Мекенди сүйүү гимнди ырдоо менен өлчөнөбү?

Мамлекеттик гимнди бардык жарандарга милдеттүү түрдө ырдатуу жөнүндө парламент чыгарган мыйзам коомчулукта кызуу талашты жаратты.
Жогорку Кеңеш кабыл алган “Мамлекеттик символдор жөнүндө” мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун 21-беренесине ылайык, мамлекеттик гимн аткарылып атканда бардык жарандар кошулуп ырдоого милдеттендирилди. Көп өтпөй эле мындай милдеттендирүү жолу аркылуу коомчулукту мекенин сүйүүгө тарбиялоонун канчалык туура экендиги кызуу талкууга айланды.

Бул мыйзам каралып жаткан күнү эле аны мыйзам түрүндө эмес, Жогорку Кеңештин токтому түрүндө кабыл алууну сунуш кылган айрым депутаттар “Ак жол” фракциясындагы депутаттардын катуу сынына кабылышкан эле.

Гимнге, кыргыз тилине каршы чыккандар элдин душманы экенин айткан “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдырасаков, буга байланыштуу түрдүү пикирлер мындан ары да айтыла берерин, бирок ага кылчакташтын кереги жоктугун айтат:

- Гимнди ырдатуу, ошол учурда колду жүрөккө коюу деген бул ата-мекенимди жүрөгүм менен сүйөм деген сөз. Ошол ырга кошулуп элдин баары туруп ырдаса, анда ал ата-мекенибизге, өзүбүздүн гимнибизге, эл-жерибизге болгон сый-урматыбыз болот. Анан мен эки-үч гезиттен көрүп калдым. Ар кандай жазышыптыр шылдыңдашып, “Колу жок болсо кандай болот?, Ырдай албаса кантет?” деген сыяктуу ар кандай жазышыптыр. Эми ар кандай жаза берсе боло берет. Ар кимдин укугу бар дечи. Бирок булар гимнди ырдагандан эмнеге эле намыстанып атышат билбейм...

Депутат Б.Абдырасаков бул мыйзам долбоор каралып аткан күнү аны мыйзам түрүндө эмес, токтом түрүндө гана кабал алууну сунуштаган депутат Ирина Карамушкинаны катуу айыптап, аны эл душманына чейин теңеген эле.

Ал эми социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, алар көптөн бери эле “ак жолчулардын” басымында келатышканын, бул жолу да жөнөкөй сунушту көбүртүп-жабыртып, аны эл душманына чейин теңешкенин айтты. Аталган мыйзамдын кабыл алышы боюнча ал буларга токтолду:

- Кандай болгон күндө мамлекеттик белгилер, анын ичинде өлкө гимни негизги белги бойдон кала берет. Бирок аны милдеттүү түрдө, таңуулоо жолу менен ырдатуу авторитардык нерсе. Мындай жол менен патриоттуулукка тарбиялоо туура эмес. Ошол себептүү мен аны мыйзам түрүндө эмес, токтом түрүндө кабыл алып туруп кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштадым. Анан эле мага массалык түрдө чабуул башталды.

Белгилүү саясат талдоочу Марс Сариев бул маселе тууралуу мындай дейт:

- Менимче гимнди ырдатуу деген сыяктуу нерселер косметикалык эле ремонтко окшогон нерселер. Эл ачка отурат да. Эл өлкө символдорун, мамлекетти качан сыйлайт? Качан өлкөдө мыйзамдар иштегенде. Мыйзамдар иштеп, мобундай коррупциялык нерселер токтой баштаса, өлкө өнүгө баштаса эле эл мамлекетти сыйлап, баары өздөрү эле гимнди ырдап, сыймыктанып калышмак.

Ал эми Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын Мамлекетти башкаруу боюнча магистри Айнура Аскарованын пикринде, бул маселе чынында көп кырдуу. Анткени буга чейин өлкөнүн идеологиялык багыты солгун жүрүп, мамлекеттик деңгээлде өлкөнүн улуттук символдорун сүйүүнү пропагандалоо жакшы жүргөн эмес:

- Ушул кезге чейин эле, эгемендүүлүктү алган 18 жыл ичинде бир дагы чиновник, бир дагы мамлекеттик ишмер колун жүрөгүнө коюп ырдап бизге үлгү көрсөтө алган жок. Мүмкүн ушундай таңуулоо жолу менен гана жыйынтыкка жетебиз го деген ой кетиши ыктымал. Бирок ошол эле маалда “бул биздин мамлекеттик символ болуп атса, анан аны эмнеге бирөөлөр кабыл алган мыйзамдын алдында ырдашым керек” деп, кайра эле өзүңдүн патриоттуулук сезимиңе шек келет экен. Андыктан мындай нерселерди идеологиялык жол менен чечкен туурараак болмок.

Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 1-октябрда кабыл алды. Мыйзамдын демилгечилери аны аткарууга эң оболу мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү экенин айтышууда. Ошентсе да “гимнди аткаруу милдеттүү” деген мыйзам тургандыктан, гимн ойнолуп жаткан маалда бири-бирин байкоолор, ал гана эмес “ырдаган жоксуң” деген сыяктуу айыптоолор болуп кетеби деген чочулоолор кала берүүдө.