Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

АПТА: КОРРУПЦИЯ, ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КРИЗИС, БШК ЖАҢЖАЛЫ...


Өтүп бараткан жума Борбордук шайлоо комиссиясынын эми мурунку төрайымы Клара Кабилованын жаңжал менен кызматтан кетүүсү, коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстандын артка кетишинин жарыяланышы жана парламентте өкмөттүн энергетика, кышка даярдык боюнча маалыматы менен коштолду.

Кабилова жаңжалы кайда алпарат?

Бул жумада Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй жаңжалдуу окуя болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова президенттин баласы Максим Бакиевдин кысымынан жана коркутууларынан кызматын таштап, өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгонун видеокайрылуу аркылуу жарыя кылды. Видеокайрылууда Кабилова Максим Бакиев тарабынан кордолгонун, кысымга алынганын, өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн коркуп жатканын айтып, коопсуздугун камсыз кыла албаган президентти айыптаган.

Клара Кабилованын кайрылуусун оппозиция жума күнү жарыкка чыгарды. Бийлик кайрылуу жараткан жаңжалды ырбатпай ошол эле күнү жапкандай болду. Маселен, Кабилова президент жардыгы менен заматта кызматынан бошотулуп, анын ордуна төраганын милдетин аткаруучу болуп Дамир Лисовский дайындалды. БШК мүчөлөрү Кабилованы ар кандай кемчиликтер үчүн жабыла айыпташып, аларга кимдир-бирөөлөр тараптан кысым болбогонун билдиришти.

Парламентте Кабилованын жаңжалын алып чыгууга төрага Айтибай Тагаев жол берген жок. БШКнын төрайымынын кайрылуусу жөнүндө сөз козгоого аракеттенген социал-демократиялык фракциянын депутаттарынын микрофонун төрага дароо өчүрүп жатты.

Максим Бакиев да андай айыптоолорду четке кагып жатканын Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди:

- Мен Максим Курманбекович менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Анан мен ага айттым, эмне үчүн мындай болуп жатат, сиз Кабилованы коркуттуңуз беле, эгерде коркутсаңыз анда бул мыйзамга туура келбейт дегент мааниде суроо салдым. Максим Курманбекович мага “эч кандай андай сөз болгон эмес. Менин коркутканга акым жок. Мен чалган эмесмин. Сүйлөшкөн эмесмин. Мунун баары калп” деген жоопту узатты.

Бийлик саясий жана укуктук жактан жаңжалды басууга ушундай жол менен жетишкендей болду. Бирок анын моралдык зыяны, соккусу бийлик үчүн жеңил болбосу байкалып турат. Ал эми бетин чиркөө баскан бийлик Акаевдей коомдон четтей баштаары турган иш.

Андан сырткары бул окуя менен оппозициянын “Кыргызстанда жаңы үй-бүлөлүк башкаруу орноду” деген билдирүүлөрү тастыкталып олтурат. Мамлекет башчысына келген алгачкы жылдары Курманбек Бакиевдин “эл ичинде сөз болбосун деп Максимди чет өлкөгө жөнөттүм. Мамлекеттин ишине жакындарымды аралаштырбаймын” деген сөзү чындыктан алыстаганы айгине болуп турат.

Клара Кабилова менен болгон окуя саясий күрөштү ого бетер курчутпай койбойт. Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылы окуя боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылып, Курманбек Бакиевдин президенттик кызматта калууга моралдык акысы жок экенин билдирди.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Клара Кабилова менен болгон окуя үй-бүлөлүк башкарууну далилдеди деп эсептейт:

- Бул саясий оппоненттерди, бийликке каяша кылган адамдарды бийлик куугунтуктап жатат дегенге да далил болуп жатат. Бизде сот көз каранды эмес, басым көрсөтүү жок дегендердин калп экендигин, өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатканын көрсөтүп жатат. Бул нерсе - эч кимден коркпой калгандыктын да белгиси. Болбосо бул маселелерди башка жолдор менен чечип, Кадырбековго тоскоол кылып койсо болмок.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, Клара Кабиловага байланыштуу окуя мамлекеттин абрюна да доо кетирет:

- Мамлекеттин аброюна терс таасирин тийгизет. Кандай болгон бул окуяга күндө да укуктук мамлекеттин негизинде баа берилиш керек. Андан сырткары моралдык жактан бийликке эле мамлекет үчүн да жакшы эмес. Бул маалымат сыртка да тарайт. Мамлекет үчүн кейиштүү нерсе.

