А. Мамараимов: Шайлоого даярдык шайма-шай

Абдумомун Мамараимов, БШК мүчөсү

Шайлоого карата соңку камылгалар тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов айтып берди.
- Бүгүн үгүт иштеринин акыркы күнү эмеспи. Партиялар жарнамаларын, ар кай жерлерде илинген көрнөк-жарнактарын бүгүн түнү алышы керек болобу? Үгүт ишинин токтотулушуна байланыштуу кандай талаптар болот?

- Биринчиден, тактап айтып коюшум керек. Үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат. Бул деген 9-октябрь күнү эртең мененки саат сегизден баштап үгүт иштерине тыюу салынат деген сөз. Түнү менен да алып салса боло берет жарнактарын.

Экинчиден, жарнамалар, үгүт материалдары эгерде шайлоо өтүүчү имаратта же анын ичинде илинген болсо, анда алар Шайлоо кодексине ылайык алынышы керек. Андан сырткары калган бардык жерлерге илинген көрнөк-жарнактар илинүү турса боло берет.

- Жалпысынан бул жолку парламенттик шайлоонун үгүт иштерин кандай баалайсыз, олуттуу мыйзам бузуулар орун алдыбы?

- Биринчиден айтып коюш керек, баягы мыйзамдагы карама-каршылыктар, кээ бир жерлердеги кемчиликтер бизге абдан эле кыйынчылыктар туулду. Албетте айрым мыйзам бузуулар болду. Бирок жалпысынан алганда мурдагы башка шайлоолорго караганда жакшы эле баа берсе болот.

Тилекке каршы абдан көп журналисттерде "акча тапсам" деген нерсе үстөмдүк кылды. Эми муну түшүнсө болот. Бүгүнкү экономикалык кырдаал ушундай, айрыкча рекламалык база аябай жамандап кетти да мобу окуялардан кийин. Бул эми өтө сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүк болду да акча жасап алууга. Партияларда акча бар экен. Ошондуктан бул жагына көбүрөөк басым жасап коюшту маалымат каражаттары. Ал эми элге түшүндүрүү жаатындагы иштер азыраак болуп калды.

- Кайсы түрдөгү маалымат каражаттарында сиз айткандай акча табууну көздөгөн маалыматтар көбүрөөк орун алды, гезиттердеби, теледеби, радиодобу?

- Бардыгын тең айтсак болот. Айрыкча гезиттерде жаман бир көрүнүш болду. Ошо гезиттерде өздөрү жактырбаган талапкерлер, партиялар тууралуу өтө начар, жалаа жапкан маалыматтарды тараткан учурлар болуп кетти. Муну кара пиар деп коёбуз го. Булар боюнча партиялар өздөрү сотко кайрылбай, чаралар көрүлбөй калды. Мен эки эле учурду көрдүм сотко берген. Эми алардын аттарын атабай эле коёюн. Менин оюмча, партиялар шайлоо алдында ашыкча сөз көбөйтпөйлү деп сотко кайрылышкан жок окшойт.

- Маалымат каражаттары боюнча конкреттүү мисалдарды келтире аласызбы? Кайсы маалымат каражаттары ыплас жолдорго барышты?

- Мен азыр чынында ушуларды атабай эле коёюн дедим эле. Анткени биз арыздардын негизинде гана карап берип турдук да. Анан көп учурда бизге партиялар өздөрү кайрылган жок. Ошондуктан азыр айтып койсом туура болбой калат.

- Шайлоого карата соңку даярдык кандай? Өлкөдөгү жана өлкө тышындагы бардык шайлоо бекеттери даярбы?

- Ооба даяр. Бирок кээ бир чет өлкөлүк уюмдардан айтып калышты кечээ, айрым шайлоо бекеттеринде даярдык жакшы эмес деп. Ал эми азыр биздеги маалыматтар боюнча бардык шайлоо бекеттери шайлоо өткөрүүгө даяр.

Негизги бир гана маселе, биз быйыл жаңылык киргизгенбиз шайлоо бекеттерине факс киргизүү боюнча. Ошол иш азыр дале жүрүп атат. Жалпы өлкө боюнча 200 чамалуу шайлоо бекетинде байланыш жок болчу. Ошондой байланыш жок болгон жерлерде да зымдарды тартып, байланышты камсыздоо аракеттери жүрүп атат. Эгер андай мүмкүнчүлүк такыр болбой калган жерлер болсо, андай жерге зымсыз байланыш түзүп беребиз. Ал да болбой калган жер болсо, анда алар протоколдорун факс жайгашкан шайлоо бекетине алып барышы керек.

Дагы бир нерсе, тизме маселеси бизде дале өтө оор бойдон калып атат. Тизмелерди тактоо иштери дагы эле уланууда.

- Шайлоо күнү БШК кандай тартипте иштемей болуп атат? Добуштардын болушунча ачык саналышына, бурмалоолорго жол бербеш үчүн кандай чаралар көрүлдү?

- Бул боюнча биз өтө болуп көрбөгөндөй катуу чараларды көрүп атабыз. Биринчиси, шайлоо жыйынтыкталгандан кийин ар бир шайлоо бекети өздөрүнүн протоколдорун факс аркылуу бизге жөнөтүшөт. Бизде 30 компьютер келген маалыматтарды иретке келтирип, жыйынтыкты чыгаруу башталат. Андан тышкары ар бир шайлоо бекеттерине, райондук, облустук шайлоо комиссияларына бирден уюлдук телефондор берилди. Бул аппараттар боюнча алар смс аркылуу да өз бекеттериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жөнөтүшөт. Ал үчүн бизде атайын программа жасалган. Ал программа келип түшкөн маалыматтар боюнча жыйынтыктарды чыгара баштайт.

Андан тышкары биз сейф-пакеттер жөнүндө да ойлонгонбуз. Сейф-пакеттер бизге келе турган протоколдордун өзгөрүүсүз сакталышын камсыз кылат. Ар бир шайлоо бекети жыйынтыктарды чыгаргандан кийин протоколдордун бирден көчүрмөсүн ушул сейф-пакеттер аркылуу жөнөтүшөт. Муну биз бул жактан текшергенге да мүмкүнчүлүк болот. Андан тышкары бизде партиялар көп эмеспи, ошол 29 партия өздөрү да көзөмөлдөйт. Бул жагы да бар.

- Маегиңизге рахмат.