Тоо болуп үйүлгөн көмүр күкүмдөрү менен чаңын умаштап көмүр отун жасоо усулу өнүккөн өлкөлөрдө кеңири жайылган. Көмүр брикетин жасоо Кыргызстанда да колго алына баштады. Экологиялык таза отун жасоонун жол-жобосун айтып берүүнү өтүнүп кабарчыбыз Бекташ Шамшиев белгилүү ишкер Манап Карчыгаевди сөзгө тарткан.
- Манап мырза, айтсаңыз, көмүрдүн күкүмү менен чаңын умаштап андан жакшы отун жасоо усулун качан баштадыңыз? Ошол жөнүндө айта кетсеңиз, бул ишке кандайча киришип калдыңыз?
Манап Карчыгаев: - Социализм ураганы биздеги көмүр өнөр жайы толук кыйроого учурады десек болот. Шахтыларды иштетүүгө биздин өлкөнүн буямасы келбей жатат. Анан ошол шахтыларда, көмүр саткан жерлерде үйүлгөн көмүр күкүмдөрүн пресстеп брикет жасоо ушу таптагы көмүрдүн баасынан арзанга түшүүдө. Бул жагынан элге жакшы эле болот. Үйүңүн жанына 4-5 тонна көмүр түшүрүп, чаңга аралашып, чаң жутуп аны күндө мешке жагып отуруу иши кыйла таза болуп калат. Умашталган көмүрдү антип чаңга батпай эле ак мээлей дебейин бирок колду булгабай эле таптаза жагасың. Тазалыгы бар. Отундун табы ошол эле көмүрдүн табындай. Анан да мындан күл аз чыгат. Мына Бишкек ТЭЦинин лабораториясы текшерип бүтүмүн чыгарып берди. Көмүрдүн ышы трубага жабышып калбайт.
- Ушу тапта канча ошол умашталган көмүр чыгарып жатасыз? Анан да ошол брикеттелчү көмүргө жетиштүү сырье барбы?
Манап Карчыгаев: - Менин максатым ошол күкүмдөрдү умаштай турган материалдарды табыш болчу. Андай материалдарды таптык. Биз Польша технологиясын пайдаланып көмүр күкүмүн кирпич кылып чыгарууга жетиштик. Салмагы 2,5 килограмм. Бирок бул оор болуп калат экен. Биз ошол эле ТЭЦтин лабораториясынан алгачкы брикет көмүрдү анализден өткөрттүк. Таптуулугун текшерттик. Алардан уруксат алгандан кийин өткөн жылы “Учкун” турак-жай зонасында бир жерди ижарага алып ошол жерде чыгара баштадык. Анан сата баштадык. Эл сатып алып жагып жатышат. Баасы жөнөкөй көмүрдөн кыйла арзан. Бир тоннасы 1700 сом. Көмүрдүн күкүмүнүн тоннасын 500 сомдон сатып алдык. Проблема албетте, умашталган көмүрдү жеткирүүгө байланыштуу болууда. Өкмөт азыр ошол брикеттелген көмүргө өтүүнү айтууда. Башка өлкөлөр буга мурда эле өтүшкөн. Германия мисалы, 2-дүйнөлүк уруштан кийин баштаган. Түркия, Кытай. Биздин тоолуу өлкө бүт баарын эле электр менен газга өткөрүп коюшу кыйын. Ошондуктан айыл жерплери көмүр менен оокат кылышат.
- Таңгакталган, жумгакталган же умашталган дейбизби ушул көмүр күкүмүнө мазуттан башка эмнелерди кошосуз?
Манап Карчыгаев: - Жөнөкөй көмүр жагылганда зыяндуу ис газы бөлүнүп чыгат. Биз болсо көмүрдүн күкүмдөрүнө биологиялык гана заттарды кошобуз. Жакканда ис газы бөлүнүп чыкпайт. Биологиялык желим, жыгачтын кырындысы - опилка кошулат. Анан бор кошулат. Анан иштетилген машиненин мотор майларын кошобуз. Ал деле биологиялык зат болуп калат. Мазутту пайдаланабыз. 7 кошулма менен аралаштырылып, пресстелет да кургатууга берилет. Отун 2 жылга чейин үбөлөнүп кетпей тургандыгы жөнүндө кепилдик берилет. Анан эми отунду кирпич сыяктуу кылбай, майдалап бөлүп чыгарганы жатабыз. Ошондой отун чыгаруучу жабдуулар Ташкөмүр, Кызыл-Кыя, Кара-Кечеге коюлмакчы. Кытайлык адистер жабдууларды орнотуп, адистерди үйрөтүп, отундун биринчисин чыгарып коюп анан кайтып кетишет.
- Өндүрүштүн кубаттуулугу канча? Умашталган көмүрдүн канча тоннасын чыгара аласыз?
Манап Карчыгаев: - Биздеги чоң проблема – ташып келүү. Ошол кыйын болууда. Заводду шахтылардын жанына, тоо-тоо болуп үйүлүп жаткан жерлерге коеюн деп жатам. Үйүлгөн көмүрдүн чаңы экологияны бузууда. Сууга кошулуп, ылайга аралашып көрктү кетирүүдө. Максат – калдыксыз өндүрүштү жолго коюу. Мурунку технология боюнча кечке чейин 20 тонна көмүр чыгарчу болсок жаңы жабдуулар орнотулгандан кийин алар саатына 20 тонна чыгарууга жөндөмдүү. Ошондо бир эле станок күнүнө 100 тоннага чейин көмүр чыгара алат.
- Манап мырза, бул жаатта иштегендер, сизге атаандаш чыккандар көппү?
Манап Карчыгаев: - Биз жаңыдан чыгара баштаганда Балыкчыдан балдар келишти. Алар 2-3 жылдан бери ушул боюнча иштеп жатышыптыр, бирок көмүр күкүмү жумгакташпай, умашталбай жатканын айтышты. Казакстандан келишти, ушул технологияны 25 миң долларга саткыла, деп келишти. Биз сатканыбыз жок. Бул иште мен жалгыз эмесмин, Мурат, Камбар, Турат деген жолдош балдарым менен чогуубуз. Азыр Орусиялык кредиттен алыш үчүн конкурска катышып жатабыз.
- Үйүлүп жаткан көмүрдүн болжолдуу запасы канча экенин тактай алдыңыздарбы?
Манап Карчыгаев: - Экономикалык өнүгүү министрлигинин эсебинде 242 миң тонна көмүр бүгүнкү күндө жатат. Кара-Кеченикин эсептеген киши жок. Ал жерде чоң-чоң көмүрлөрдү алып, күкүмүн ылайга аралаштырып таштап кетип жатышпайбы. Бизде көмүрдү кылдат казып алуу жоголбодубу, эптеп үстүндөгүсүн алып, каймагын калпып алып жолго түшмөй. Таш-Көмүр менен Тегенеде ошондой эле болуп атпайбы. Союз убагында баары көзөмөлдөнүп турчу. Көмүрдү кытайлар топуракка кошуп да чыгарышат. Бирок топурак күйбөй калып калат. Ага кытайлар химиялык кошулмаларды кошушат. Бирок анын зыяны көп.
- Манап мырза, ырахмат сизге!