Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

Түп окуясы жана президенттик шайлоо: байланышы жокпу?


Азыр Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда 23-июлда болчу президенттик шайлоого даярдык башкы окуя болууда. Саясат талдоочулар шайлоо өнөктүгүндө бийлик менен оппозициянын тиреши күчөп, карама-каршылыктар катуу болот, ага өткөн жекшемби күнү Ысык-Көл облусунда болгон окуя жакшы далил деп жатышат. Мына ушул маселе “Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл маегинин темасы болду.

“Азаттык”- Оппозиция курултайды өткөрүүгө жергиликтүү бийликке алдын-ала кабар берген экен. Ага карабастан жергиликтүү бийлик атайылап чагым уюштуруп, Түптө курултайды өткөрүүгө тоскоолдук болду деп билдирип жатасыздар. Кандай десиз, чагымды чын эле жергиликтүү бийлик уюштурдубу же жогортон көрсөтмө болдубу?

Э.Каптагаев:-
Ысык-Көлдөгү окуя биздин коомдогу ички кризистин абдан тереңдеп кеткенин көрсөтөт. Бул жерде,биринчиден, мыйзамдуулук толугу менен бузулду. Экинчиден, илгертен кыргызда келаткан элдик нарк деген бар, ошол нарк толук тебеленди да калды. Анткени бул жерде бүт баардык региондон келген көлгө конок болуп келген делегаттарды Кыдык Исаев деген губернатор баш болуп мас аялдарды жалдап келип, СИЗОдон алып чыккан аялдарды, жөнөкөй кийим кийип алган милиционерлерди колдонуп, меймандарды жулмалатып сабатканынын өзү баардык чектен чыккандык. Эми мыйзам жагын ала турган болсок биз 12 күн мурда кабар бергенбиз. Мыйзамдын талабы ошондой. Жергиликтүү акимиат ошол он эки күндүн алты күнүнүн ичинде өтүнүч мыйзамга ылайык келер-келбесин карап чыгыш керек. Алты күн ичинде кандайдыр бир иштер боюнча макулдугу жок болсо башка жерде өткөрүүнү же башка форматта өткөрүүнү сунуш кылыш керек. Эгер андай болбосо жергиликтүү сотко кайрылып өтүп аткан иш- чараны токтотуу аракетин көрүш керек болчу. Акимдер, губернатор баардык укуктарды өзүнө алып өзүлөрүнүн мамлекет тарабынан, мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктарынан өтө аша чаап өзүлөрү бандиттик, хулигандык жолго түшүп, барган элге зордук-зомбулук көрсөтүп, астын сабап, артын жулмалап мыйзамсыз жети-сегиз саат камаганга барышты. Мунун өзү ошол акимдердин, губернатордун оюнан чыгарган иш эмес. Бизге жеткен так маалымат боюнча, муну президенттин бир туугандары, Ички иштер министри Конгантиев баш болуп баарын башкарып турган. Көлгө эки күн ичинде эки миңден ашык атайын кызматтын кызматкерлери менен милицонерлер барган. Алардын баары көл боюнча ар бир айылга, ар бир районго бөлүнгөн. Ушул эле үй-бүлөөнүн жана ага жакындардын көл жээгинде жайгашкан чоң-чоң пансионаттары бар. Ошолорду кайтарган кароолчуларын бүт чогултушуп, алардын баарын мына ушундай хулигандык ишке алып барып отурушат.

Азаттык”- Ажыбай мырза, президенттик шайлоо алдында Конституциянын 23-беренесинде көрсөтүлгөн курултайды өткөрүүгө каршы чагым уюштуруу элдин бийликке карата нааразылыгын күчөтпөйбү?

А.Калмаматов:- Мен түшүнбөдүм, бул иш чараны сөзсүз түрдө Түпкө барып өткөрүш керек беле? Бишкекте өткөрсө болбойт беле? Менимче, бул жерде маселенин көздөлгөн бир мааниси бар. Оппозиция буга чейин былтыр да Түпкө барып, бугун чыгарып алган. Менин оюмча, оппозиция сөзсүз ошол Түпкө дагы бир барып, дагы чууну кайра башташ керек деген ойлор менен барган. Себеби, оппозиция шайлоонун алдында Бишкекте чогулуп иштесе өзүлөрүнө эле пайдалуу болмок.

Э.Каптагаев: -Менин оюмда деп божомолдобой так далил, мыйзам менен сүйлөбөйсүзбү. Депутат катары мындай сүйлөгөнүңүз жарабайт го...

