Жамашеванын аты аралашкан батир чыры

Жогорку сот.

Бишкектеги батир талашта Жогорку соттун судьясы Феруза Жамашеванын аты кайрадан аталды.

Раиса Нишанова банктан сатып алган үйүн Жамашеванын кайнежесинин уулу Азирет Ормоков талашып, сот анын пайдасына чечим чыгарганын айтып арызданып жүрөт.

Судья болсо дооматтарды четке кагууда. Феруза Жамашева Жогорку соттун төрайымы болуп турганда анын туугандары аралашкан батир чырлары, соттошуу фактылары ачыкка чыккан.

Раиса Нишанова 2016-жылдын аягында Бишкек шаарындагы Сарыкулов көчөсүндө жайгашкан үйдү «Толубай» банкынан сатып алган. Бул үйдүн мурдагы ээси Азирет Ормоков аттуу жаран болгон.

Нишанованын айтымында, Ормоков аталган банктан 2013-жылы август айында 500 миң сом насыя алып, үйдү күрөөгө койгон. Бирок белгиленген акчаны убагында төлөй албай калгандыктан бул үй банкка өткөн.​

Дагы караңыз Жарандык коом сотторго каршы митингге чыкты

- Банк менен түзүлгөн келишим боюнча мен «ал үйдө жашагандарды өзүм чыгарам» дегем, - деп түшүндүрдү Раиса Нишанова. - Ал үйдө мурдагы ээси Ормоков Азирет үй-бүлөсү менен жашайт экен. Аларды мен «мындай эле чыккыла» десем чыкпай коюшкан. Сотко кайрылып, Жогорку соттун чечими менен аларды 2018-жылы 28-майда аларды үйдөн чыгарып, ошол үйгө киргенбиз. Бирок Ормоков Азирет июль айынын аягында Бишкектеги Ленин райондук сотуна арыз менен кайрылган. Анда «Толубай» банкы, «Лекс» юридикалык компаниясы «менин үйүмдү туура эмес саткан» деп алды-сатты келишимин бузуп берүүнү өтүнгөн.

Раиса Нишанованын колундагы документтер боюнча Ормоков үйдү сатууга макул болгон жана сатылгандан кийин айырма акчаны да алган. Бирок Ленин райондук соту былтыр август айында Ормоковдун пайдасына чечим чыгарган.

- Сотто мен, «Толубай» банкынын жана ««Лекс» юридикалык корпорациясы» жабык акционердик коомунун адвокаттары барып, «бардыгы мыйзамдуу» деп документтердин баарын көрсөтүк, - деп сөзүн улады Раиса Нишанова. - Ормоковдун «Ошто мындан башка да үйүм бар, үй боюнча маселе болбойт» деген тилкатын көрсөтүштү. Акча төлөй албай калганда үйдү сатууга макул болгону боюнча келишимди көрсөтүштү. Ормоков 2017-жылы там сатылгандан кийин банктан айырма акчаны алып, «банкка эч кандай дооматым жок» деп жазып берген тилкатын да көрсөтүштү. Бирок судья Исаева ал документтерди такыр көңүлгө алган жок. «Там сатуу тууралуу жарнаманы 19да бериптирсиңер, сатуу болсо 16сында жүрүптүр, мыйзамды буздуңар, үч күн кечиктиңер» деген шылтоо менен келишимди бузуп, Ормоковдордун пайдасына чечим чыгарып койду.

Бишкек шаардык соту 2018-жылы ноябрда райондук соттун чечимин күчүнө калтырган. Нааразы тарап ушул учурда Жогорку сотко кассациялык арыз жазды. Раиса Нишанова соттон утулуп жатканы боюнча Жогорку соттун судьясы Феруза Жамашеваны айыптады:

- Азирет Ормоковдун апасы Рааткан Акимбаева. Рааткан Акимбаеванын иниси болсо Жогорку соттун судьясы Феруза Жамашеванын күйөөсү болот экен. Бизге «силер соттон баары бир утпайсыңар, акчаңарды аласыңарбы же башка там аласыңарбы, өзүңөрдүн башка аракетиңерди көрө бергиле» деп айтышты. Бирок биз Жогорку сотко кассациялык арыз бердик. Коопсуздук кеңешинде деле «судьялар мыйзамсыз иш кылса, мыйзамсыз чечим чыгарса жакындыгына, туугандыгына карабай жоопкерчиликке тартабыз» деп жатышат. Феруза Жамашева өзүнүн жакынына карап менин тамымды туугандарына мыйзамсыз алып бергени жатат. Ошондуктан мен жардам сурап кайрылып жатам.

Биз бул макала жазылып жаткан чакта Азирет Ормоковдун өзү менен байланыша алган жокпуз. Анын адвокаты Эрболот Иманкулов комментарий берүүдөн баш тартты:

- Биринчиден, силер бул иш боюнча тарап эмессиңер. Мен силердин сурооңорго жооп бере албайм. Жок, мен силерге эч нерсе бере албайм. Эч нерсе айта албайм.

«Азаттык» туугандарынын аты аталган окуя боюнча Жогорку соттун судьясы Феруза Жамашеванын пикирин сурады. Ал сот чечимдерине таасир этип жатканы тууралуу дооматтарды негизсиз деп баалады:

Феруза Жамашева.

- Эми ал банкта насыя алган экен. Эмне болгонун мен бүгүн Интернеттен окуп жатам. Мындай соттошкон адамдар көп эле го? Бизге ошондой иштер миңдеп келет. Буга чейинки кайнимдин ишине деле кийлигишкен эмесмин. Ал чечилди, чекит коюлду. Ал иште кайнимдин эмес, тигил тараптын пайдасына чечилсе керек. Бул ишке деле мен кийлигишкен эмесмин, кайдан таап жазып жатышканын билбейм. Насыя алганга, күрөөгө койгонго ар бир эле адам укуктуу. Кайсы тууган каяктан канча насыя алганын, эмнесин күрөөгө койгонун мен билбейм да? Ар биринин өзүнүн үйү бар, өзүнүн тиричилиги бар. Бирөө бирөө менен соттошсо эле мен бул жактан чечип жаткандай болуп калат экен. Эгер мыйзамсыз болсо мен айткан күндө деле судьялар чечим чыгарбайт да. Ал чечимин менин атымдан эмес, өзүнүн атынан чыгарат да. Мыйзамсыз болсо мен миң жолу сурансам да ошондой чечим чыгарбайт.

Мындан төрт жыл мурун, Феруза Жамашева Жогорку соттун төрайымы болуп турганда да анын туугандарынын, жакындарынын аты аталган батир чырлары ачыкка чыккан. Тактап айтканда, Ош шаарында анын кайниси Нурсултан Акимбаев «шылуундук кылып эки батирди мыйзамсыз сатып жиберди» деген айыпталган. Төрт бөлмөлүү үйүн алдырып жиберген үй-бүлө аларды алдап кеткендер Жамашеванын жакындары экенин, коргоп жатканын айтып даттанган. Жамашева анда да дооматтарды четке каккан болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.