Оппозиция азыркы кезде Клара Кабилованы катуу коргоп жатат. Бирок кызыгы, буга чейин оппозиция Кабилованы 2007-жылдагы парламенттик шайлоону бурмалаган деп айыптап, аны кылмыш жообуна тартуу маселесин койгон эле. Албетте, оппозиция эми Кабиловадан экинчи кадамды күтүп жатат, ал 2007-жыл декабрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары кандайча бурмаланганын ачыктоо маселеси. Ал эми Кабилова шайлоо кандай жыйынтыкталганын, эмне себептен анын жыйынтыгы ушул кезге чейин ачык жарыяланбаганын жакшы билет болуш керек.

Саясий жаңжал чыккан күнү пермьер-министр парламентте болду

Мына ушундай чуулгандуу жаңжалдын коштоосунда жума күнү парламентте өкмөттүк саат болду. Премьер-министр Игорь Чудинов жана өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков депутаттарга кышка даярдык боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Премьер-министр Токтогул суу сактагычындагы абалды мындай сүрөттөдү:

- 25-сентябрга карай Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 620 миллион куб метр суу жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 миллиард 100 миллион куб метрге аз. Биз кыш мезгилинде сууну үнөмдөп, 2009-жылдын апрель айына карай 6 миллиард 100 миллион куб метр сууну сактап турушубуз керек, - деген Игорь Чудинов жетишпеген электр энергиясын Түркмөнстан, Россия жана Казакстандан сатып алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканын, Казакстан менен макулдашууга жетишилип, 250 миллион килловат саат электр энергиясы сатылып алынарын билдирди.

Жылытуу сезону башталаар менен элге электр энергиясы туруктуу бериле баштаарын министр Балкыбеков билдирди. Демек Токтогул суу сактагычындагы суу кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен камсыз кылууга жетеби?

Жогорку Кеңештин отун-энергетика комитетинин мурунку төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, кыштан үзгүлтүксүз чыгуу үчүн Токтогул суу сактагычында кеминде 11 миллиард куб метр суу болуш керек. Ошондуктан азыркы 9 миллиард 620 миллион куб метр суу менен ГЭСтердин токтоп калуу коркунучу бар:

- Андай коркунуч реалдуу. Ошон үчүн бүгүнкү күндө чыракты өчүрүшүп, үнөмдөөгө аракет жасап жатышат. Андан сырткары Бишкек ТЭЦи бар. Бирок ал ремонттон толук өткөн эмес. ТЕЦти энергетикалык режимде иштетүү үчүн көп көмүр керек.

Жогорку Кеңештин депутаттары кышка даярдык боюнча премьер-министрдин маалыматын эске алышты. Бирок негизги сын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековго тийди. Маселен, социал-демократиялык фракциянын лидери Бактыбек Бешимов Кыргызстан энергетика системасындагы баш-аламандыкты жана коррупцияны Балкыбековдун ысмы менен байланыштырды.

“Дуинг бизнестеги” ийгиликке көө сүрткөн “Трэнсперенси интернешнл” уюмунун отчету

Бул жумада көңүл бурган дагы бир нерсе - “Трэнсперенси интернешнл” уюмунун дүйнө мамлекеттериндеги коррупциянын деңгээли боюнча жылдык отчетун жарыялашы болду. Эгерде өткөн жумаларда Дүйнөлүк банк “Дуинг бизнес” боюнча кыргыз бийлигин кубантып, ишкерликке жол ачуу боюнча жасалган иштерди жогору баалап, Кыргызстанды реформатор өлкөлөрдүн катарына кошсо, “Трэнсперенси интернешнл” уюмунун отчету андай кубаныч тартуулабасы турган иш.

Анткени ал отчетто Кыргызстанда коррупция 2007-жылга салыштырмалуу күчөгөнү белгиленген. Эгерде өткөн жылы Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 150 орунда турса, быйыл 166 орунга түшүп, Өзбекстан, Түркмөнстан, Зимбабве менен катарлаш болуп калган.

Кыргызстанда коррупциянын күчөгөнү иликтөөсүз эле байкалып турат дейт “Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев:

- Негизи коррупциянын күчөп кеткенин эл эч кандай иликтөөсүз эле айтып берет. Бул жерде иликтөө жүргүзгөн институттарга ишеним көрсөтөбүз, көрсөтпөйбүз деп каадалангандын да кереги жок. Ток этер жери - коррупция күчөдү. Аны баарыбыз билебиз. Карапайым эл билет, баарыбыз билебиз.

Расмий бийлик жогорку деңгээлде коррупциянын жоюлганын, бюджеттин эки эсе өсүшү ага далил болуп жатканын айтып, бирок төмөнкү деңгээлде коррупция бар экенин мойнуна алып келет.

Россияга болот, Кыргызстанга болбойбу?

Кыргызстан мына ушинтип ичтен кайнап жаткан убакта сырткы саясатта да жеңил-желпи эмес кырдаал түзүлүп турат. АКШ менен Россиянын мамилесинин курчушун пайдаланган Москвага жакын күчтөр Бишкек эки тараптын бирин тандаш керек, ошондой мезгил келди деп дембе-дем айта баштады. Бул маселе өткөн жумада болгон Кыргызстандагы орустардын курултайында да көтөрүлгөн эле.
Бирок, бул жерде Кыргызстан “бир жагын тандаш керек” дегендер Россия өзүнүн Европа жана АКШ менен мамилесин оңдоого умтулуп жактанын айтпай жатышат.

Россиянын президенти Дмитрий Медведев да, премьер-министр Владимир Путин да Россия Батыш менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, ошол эле Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө аракетин уланта берерин бир нече ирет ачыкташты.

Мындай шартта Кыргызстан бир жагын тандаш керек деп кыйкыргандар, эмне үчүн Бишкектин Батыш менен да, Россия менен дурус мамиледе болушун ыраа көрбөйт? Бул суроого саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай жообун берди:

- Бул абдан маанилүү суроо болуп жатат. Россиянын басымы - бул тышкы саясатыңар Москва аркылуу жүргүзүлүш керек дегенди билдирет. Бул атайын адамдар аркылуу, Россияга умтулган, ошолордун саясатын колдогон адамдар менен атайын маалымат жыйындарын, тегерек столдорду уюштуруп, жалпы аң-сезимге ушундай таасир этүүгө аракет жасалып жатат. Азыркы Россиянын өзү көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүп жатат. Түштүк Осетиядагы, Абхазиядагы жасаган иштерине карабай эле Россия Европа менен мамилесин түзөгөнгө аракет жасап жатат. Анткени Европанын технологиясын алыш керек. Инвестициясын алыш керек. Экинчиден, Россиянын Америка менен саясаты да алыс кетпейт. Ушундай чатактар болот дагы, кайра эле мурунку калыбына келет. Анткени экөөнүн ортосунда идеологиялык карама-каршылык жок. Барып-барып эле жөнгө салынат. Анан биз бүгүн Россиянын этегин кармап алсак, анан Батыштан алып жаткан миллиондогон доллар келбей калса кандай болот? Россия анын ордун толтуруп бере алат бекен? Анан ошондой арабөк абалда калсак, анда бизди башкаруу андан оңой болуп калат. Ошондуктан азыркы жүргүзүлүп жаткан саясат абдан туура. Биз ошондой балансты колдон чыгарбашыбыз керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG