Демократия санаасы: коңшуларга салыштырмалуу дейби?

Кыргызстан демократиядан четтеп, адам укугу, сөз эркиндиги сакталбай калганы, коррупция, анан криминалдык коомго кыр көрсөтүүсү күчөп баратканы кийинки жылдары арбын айтылууда. Мындай бүтүмгө макул эместер коңшу республикаларга салыштырмалуу Кыргызстанда демократия кадыресе бардыгын, тек азыркы бийлик ыкчам өзгөрүлүп жаткан шарт-жагдайга ылайык иш жасоого жетише албай жатканын белгилешет.
Учурунда “демократия аралчасы” аталган Кыргызстан кийинки жылдары азыноолок жетишкендиктеринен четтеп, саясий турум-турпаты жагынан өкүмзор өлкөлөрдөн анча деле айырмаланбай баратканы ушу тапта чоң талаш деле туудурбай калды. Акыйкатчысы Турсунбек Акундун айтымында, тынч көчө жыйындары жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн демократиялык кадыр-баркына чоң көлөкө түшүргөн жосун болду.

- 2008-жылы демократиядан четтеп кеттик. Мен муну азыр деле айта алам. 2005-2006-2007-жылдарга салыштырмалуу. Ушундай болуп калды. Эмне дей аласың? Артка кеткенибиз апачык көрүнүп турган факт, аны моюнга алыш керек. Тилекке каршы, факттан өжөр нерсе жок.

Биртоп бейөкмөт уюмдардын катуу сынына кабылган көчө жыйындар жөнүндөгү мыйзамга кол коюлганына карабастан, Кыргызстан Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн комиссия тынч жыйын, жөө жүрүштөр тууралуу эларалык стандартка шайкеш келген жаңы мыйзам долбоорун даярдап, аны Венециялык комиссияга жөнөтүшкөнүн Бишкектеги коомдук саясат институтундагы “тегерек үстөл” талкуусунда Акыйкатчы Турсунбек Акун маалымдады.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Динара Ошурахунованын ырасташынча, Кыргызстанда адам укугунун бузулуш фактыларына кадам сайын кезигесиң. Ноокаттагы окуяларга күнөкөр деп табылган отуздан ашуун кишинин апыл-тапыл соту, журналисттерди уруп-сабап кетүү, Түпкө баргандарды жолдон тосуп өткөрбөй коюу, Петровка жаңжалы, азыркы бийлик каршылаштарынын биртобунун камакка алынышы, айрым эларалык эксперттерди эч себеп-жөнү жок эле Кыргызстанга киргизбей коюу сындуу толгон-токой мисалдарды Д.Ошурахунова санап чыкты.

- Эркин жүрүү укугу. Оппозициянын катышуусундагы Түптө өткөн соңку окуялар өлкө ичинде эркин жүрүү укугу чоң коркунуч алдында калганын көрсөттү,- дейт Д.Ошурахунова.

Баарынан да отуздан ашуун адамдын тагдырын чечкен соттук териштирүүлөрдүн арыдан-бери ыкчам өтүшү артынан толгон-токой түкшүмөл суроолорду жаратып келет.

- Саат он бирде соттук териштирүүнү башташат. Түндөсү. “Мен эртең жетекчиликке айтышым керек” деп. Ушул да болобу? Минтиш жарабайт. Биз сындап келаткан Өзбекстанда 15 кишини соттошуп, 15 күн соттук териштирүү өткөрүштү. 15 күн – 15 адам. А бизде болсо 32 кишини үч күндүн ичинде соттоп салышты. Кыргызстандагыдай фактастикалык “ылдамдаткыч” бир да башка өлкөдө жок,- деп Ноокаттагы соттун жүрүшүнө нааразы экенин Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбек Акун жашырган жок.

Кийинки кездери Кыргызстандагы демократия абалына камтама болгондор көбөйүп баратканын Бишкектеги коомдук саясат институтунун жетекчиси Муратбек Иманалиев да белгиледи. Анын билдиришинче, Германиянын канцлери О.Бисмарктан укук менен эркиндиктин кайсынысын тандап алууну сунушташканда, ал укукту тандап алган экен.

- Укук менен бекемделбеген эркиндик башаламандыктан башкага алып барбайт. Ошол эле Ж.Маршаллдын сөзүн дагы кайталай кетейин. Демократия экономикалык жагынан бай өлкөдө гана орун-очок алышы мүмкүн.

М.Иманалиевдин алдагыдай оюн улап парламент депутаты Николай Байло Кыргызстан экономикасынын 60% коңулда катылып, миллиарддаган акчалар коррупцияны гүлдөтүп жаткан чакта демократия тууралуу кеп кылыштын кажаты деле жоктугуна токтолду.

- Кыргызстанда мыйзамдар иштебейт. Иштесе да айрымдарга анын күчү жетпейт. Мыйзамдардын чала-чарпыт иштегенин менен өзүм аким болуп иштеп турганда көрдүм. Сот органдары, мыйзам коргоо органдары кандай иштерин билем.

Президенттик шайлоо алдында демократия сарсанаасы күчөп, азыркы бийликтин 4 жылдан берки иш-аракетинин натыйжасы сынга кабылууда.