А.Калмаматов
:- Сиз сүйлөгөндө үндөбөй эле турдум, эми мени угуп туруңуз. Булардын багытын мен так даана түшүнбөйм. Жакында бир чоң иш чара –президенттик шайлоо болгон жатса ошого чейин эле “Бөйрөктөн шыйрак чыгарып” дагы бир жерде момундай чатак болду, бизди урду, бизди тепкиледи деп жетип келишип,элдин кыжыры атайылап кайнаткылары келсе керек. Мисал үчүн Каптагаев мырзанын көгөргөн жерин деле көргөн жокмун. Ал жердеги бийликтин өкүлдөрү менен байланыштым. Кандай болду десем “келишти, Каптагаев 30-май күнү Чолпон- Атада болду . Чолпон-Атага келип, айгак дейби, “Айгай” дейби, ошондой гезит бар экен, ошол “Айгайын” таратып жүргөн жерден кармашыптыр. Себеби, азыр өзүңүздөр билип жүрөсүздөр көлдө дин боюнча экстремистик маанайдагы гезиттер жана башка адабияттар таратылып жатат. Ошонун негизинде бул кандай материал болду экен деп ошол гезит кармалган экен. Андай кийин Эмил мырзаны башка эч ким эч жерден көрбөптүр. Окуяны өзү көрбөй, өзү катышпай туруп эле келип алып мындай болду деп турганын мен түшүнө албай турам.

“Азаттык”- Жумакадыр мырза, сиз эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болот деп түзүлгөн коомдук Ордо кеңештин мүчөсүсүз. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы мына ушундай карама-каршылыктарды жөнгө салып, бардык тарап укуктарын бирдей пайдалануусу үчүн кандай аракет керек деген ойдосуз?

Ж.Акенеев:- Эми мен Ордо кеңештин мүчөсү катары эмес адам катары, окумуштуу катары айткым келип турат. Мына бул жерде “Бөйрөктөн шыйрак чыгарылды” деп айтылды. Ушундай така тирештин эч кимге кереги жок. Мисалы Американы эле алып көрөлү. Ал жерде эки партия бар. Алар бири-бирине оппозиция, бирок жасап жаткан иштеринин бүт баардыгы Американы көтөрөлү, элдин ахыбалын жакшырталы деген бир максат. Чындап келгенде жергиликтүү бийлик Ысык-Көлдө уюштурган иш эң туура эмес. Мунун бүт баардыгы азыркы иштеп жаткан президентибизге шек келтирүүчү иштер. Албетте, президент түздөн-түз ушул жакка баргыла, ушундай иштерди жасагыла деген эмес да! Бул акимдин деңгээлинде, орун басары, прокуратура кызматкерлеринин өзүбүздүн ишибизди көрсөтөлү деп жасалган иштер. Менин оюмча,губернатор болобу, аким болобу, райондун прокурору болобу, жогоруда айтылгандай иштерди жасагандар, оппозициянын ишине тоскоолдук кылгандар жазасын алышы, керек болсо жумуштан бошотулушу керек. Анткени алар мыйзамды бузгандар.

Азаттык”- Ажыбай мырза, сиз оппозиция барып алып Түптө карапайым элди козутту деген ойду айттыңыз. Жергиликтүү бийлик ушундай карама-каршы иш уюштуруп тескерисинче элдин бийликке каршы нааразылыгын күчөтүп койгон жокпу?

А.Калмаматов: - Оппозиция өткөрө турган курултайы тууралуу 20-майда оозеки айтыптыр. Анан 28-29-майда Түп районунун акимине барып ушундай курултай өткөрөбүз деп айтышып, өздөрүнүн катын ташташыптыр. А кайсыл жерде өткөрөт, программасы кандай, канча киши келет деген маалымат беришпептир. Митинг, жүрүштөрдү өткөрүү жөнүндөгү мыйзам боюнча ал иш мыйзамга ылайыкпы же жокпу деп тактап туруп, чогулушун өткөрүшкө шарт түзүп беришмек. Бийликке кагаз жүзүндө мына бул мыйзамдын негизинде, мына бул күнү, мына бул залда момундай кылып өткөрөбүз, иш чарабыздын максаты момундай деген бир да так маалымат берилген эмес.

