар болгону жок. Жеңил өттү ажылык. Беш-алты аксакал ооруп калды эле, дароо ооруканада дарылаттык. Быйыл арабдар дарылоо жагына да аябай көңүл бурушуптур. Эми ошол ооруган ажыларыбызды жанагы 1-авиакаттам менен кетирели деп белеттерин алмаштырып жатабыз. Штабдын автоунаалары менен учак учаарда гана алпарып салалы деп жатабыз.

- Учак бийиктикке көтөрүлгөндө ден-соолуктарына таасир этпес бекен?

- Биз менен кошо Кыргызстандан келген дарыгерлерибиз уруксат берип атышат. Эч нерсе болбойт деп кепил болуп атышат. Көпчүлүк ажыларыбыз Мухаммед пайгамбарыбыздын кабыры жаткан, а кишинин мечити орун алган ыйык Медина шаарына бара элек – зыярат кылып. Бир аз күндөрү эс алгандан кийин Мединага жөнөшөт. Кетээринде ошо Мединадан Жидданын аэропортуна өтүшөт.

- Рахматулла-ажы, автоунаа менен да кыргызстандыктар ажыга барганы ырасталууда. Алар менен штаб иштештиби?

- Алар да бул жерге келип жайгашышкан. Сыртта калтырган жокпуз. Жатаканалардан орун алуусуна биз жардам бердик, ырас алар Кыргызстандан келгенден кийин.

- Алардын визаларына кызыктыңыздарбы? Визаны кайдан алышыптыр?

- Ачык эле айтайын, алардын визаларында катачылыктар бар. Биз менен келген атайын кызмат адамдарына документ көчүрмөлөрүн бердик. Эми Кыргызстанга барып териштиришет.

- Кыргызстандын атынан башка өлкөлөрдүн жарандары барганын байкабадыңыздарбы? Абдулла Юсупов деген укук коргоочу визалар тажикстандыктарга, түркиялыктарга берилип кетиптир деген маалымат таратып жүрөт.

- Абдулла Юсупов өзү Президенттин жакын адамдарынын атын сатып айрым иштерди жасагандыгын ошо автоунаа менен келген зыяратчылар саймедиреп айтып атышат. Аябай нааразы ага.

Андан кийинки телефон-маегибиз Ырысбек-ажы Суран уулу менен уланды. Андан биз быйылкы ажылыктын өзгөчөлүгүн, таасирин сурадык:

- Быйыл ажыга келгендерге Жараткан тарабынан ушунчалык бир сонун шарт түзүлдү. Биз жаңыдан ихрамды кийгенде жаан жаап, натыйжада Арафатта дагы, Муздалифада дагы, Минада дагы салкын болду аба ырайы. Саударабстандын мээ кайнаткан ысыгын сезишпеди деле зыяратчылар.