Учурунда өлкөнү дүйнөгө тааныткан маркум Нурлан Абдыкалыков, Кеңешбек Дүйшеев жана башкалар тарбияланган Кочкордогу бокс мектебинин кендирин каражат маселеси кесип турат.
Учурда Кочкор райондук спорт комитетине караштуу балдар спорт мектебинде баскетбол, волейбол, күрөш жана бокс ийримдери иштейт. Бул ийримдерден жалпы журтка таанылганы бокс ийрими болуп саналат.
1977-жылдан бери бокс ийриминде жүздөгөн балдарга өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Махам Ахметов таалим-тарбия берип, бокс өнөрүнүн сырларын үйрөтүп келди.
Учурунда Кочкор бокс мектебинен чыккан Нурлан Абдыкалыков, Кеңешбек Дүйшеев Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, Европа жана СССРдин чемпиондору аталган.
Мына ушул даңазалуу бокс мектебинин учурдагы абалын Кочкор райондук спорт комитетинин төрагасы Махам Ахметов айтып, спорт жабдуулары жетишпей, мелдештерге барууга каражат жоктугун «Азаттыкка» билдирди.
-Биринчиден, бокска өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу зарыл. Жергиликтүү командага кандай каражат бөлүнүп, кандай камкордукка алынса, ошого жараша жаштар иргелип, ийгиликтер болот. Бирок, учурда Кыргыз өкмөтү бокс эмес башка спорт түрлөрүнө да жардам берүүгө чамасы жетпей турат. Экинчиден, бокс федерациясы да өз алдынча демөөрчүлөрдөн каражат таап, айрыкча жаштарга көмөк берүүсү керек эле. Үчүнчүдөн, каражаттын жоктугунан кочкордук жаштар эл аралык чоң мелдештерге барбай, чеберчилиги аксап турат. Мелдештерге көп жиберүү менен аларды жатыктырып, такшалдыруу зарыл. Кадр маселесин чечүү учур талабы болуп турат.
Өлкөнүн бокс боюнча калыстар тобунун төрагасы Орозбек Евгачевдун айтымында учурда Кочкордо таланттуу жаш боксчулар арбын, алар үчүн жаңы ринг бөлүнүп, бокс залы ремонт болгону менен тажрыйбалуу машыктыруучулар жокко эсе.
-Феликс Кулов өкмөт башчы болуп турганда Кочкорго жаңы ринг бергенбиз. Залы дагы ремонтолуп, шарты жакшы. Бирок жигиттердин эл аралык мелдештерге аз катышканы, тажрыйбасынын аздыгы, чеберчилигинин төмөндүгү чамасын чактап, башка өлкөлөрдүн боксчуларына салыштырмалуу деңгээли төмөн. Таланттуу жаштар бар, аларга бокс сырларын үйрөтө турган тажрыйбалуу машыктыруучулар жетишсиз болуп турат .
Учурда дүйнөлүк бокстун деңгээли абдан жогорулап кеткенин, Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнө теңелүү кыйынга тураарын, каражаттын жетишсиздигинен кочкордук балдар да аксап турганын бокс ардагери Алмаз Кудайбергенов «Азаттыка» айтып, жаштарга камкордук көрүүнүн зарылдыгын белгиледи.
-Азия аймагында гана эмес дүйнө жүзүндө Казакстан бокс боюнча мыктылардын сабында турат. Эгемендүүлүк алгандан бери эле алардан үчөө олимпиадалык бийиктикти багындарып, чемпион аталды. Дүйнөлүк биринчиликте байге алган казак менен өзбектер да арбын. Ошондуктан кочкордук балдар деле Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешип машыгууларды өткөрүүсү керек эле. Тилекке каршы каражаттын жоктугунан андай болгон жок.
Нарын облусунун спорт боюнча координатору Болот Бектемишевдин айтымында Кочкордогу бокс мектебине гана эмес облустагы спорт мектептерине да жетиштүү каражат бөлүнбөй жатат.
-Кочкордун жергиликтүү жетекчилиги дагы бокс мектебине жардам берүүсү керек болчу. Казынадан бөлүнгөн арзыбаган каражат эч нерсеге жетпей жатат. Кочкордогу бокс мектебине жардам берүүгө эч кандай мүмкүнчүлүктөр азырынча жок.
Учурунда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан кочкорлук Нурлан Абдыкалыков Европанын жана СССРдин чемпиону болгон.
Кочкор бокс мектебинен чыккан эл аралык спорт чебери Кеңешбек Дүйшеев 11 жашынан бери бокс менен машыгып, Кыргызстандын намысын коргон. Өлкөнүн чемпиондугун 7 жолу жеңип алган. Ал СССРдин чемпионатында эки ирет коло медалга арзыган.
Кочкордогу бокс мектебинен өлкөнүн намысын коргогон Азим Мирбакиев, Нурбек Өмүргазиев, Жылдызбек Исакеев, Тилек Алканов жана башка жигиттер чыккан.
Эң жеңил салмакта Азия чемпионатынын коло байге ээси Сапарбек уулу Тилек да Кочкордогу бокс мектебинен чыккан.
Бокс адистеринин жакшы баасына арзып жүргөн кочкорлук Сапарбек уулу Тилек белгисиз себептер менен былтыр Бангкоктогу Тайланд Королунун Кубогуна таймашууга барбай калып Бээжин олимпиадасына барууга жолдомо албай калган.
Бокс байыркы Грекияда биздин заманга чейинки 688-жылы эле Олимпиадалык оюндардын программасына киргизилген.
Ал эми азыркы мезгилдеги бокстун мекени болуп 16-17-кылымдардан бери Улуу Британия эсептелет.
1867-жылы бокстун эл аралык алгачкы эрежелери иштелип чыккан. Кийинчерээк бокс Европа, Азияга жана Америкага тараган.
1904-жылдан бери бокс Олимпиадалык оюндардын программасына кабыл алынган.
1920-жылы Эл аралык бокс федерациясы түзүлгөн.
Ал эми 1974-жылдан бери бокстан дүйнөнүн чемпионаты өткөрүлүп келүүдө.