Э.Каптагаев: - Мына сиз депутат катары миңдеген радио угуучулардын астында убадаңызды берсеңиз. Эгерде сиздин колуңузга он эки күндөн ашык убакытта алдык деп колдору коюлган алты акимияттын кагазы, анан 30-31-май күндөрү бийлик өкүлдөрү болгон райондук ички иштер бөлүм жетекчилери, прокуратура, УКМКнын кызматкерлери, акимдер, алардын орун басарлары тарабынан мыйзам бузуулардын так тизмеси күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен бирге колуңузга тийсе сиз ушуну мыйзам чегинде соттордон каратып бере алам, анын башында турам деп убада бере аласызбы?

А.Калмаматов: – Мага ошол документтериңизди бериңиз,баарын мен изилдеп көрөйүн. Экинчиден, сиздин оюңуз боюнча сиздер бир иш-чара өткөрө турган болсоңуздар ал жердеги жергиликтүү бийлик болобу, аким болобу, сот же прокуратура эч кандай кийлигишпей, эч кимиси жакын жолобой сиздер үчүн анархияны түзүп бериш керек деген талап койбоңуз да!

Э.Каптагаев: – Жок, андай ой жок.Он эки, он үч күн мурда мыйзам чегинде алты акимчиликке кат бергенбиз. Алар катты алдык деген колдорун коюп, датасы менен көрсөтүп беришкен. Эгер алар ошол иш чарага каршы боло турган болсо алты күн ичинде карап туруп сотко кайрылыш керек болчу. Себеби соттун чечими менен гана тыюу салынат. Алар сотко да кайрылган эмес, өзүлөрү сот, өзүлөрү хан, өзүлөрү бий болуп ар кандай ишти уюштурап атат. Биз Түптө ээн талаада, эл жок жерде өткөрөлү дегенде аким да макул болгон. Курултайда негизги эле бир эле тема коюлган. Ал таза шайлоо өткөрүү болчу. Ал жерде Бакиев кетсин же губернатор кетсин деген маселе каралган жок жана андай маселе коюлбайт да болчу. Шайлоонун тартиби, шайлоо кандай өтөт, элдин арасында ынтымак кандай болот деген эле маселе талкууланмак. Ошон үчүн Таластан, Баткенден, Жалал-Абад, Оштон делегаттар келип атат да. Ошону талкуулайлы, бардык жерге барып айталы, республика боюнча тынчтыкты сактайлы, ушул шайлоонун арты менен чатакты болтурбаш үчүн тазалык менен коомдун ичинде тынчтыкты сактап калалы деген гана ой менен ошол жерде курултай болуп жатпайбы.

“Азаттык”- Эмилбек мырза, эми ушул Ысык-Көлдөгү окуядан кийин оппозиция элге жана эл аралык коомчулукка кайрылды. Ал кыргыз бийлигине, эл аралык коомчулукка таасир бере алат деген ишеним барбы?

Э.Каптагаев:- Бийликке эч нерсе таасир этпейт азыр. Анткени образдуу айтканда бийлик мыйзамды өзүнө калкан катары астына кармап алып, анын алдына криминал менен жанагындай бейжай катындарды коюп алды. Түптө дагы, Караколдо дагы, Ак-Сууда дагы жөн эле арачыга түшүп ай койбойсуңарбы мындай конок каадасын кылбайсыңарбы деген кишилерди сүйрөп барып камап атышты. А келип жулмалап, мушташып аткандар кайра барып милициялар менен тамеки тартып отурушат. Мына Азиза Абдурасулова Балыкчыда мэрдин орун басарына “Мэр айым, эмне ушинтип атасың?”- десе, ал “Менин милдетим провакация уюштуруп жыйналышты болтурбай коюш”- деп айтты. Мына ушул мэр, мамлекеттик кызматчы айта турган сөзбү?


“Азаттык”-
Ажыбай мырза, сиз бийликте турган “Ак жол” партиясынын мүчөсү катары чын айтсаңыз, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эмне үчүн ушундай чакыгмдарды уюштуруп жатышат? Эмнеден коркуп жатышат?

А.Калмаматов:- Мүмкүн алар тынч жашагысы келгендир.

“Азаттык”- Ушундай карама-каршы кырдаалды президенттик шайлоо алдында жөнгө салуу үчүн бийлик, президент кандай аракеттерди көрүшү зарыл?

