Алтыгана –жайыттардын жана малчылардын душманы

Тоо арасындагы жайыттарды, жайлоолорду тикенектүү бадал – алтыгана каптап баратканын айтып, малчылар доолбас кагып келишет. Алтыгана жыл өткөн сайын көбөйүп, адырлардан өтүп, түптүз айдың талааларды каптап, айылдарга чейин кирип келүүдө.
Кыргызстандын жеринин дээрлик 50 % жайыттар ээлейт. Союздун тушунда Кыргызстан ширелүү чөпкө ээ жайыттары менен мал багуу үчүн эң бир ыңгайлуу аймак болуп эсептелген.

Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгону ар кандай экономикалык программалардын негизинде жайыттар да узак жылдарга ижарага берилип, бирок ижара ээлери тиешелүү көңүл бөлбөгөнүнүн натыйжасында бүгүнкү күнү биз жайыттардагы ширелүү чөптөр менен мактана албай калдык, дешет адистер.

Алардын белгилөөсү боюнча буга бир жагынан мал туягынын азайганы да себеп. Анткени мурда мал көп мезгилинде жайыттардагы ар кандай зыянкеч, уулуу өсүмдүктөр туяктын тебелендисинде калып келген. “Жайлоонун көркү мал менен” демекчи, социализмден капитализмге оогон өткөөл убакытта өлкөдө малдын башы азайып, өзгөчө алыскы жайыттарга мал дээрлик барбай калганы белгилүү.

Ошондуктан, мал туягы жетпеген жерлерге ар кандай уулуу чөптөр менен тикенектүү бадалдар байыр алып, жыл өткөн сайын көбөйө баштаган.

Алтыгана айылдарды да каптоодо

Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыт департаментинин маалыматы боюнча алтыгана негизинен Суусамыр жайлоосун каптап жатат. Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Нуркан Бекжановдун айтуусунда ушул тапта алтыгана жайыттарды каптап, айылдагы короолорго чейин кирип келди:

-Алтыгананын көбөйгөнүн чоң маселе деп койсок деле болот. Малдын туягы азайгангабы, жер кыртышында кандайдыр бир деградация болуп атат. Ошондуктан, алтыгана токойлор менен талааларда эле көбөйбөстөн, айылдарды каптап, эшиктин алдына чейин каптап өсүп атат, -дейт Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Нуркан Бекжанов.

Бирок белгилей кетүүчү нерсе, алтыгана менен күрөшүү оңой эле чечиле кое турган маселелерден эмес. Бул тикенектүү бадал жер кыртышын кармап турганын белгилешкен экологдор зыянкеч өсүмдүктү түп-тамырынан жок кылып жиберүүгө каршылыгын билдирип келатышат.

Жогоруда белгилегендей, тикенектүү бадал – алтыгана жер кыртышын ар кандай табигый кырсыктардан сактап турганы үчүн аны биротоло жок кылууга жол берилбей келе жатат. А түгүл үстүн кыркып, кар шыпырчу шыпыргы кылууга да жол берилбейт, дейт Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Нуркан Бекжанов:

-Экологдор уруксат бербейт. Бир түп алтыгананын баасы ушунчалык кымбат экен, а түгүл кыркып, кар шыпыра турган шыпыргы кылганы да алтыгана кыйбайбыз. Ошондуктан, жыл өткөн сайын эле көбөйүп баратат, мурда чөп чаап алып жүргөн жерлердин баарын тикенек бадал басып кетти.

Алтыгана маселесин чогуу чечүү зарыл

Ал эми Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыт департаменти алтыгана жер көчкү коркунучу бар дөңсөө жерлерге гана эмес, түптүз айдың талааларга да чыгып, киши терисине чыккан сөөл сыңары жашыл шиберлүү жайлоону каптап келе жатканын белгилеп, анын мындан да көбөйүп кетүүсүнө жол бербөө маселесин көтөрүп келе жатат. Мына ушул көйгөй боюнча аталган департаменттин жетекчиси Абдымалик Эгембердиевге кайрылып, кепке тарттык:

-Абдымалик мырза, Кыргызстандын 50 % жайыттар ээлейт экен. Бирок мына ушул жайыттарды ширелүү чөп эмес, тикенектүү бадал каптап баратканы айтылууда. Учурда жайыттарыбыздын канча бөлүгү алтыганага капталып калуу коркунучуна кептелип турат?

