Февралда сасык тумоо күчөшү мүмкүн

Кыш мезгили ортолоп калган учурларда, өзгөчө февраль айында сасык тумоо күчөшү мүмкүн. Дарыгерлердин айтымында, ооруну алдын алуунун бирден бир жолу - өз учурунда эмдөө жасатуу.

Бишкек шаарынын тургуну Жыпар Алыбаева тумоологонуна 20 күн болсо да, дарыгерге кайрылбай өз алдынча дарыланып жүрө берген. Акыры жөтөлү басылбай көкүрөгү ооруй баштаганда гана дарыгерге келүүгө аргасыз болгон:

- Өзүм билген дарыларды ичимиш болдум. Анан лимон менен балды аралаштырып жеп да көрдүм. Жылыш болгон жок. Башында өтүп кеткендей болгон. Бирок жөтөлүм кууратып жиберди.

Терапевт Уулман Нарынбетова жыл сайын бул илдеттин формасы өзгөрүп тураарын белгилейт. Мисалы өткөн жылы тумоо көбүнчө тамак оору менен коштолуп келсе, быйыл мындай өзгөчөлүк байкалбайт.

Дарыгердин айтымында, илдет негизинен жаңы жылдан кийинки учурда күчөйт. Быйыл февраль айында оору күчүнө кириши мүмкүн. Ошондуктан жыл сайын күз айларында оорунун алдын алуу үчүн эмдөө башталат. Эмдөө элдин каалоосуна жараша жасалат.

-Эмдөө туурасында биз баарына эртелеп эле эскерте баштайбыз. Көптөрү келип алганга аракет кылышат. Эмдөөдөн кийин организмдеги иммунитет көтөрүлүп, бул вируска туруштук бере алат. Ооруп калып кыйналып дарылангыча, оорунун алдын алып койгон жакшы да.

Эмдөө керек деп айтылганы менен көпчүлүгү соо жүргөн учурда атайы барып аны жасатууну ойго албайт. Илдетке чалдыккан Жыпар деле эмдөөнү эртелеп жасатууну билгени менен ага атайын убакыт бөлүп барууга чыгынган эмес:

-Көпчүлүгү үй шартында элдик табыпчылыктын ыкмаларын пайдаланууга аракет кылышат. Мисалы, иттин майын жөтөлгөндө ичип жатышат. Андай нерселер организмге жат келет. Башка органдарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андан көрө алдын ала же оору башталар замат дарыгерге кайрылса жыйынтык болот да, - дейт дарыгер Уулман Нарынбетова.

Эмдөө алты айдан жогору балдардан тартып чоң кишилерге жасалат. Вакцина алууга дарыгерден каршы көрсөтмө жок болсо, ага уруксат берилет.

Врач-эпидемиолог Бактыгүл Исмаилова адатта эмдөө жасалгандан кийин вирустун ошол түрүнө иммунитет 3-4 жуманын ичинде иштелип чыгаарын билдирет:

-Мисалы декабрда эмдөө жүргүздүк. Эми сасык тумоо февраль айында күчөйт деп айтылып жатат. Демек январь айынын баш жагында да эмдөө иштерин жүргүзүп алсак, ошол учурдагы тумоонун толкунуна туруштук берип, коркунучсуз чыгып кете алабыз.

Анын айтуусунда, февраль айында А жана Б тибиндеги тумоо таралышы мүмкүн. А тиби илдеттин башка түрлөрүнө караганда оорураак келет.

Быйыл республикалык иммуннопрофилактикалык комитет “Инфлювак” аттуу вакцинасынын 4800 дозасын, саламаттыкты сактоо министрлиги 1500 дозасын сатып алды. Бул вакциналар медицина кызматкерлеринин өздөрүнө, ооруга чалдыгуу коркунучу жогору жайларда жашагандарга, 5 жашка чейинки балдарга жана кары адамдарга акысыз жасалат. Ал эми жеке фирмалар тарабынан республикага 3 минден ашык доза вакцина алынган. Каалоочулар үчүн анын баасы 600 сомдон ашык турат.

Эскерте кетсек, бул оорунун алдын алуу боюнча эмдөө иш чара Кыргызстанда 2000-жылы башталган.