Ж.Акенеев:
– Бүгүн айтылып жаткан сөздөрдүн баары,чындап келгенде, чоң сабак болуш керек. Бийлик өкүлдөрү Балыкчыдан баштап өтө бергиле, мыйзамды бузбагыла деп кое беришсе, аягы достошуу менен бүтмөк. Ошол эле губернатор керек болсо өзү келип катышып, айтылгандарды укса болмок.

“Азаттык”-Жумакадыр мырза, сиз Кооомдук ордо кеңештин мүчөсү катары чагымды уюштурган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жазага тартуу маселесин көтөрөсүзбү?

Ж.Акенеев: – Сөзсүз түрдө алар мыйзам чегинде жаза алыш керек. Мунун бүт баардыгы түздөн-түз келип туруп ажого тийип атат.Бул эң туура эмес иш. Муну токтотуш керек. Тыйыш үчүн жанагы мыйзамды бузгандарга чара көрүш керек.

Э.Каптагаев: -Элде күнөө жок. Ошончо милиционерлер тосуп турганга карабай улам бир айылдан айылга алты миңдей киши жолдон тосуп чыкты. Ар кайсы жерде топ-топ болуп турушту. Түптүн ичинде эле миңге жакын киши турду. Мына ушунун баары бир жерге чогулгула деген буйрук болсо чогулмак, бирок ал жерде чоң чатак чыкмак. Бирок, эл бийликке карата өз сөзүн айтыш керек болуп калды.

“Азаттык”-Ажыбай мырза, чуулган болгон жерде жүргөн оппозиция өкүлдөрү дайыма камалып, жаза алып жатышат. Чагым уюштурган бийлик өкүлдөрүн кармап, анан жаза берилсе ушундай мыйзамга каршы иш жасаган жана бийликке аша чаап кызмат кылган адамдар тыйылат беле?

А.Калмаматов:- Балыкчынын мэри “мен сөзсүз провакация уюштурушум керек”- деп айтты деп Эмил мырза айтып кетти го. Эгер ошол айтылган сөз анык болсо андай жетекчинин бийликке кереги жок.

Ж.Акенеев:- Мен бул жерде депутаттын сөзүн колдогум келет. Кимдин колунан кайсы иш келсе ошону коюшубуз керек.

“Азаттык”-Меймандар, эми баарыңыздарга бир суроо: президенттик шайлоо калыс жана ачык, тынч өтөт деген ишеним барбы?

А.Калмаматов: – Буюрса тынч өтөт. Мен көп жерлерди кыдырып келдим, буюрса тынч өтөт. Оппозиция бир жерден бир кынтык таап эптеп шайлоону бузсак деген ойдо. Булар өзүнүн да көлөкөсүнөн өздөрү коркуп, биринен-бири шек санап, ишене албай турушат. Булар бийликке да ишенишпейт, ал түгүл өзүлөрүнун жанындагы адамдарына да ишенишпейт, Кыргызстандын элине да ишенишпейт. Жакшы нерсени да көрөлү, жакшы нерсе да бар. Кыргызстан өсүп жатат, ниетти оңдойлу, жакшы нерсеге баш коёлу, ынтымакта бололу деген гана ниеттемин.

Ж.Акенеев:- Бүткүл кыргыз элин 23-июль күнү өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып президенттик шайлоого активдүү катышуусуна чакырам.

Э.Каптагаев: Шайлоонун тынч өткөнү биринчи кезекте президент үчүн керек. Бирок шайлоону тынч өткөрөбүз деп, ага чейин элди коркутуп үйүнөн чыккыс кылып туруп былтыркы, мурдагы жылкы шайлоодой жыйынтыктоочу протоколду гана жазып туруп өтүп алам деген нерсени даярдап атканы ачыктан-ачык. Баарыбызда эле тууган, куда-сөөк бар кайсы айыл өкмөтткө, кайсы районго, кайсы акимге кандай тапшырма берилип, кандай иштер жасалып жатканы көрүп, угуп жатабыз.Кыргыз деген кичинекей эле эл, баары эле көрүнүп турат. Эми мунун баарына көз жуумп, көрбөй койдук деген болбойт. Тынч өтүш үчүн бийлик тарабынан азыркыдай зомбулук болбош керек, ар ким өз каалаган кишисине добуш берип, жыйынтыкты акыйкат чыгарыш керек. Мына ошондо шайлоо тынч өтөт жана мамлекеттин келечеги болот. Эгерде быйыл дагы будамайлоо жолуна түшсө мамлекеттин келечеги кандай болору бүдөмүк.

“Азаттык”- Урматтуу меймандар, маегиңиздер үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG