Кыштын камын жайда көр

"Токтогул" ГЭСине жетишерлик суу топтолгон

Кыш жакындаганы Кыргызстанда «Токтогул» суу сактагычынын толушу, Өзбекстандан келчү газ, Бишкек жылуулук борборунун отун-сууну канча топтогону өкмөттүк жыйындардан түшпөгөн маселеге айланат.
Быйылкы бюджеттик тартыштык көбөйгөндөн-көбөйүп бараткан чакта кыш камылгасы кандай жүрүүдө?

Суу жетиштүү - көл толук

Жаздан бери Кыргызстан кагылыш-сүрүлүштөн башы чыкпаганы менен, кайриет, суу мол болду. Ушу тапта “Токтогул” суу сактагычы толуп-ташып турат. “Токтогул” катарындагы ГЭСтердин жетекчиси Темирлан Биримкулов кышка даярдык иштери өз ыраатында жүрүп жатканын маалымдап, электр энергиясын үзгүлтүксүз өндүрүүгө жетерлик суу топтолгонун айтат.

- Мына кышка даярданып жатабыз. Дагы эки ремонтубуз бар. “Токтогул” ГЭСи боюнча 2 агрегат, “Күрпсай” ГЭСи боюнча 1 агрегат. Ошолорду бүтсөк биз кышка даяр болобуз. Гидротехникалык курулуштар боюнча эч кандай коркунуч жок. Азыр биздин график боюнча канча электр энергиясын берилсин десе ошончо энергияны бере алабыз.

Т.Биримкулов “Токтогул” катарындагы ГЭСтердин текши баары кышка даярдык жумуштарын жүргүзүп жатышканын, төмөнкү катардагы станциялар жогортон жөндөлүп, ал жактан канча суу кое берилсе ошого жараша электр энергиясын иштеп чыгарууга ыңгайлашканын маалымдады. Быйыл соңку жылдардагыдай жарыкты “жалп” өчүрүү болбостугун, өзгөчө эле бир жагдай түзүлүп калбаса энергия керектүү өлчөмдө өндүрүлүп чыгарыларын, эң башкысы “Токтогул” көлүндө жетиштүү суу топтолгонун ырастады. Ансыз деле көлгө канча суу топтолгону маалымдоо каражаттарында күн кур эмес кабарланып, анын чындыгын Ош-Бишкек кан жолундагы жүргүнчүлөр көрүп өтүшүүдө.

Көмүр маселесинин көйгөйү

“Электр станциялары” акционердик коомунун пресс-катчысы Кубанычбек Жакыповдун маалымдашынча, быйыл Бишкек жылуулук борборуна жетиштүү көмүр топтоо аракети көрүлүүдө. Азыр жылуулук борбордун кампасында 114 миң тонна көмүр турат.

- Бул жылы кыштан өтүш үчүн 850 миң тонна көмүр керек. Эскерте кетсек, азыркы мезгилде 400 миң тонна көмүр алуу боюнча Казакстандын көмүр компаниялары менен келишим түзүлгөн. Азыр көмүр келип жатат. Андан тышкары 100 миң тоннага Кыргызстандын көмүр компаниялары менен келишим түзүлгөн. Булар да көмүрлөрүн ташып жатышат. Андан тышкары Казакстандын көмүр компаниялары 230 миң тонна көмүрдү гуманитардык жардам катары берүүдө. Мындан тышкары Казакстан компаниялары менен 20 миң тонна мазутка келишим түзүлгөн. Булар дагы мазутту жөнөтүп жатышат.

“Электр станциялары” АК Казакстанга сатчу 1 миллиард киловат саат электр энергиясынан түшкөн акчанын чыпчыргасын коротпой Бишкек жылуулук электр борборун отун-суу менен камсыздоого жумшамакчы.

Кымбатбаа жылуулук, электр энергиясын иштеп чыкчу ири ишкананы жеке колго өткөрүп, өкмөт анын баасын аныктоо гана милдетин өзүнө алуу аракетин буга чейин эки ирет жасап көрдү. Бирок да Бишкек жылуулук-электр борборун сатып алууга куштар кардар чыккан жок. Аны менен учурунда сатууга коюлган “Түндүкэлектр” Убактылуу өкмөт декрети менен кайра мамлекет ээлигине өткөрүлдү.

Мамлекет ээлигине “Кара-Кече” көмүр кени да өткөрүлдү. Жеке менчик компаниялардын ордуна келген “Кара-Кече көмүр” мамлекеттик ишканасы азырынча ишин баштай элек. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчи орунбасары Валерий Бобровдун ырасташынча, жаңы ишкананын жетекчиси дайындалып, мурунку “Беш-Сары” компаниясынан калган жерди кантип казуунун амал-аргасын ойлонуп отурган кези. Кышка чейин жаңы ишкана ишин баштап Бишкек жылуулук борборуна, элге көмүр сатууга жетише алабы-жокпу суроосу азырынча ачык.

- Эл болсо бизде эреже катары суук түшөргө жакын отун-сууну эстейт. Принцибинде бардык көмүр кендери, анын ичинде Миң-Куш, Кара-Кече да бар, жылуулук сезонуна даяр. Биз атайын комиссия түзүп бардыгын көрүп чыктык. Баса белгилеп айтып коеюн, азыр 154 миң тонна көмүр даяр турат. Муну биз Бишкек ТЭЦине ташыйбыз, албетте, элге да сатабыз.

Отун бар, пул жок

Анткен менен кышка даярдык Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөн бюджеттик таңкыстыкка туш келүүдө. Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашовдун ырасташынча, быйыл жарым жыл ичинде бюджеттик чыгымдоолор мурда болуп көрбөгөндөй чекке жетти.

- Жыл ортосунда бюджет таңкыстыгы ички дүң продуктка карата 15,3% чыкты. Чыгымдоолор Кыргызстан тарыхында мурда болбогон коркунучтуу чекке жетти. Ал ички дүң продуктун 42% түздү. Бюджет таңкыстыгы 28 миллиард сомго чыкты. Бул жалпы чыгымдоолордун 32% чыкканын туюндурат.

Өкмөт башчынын 1-орунбасары А.Муралиев министрлер кабинети резервдеги 9 миллиард ашуун сомду толугу менен чыгымдап, казына капчыгы таптакыр бош калганын айтйт.

- Биздин колубузда болгону 75 миллион гана сом калды. Мындай ыраат бизди дефолтко алып барат. Мен ачык эле айтып коеюн.

Кыргызстанда жылына 2 миллион тоннага жакын көмүр жагылат. Эми болсо ошончолук отунду кайсы акчага качан сатып алуу проблемасы чыгууда.