Кыргыз авиакомпаниялары кайрадан "кара тизмеде"

Кыргызстандагы авиакомпаниялар кайрадан Еврокомиссиянын "кара тизмесине" киргизилди. Өлкөдөгү авиация тармагындагы абал боюнча "Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна ЖК депутаты Бегалы Наргозуев жооп берди.
- Бегалы мырза, Европа Комиссиясы авиа компаниялардын учактарын Европа аймагына киргизбөө тууралуу 27 мамлекетти “кара тизмеге” алышыптыр. Анын арасында Африка мамлекеттери менен катар Кыргызстан дагы бар экен. Бул маселени оң жагына чечүү боюнча былтыр парламентте көтөрүлгөн маселе кандай чечилди?

- Бул маселе айтыла берип, тамтыгы чыккан проблема болуп келатат. Жыл сайын Еврокомиссия аба каттамдары боюнча тизмени жаңылаган сайын Кыргызстан “кара тизмеге” түшүп калып жатат. Баарынан кызыгы, былтыр “кара тизмеге” Албания дагы кирген. Аны тизмеден карасам быйыл жок. Себеби, Албания менен Кыргызстан гана бүтүндөй мамлекет аркылуу кирген. Жанагы 27 мамлекеттердин ичинен бирден-экиден авиакомпаниялары киргендери бар. Эң көбүнүкү беш-алтоо.

Ал эми биздин айрымачылыгыбыз бүтүндөй Жарандык авиация департаменти, бардык авиакомпаниялар “кара тизмеге” кирип жатат. Ал эми парламентте былтыр көтөрүлгөн бул маселе боюнча өкмөткө, унаа жана байланыш министрлигине, жарандык авиация департаментине Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитетинин токтомун жөнөткөн болчубуз. Азырынча бул боюнча алгылыктуу иш чаралар болбой жатат. Дайыма “тил эмизип” келатышат.

Еврокомиссиясынын тизмеси жаңырган сайын биздин унаа жана байланыш министрлиги, жарандык авиация департаментинин жетекчилиги “кара тизмеден” үч айдын ичинде чыгабыз деп убадалары менен “курсак тойгузуп” келатышат. Жакын арада бул маселе боюнча кескин чаралар көрүлбөсө, парламент комитетинин чечимдери аткарылбаса биз мурдагыдай эле “таз кейпибизде” кала беребиз

- Европа Биримдигинин аймагына Кыргызстандын учактары киргизилбегенден кийин, жүргүнчүлөр ал жакка кандай каттамдар менен барышууда?

- Азыр аргасыздан Алма-Ата, Ташкент, Стамбул, Москва жана башка шаарлар аркылуу учууга аргасыз болуудабыз. Эми бул “кара тизмеден” чыгууга аракет кылып, бир нече кескин чараларды көрүп, авиа компанияларды жаңыртпаса биз ушинтип ар кимге көз каранды болуп, ар кайсы мамлекеттердин авиарыногуна акчабызды таштап жүрө беребиз. Анысы аз келгенсип биз аркылуу түз учабыз деген Малайзия мамлекетинин жакшы сунушуна авиациянын жетекчи чиновниктери көңүл бурбай жатышат.

- Мындай шалаакылык мамлекеттин экономикасына канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизет?

- Аябагандай чоң терс таасирин тийгизет. Азыр Кыргызстанда 20дай авиа компания калды. Авикомпанияларды кыскартуу боюнча Жогорку Кеңеш катуу токтом кабыл алган. Себеби, чет элдик авиа компаниялар келип бул жерден каттоодон өтүп алышкан. Андан кийин президенттин катуу тапшырмасынан кийин транспорт министрлиги кичине чочулап, азыр 33 авиакомпанияны 20га түшүрдү. Андан ары кыскартууга барбай жатат.

Чын-чынына келгенде 2-3 эле авикомпания бар мамлекеттин бюджетине салык төлөгөн. Калгандары бир гана ташып кетүүнүн амалын ойлоп, Кыргызстандагы абадан жүк ташуу рыногунан анча-мынча түшкөн пайданы ташып кетүү менен алек. Болгону 2-3 эле компания алгылыктуу салык төлөшөт. Ошондуктан Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошо турган абадан жүк ташуу рыногу кыргыз экономикасы үчүн толук кандуу иштей албай жатат.

- Өткөн жылы Жаңы-Жер айылынын жанындагы Боинг-737 учагынын кырсыгына байланыштуу жыйынтык чыгарылдыбы?

- Өкүнүчтүүсү жыйынтык али күнчө чыгарылбай келатат. Андан кийин эле Орусияда болгон авиа кырсыктын жыйынтыгы эчак чыгарылган. Биздики болсо чоюлуп келатат. Чоюлган сайын ар кандай талаш-тартыштарды туудуруп жатат. Ушул фактынын өзү эле биздеги авиация бийлигинин канчалык деңгээлде иштеп жатканын көрсөтүп турат.

Ушунчалык уу-дуу кылбай, эбак эле жыйыныгын чыгарып коюучу нерсени ар шылтоо менен артка тартып келатышат. Ушундан улам кандайдыр дагы башка себептери барбы деп ойлоп кетесиң. Бул маселенин эчакта эле жыйынтыгын чыгарып койгондо, мынчалык сөз дагы, ызы-чуу дагы чыкмак эмес.

- Бул маселенин жыйынтыгы чыкпай калышы мүмкүнбү?

-Чыкпай калышы мүмкүн эмес. Эми жыйынтыгы канчалык деңгээлде адилеттүү чечим болот, кеп ушул жөнүндө болуп жатат. Азыр эл аралык авиация комитетинин жыйынытыгын күтүп жатышат. Алар чоюп жатышат. Анан дагы аябай шек туудурганы, ошол иликтөө комиссиясынын төрагасына Леонид Каширский деген, Кыргызстанда мурда ишенимден калган адамды чакырышканы таң калыштуу болуп жатат. Л. Каширский 1995-жылкы бир авиакырсыкты иликтеп, учкучтар күнөөлүү деп чыгарган чечими теңирден-тескери чыгып калган. Азыр иликтөө комиссиясын ошол адам жетектеп жатканы авиаторлор арасында уу-дуу кепти жаратып жатат.

- Маегиңизге рахмат