Кийинки жылдын бюджети бекитилди

Кыргыз өкмөтү келерки жылдын бюджетин бекитти. Ага ылайык өлкөнүн бюджети кирешелер боюнча 46 434 143,7 миң сом суммасында бекитилди.
Өкмөт мүчөлөрү 28-августта толук курамы менен чогулуп, кийинки жылдын бюджетин бекитип, 2011-2012-жылдарга божомолун жасады. Ага ылайык 2010-жылдын бюджети кирешелер боюнча 46 434 143,7 миң сом суммасында, ал эми чыгашалар жагы 59 088 195,0 миң сом суммасында бекитилди.

Кийинки жылдын бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 12 654 051,3 миң сом, тартыштыгын жабууга 12 654 051,3 миң сом бөлүнмөкчү.

Ал эми 2011-2012-жылдын болжолдуу бюджети төмөнкүчө болмокчу: 2011-жылга киреше боюнча болжол – 46 423 126,7 миң суммасында, 2012-жылга 48 017 787,9 миң сом суммасында бекитилди.

Чыгаша боюнча болжол 2011-жылга 52 997 186,9 миң сом суммасында, 2012-жылга 50 735 795,0 миң сом суммасында болмокчу.

Каржы министри Марат Султанов кийинки жылдын жылпы коромдору тууралуу буларды айтты:

- Кийинки жылга карата жалпы коромдордун суммасы 67 миллиард 300 миллион сомдун тегерегинде болору болжолдонууда. Бул – ушул жылга караганда 8 миллиард сомго көптүк кылат. Биз бул жылга карата коромдордун суммасы 58 миллиард 900 миллион сомдун тегерегинде болорун болжоп жатабыз.


Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров болсо, кандай болгон күндө да социалдык милдеттерди мамлекет аткарууга милдеттүү экендигин, аны эл аралык каржы уюмдарынын жардамдарысыз аткаруу азырынча кыйын болорун эскертип, атайын иш тобун түзүп, тыштан каражат тартуу боюнча сүйлөшүүнү баштоого чакырды. Анын айтымында, дүйнөлүк кризис башталгандан бери Латвия менен Армения жасаган сыяктуу, Кыргызстан да тыштан каражат тартса болот:

- Кандай болгон күндө да биз социалдык милдеттерибизди мындан ары да аткарышыбыз керек да. Балким биз Улуттук банктын жана Каржы министрлигинин жетекчилигинде иш тобун түзүп, эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү баштасак кандай болот. Кийинки жылга болбосо дагы 2011-2012-жылдар үчүн.

Каржы министри Марат Султановдун айтымында, алар буга чейин эле каржы уюмдардан каражат сурашкан. Чоң жыйырмалыктын дүйнөлүк кризиске каршы Лондондо өткөн жыйынында да Кыргызстан сунушун билдирген. “Жакында ал каражаттар келе баштайт”,- дейт ал:

- Биз бул боюнча эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү бышырып атабыз. Премьер-министр болуп сүйлөшкөнүбүздө Эл аралык валюта кору 40-50 миллион доллардай, ал эми Дүйнөлүк банк 30-40 миллион доллардай бөлмөй болду. Ушул сыяктуу эле сүйлөшүүлөрдү азиялык банктар жана ЕврАзЭСтин антикризистик фонду менен жүргүзүп атабыз. Бул жактардан да 100 миллион доллардай тарталы деп атабыз. Ошол себептүү андай сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Андыктан эч кандай иш тобун түзүштүн кереги жок.

Премьер-министр Игорь Чудиновдун айтымында, 2012-жылга чейинки бюджетти бекитүүдө мамлекеттик секторго бөлүнгөн каражаттардын суммасы кыскартылмакчы. Анын эсебинен күч органдары менен социалдык секторго бөлүнүүчү каражат кобөйтүлмөкчү.