-Жайлоого мал чыгып турбаса да малга жагымсыз, уулуу чөптөр көбөйүп кетет тура. Ошонуну кесепетинен Суусамыр өрөөнүндө 1990-жылдардан тартып, 2005-жылдарга чейин мал кескин азайып кеткен учурда алтыгана абдан көбөйүп кетти. Азыр Суусамырдагы жайлоонун жалпы аянты 495 миң гектар болсо, ошонун 18 миң гектар аянтын алтыгана басып, жара сыяктуу өтө тездик менен көбөйүп баратканы баарыбызды тынчсыздандырып атат. Суусамырдагы фермерлерди, жашоочуларды, адистерди тынчсыздандырган ушул маселе болууда. Биз ПРООНдун Суусамыр өрөөнүн туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында мына ушул алтыгана –тикенектүү бадалга каршы күрөшүү боюнча атайын маселе көтөрүп, ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса буга атайын каражат бөлүнсө, адистердин кеңеш-сунуштары боюнча бул илдет менен күрөшүүнү келерки жаздан тартып катуураак колго алалы деп атабыз.

- Алтыгананы жок кылуунун кандай жолдору бар?

- Муну мурда атайын химикаттар менен жок кылышчу. Мындан тышкары отун катары чаап-кыркылып алынчу. Бирок экологиялык эксперттер бул маселенин башка өңүтүн да карап атышат. Анткени алтыгана жер кыртышын көчүп кетүүдөн сактап турат экен. Ошондуктан, алтыгана толук жок кылынса экология бузулат деп атышат. Бирок мен белгилеп айта кетейин, алтыгана азыр көчүү коркунучунда турган адыр жерлерде эмес, түптүз айдың талааларды каптап атат. Ошентсе да, алтыгана маселеси жакында атайын тегерек үстөлдө талкууласакпы деп турабыз. Ага экологдорду, жергиликтүү тургундарды, жергиликтүү башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырып, ошол жерден бул абалдан чыгып кетүүгө чогуу аракет кылалы деген максаттарыбыз бар.

-Союздун тушунда Кыргызстанда малдын саны көбөйгөнү белгилүү. Бирок союзга чейинки илгерки мезгилдерде алтыгана кандай жолдор менен жок кылынып келген. Иликтөөлөр барбы?

-Алтыгана ал учурда мынчалык деңгээлде көп болбоптур, анын үстүнө ал кезде да мына ушундай зыянкеч бадалдар менен күрөшүү ыкмалары болгон экен. Азыр болсо каражаттын тартыштыгы, техниканын жоктугу менен бул маселе аксап турат. Мунун да жолун тапса болот, азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

-1992-жылы Суусамыр өрөөнүндө болгон жер титирөөдө жер кыртышынын көп ажырап кетүүсүнөн алтыгана сактап калган деген маалыматтар бар. Ошондуктан, анын тамырын сактап, үстүн кыркып алуу менен пайдаланууга болбойбу?

-Экологдордун негизги аргументтери ушул болуп атпайбы: алтыгана жер көчкүдөн, табигый кырсыктан сактайт деп. Бирок мен дагы белгилеп айтайын, алтыгана азыр аң-дөн жерлерди гана эмес, түптүз айдың талааларга жайылып баратканы малчыларды да, бизди да тынчсыздандырып жатат. Ошондуктан, чогуу отуруп, бир чечимге келсек, биргелешип аракеттенсек деген максаттарды коюп жатабыз.

-Алтыгана маселеси Суусамыр жайлоосунан башка дагы кайсы жайлоолордо баш оору болуп атат?

-Негизинен Суусамырда. Андан тышкары Ысык-Көлдүн Сырт жайлоосунда азыраак бар, бирок ал жерде Суусамырдагыдай деңгээлге жете элек. Алтыгана –тикенектүү бадал, көп жылдык. Мал жегенге такыр жарабайт. Мындан тышкары өтө жыш өскөндүктөн арасына майда козу-улактар кирип кетсе, кайра чыгалбай, калып кетиши ыктымал. Алтыгананын бир өзгөчөлүгү –гүлүнөн да таркайт, тамырынан да көбөйөт. Кийинки учурларда анын абдан тез көбөйүп баратканы ушундан болуп жатат.