Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

Үйүбүз, мекемебиз менен шайлоого барабыз


Күн сайын илинер үгүт баракчалары
Күн сайын илинер үгүт баракчалары

Кыргызстандагы парламент шайлоо даярдыгы бул ирет бийлик өмгөгү жок, кадыресе калыс дегидей атаандаштык шартында өтүүдө. Шайлоочулар көңүлүн алыш үчүн болгон аракеттин баары жасалууда. Айрым талапкерлер күчөп аткан үгүт иштерин жыйнай салып чет мамлекет башчысынын колун кармап келүүгө үлгүрүштү. Күн кур эмес өткөрүлгөн үгүт жыйындарын оюн-зооктор коштоп, шайлоо шаңы күчөөдө.

Оу, 29!

Атаандаштыкка чыккан 29 партиянын 120 талапкерден куралган тизмесинде мурунку-кийинки бийлик даамын татып калгандар, ага-ини, ата-бала, тууган-урук, тааныш-тамыр, көркөм өнөр, спорт, ишкердикте башы көрүнгөндөрдүн жоонтобу катталган.

Кайсы бир партияда бир ишкананын жетекчисинен лаборанттарына чейин киргизилсе, экинчи бир саясий түзүмдө кызы менен атасы бир тизмеде жүрүшөт. Дагы бир көзгө урунган көрүнүш тизмеде катталгандардын 30% жакыны жумушсуздар катарынан чыкканы. Бирок ал жумушсуз дегендердин көбүн иликтей келсе белгилүү аткаминер же ишкер болуп чыга келет.

Шайлоочулардын көңүлүн буруу амалында көпчүлүккө таанымал спорт же көркөм өнөр чеберин партиялык тизмеге кошуп алуу бул ирет абыдан оожалды. Өкмөт башчынын күч кызматтарына баш-көз болчу орун басарынын уулу жаш шайлоочулар алдында кикбоксинг өнөрүндөгү “кара кыргыздан” көбүрөөк таанымал деп айтыш деле кыйын. Экинчи бир партия жетекчиси антип жаштарга барктуу спортчуга үмүт артып отурбай, үгүт иштери күчөп турган чакта эки мамлекет башчысына барып жолугуп, маектешип кайтканын үлгүлүү үгүт иштерине айлантууда.

Кыргызстандык саясатчылардан антип Анкарага бир да бирөө бара электигин жакында Кыргызстанга келип кеткен Түркиянын Тышкы иштер министри Ахмет Давытоглу Көл жээгинде минтип ырастады.

- Эми бул шайлоого чейин кээ бир саясий партия жетекчилери Түркияга келип кетишкен. Бирок шайлоо максатын талкуулоо эмес, башка максат менен. Бир мисал катары айтып койсок, ал убакта А.Атамбаев, Ө.Текебаев расмий кызматта болушчу. Ошол учурда келип кетишти.

Парттизме өзгөрүлгөнү менен…

Буга чейинки шайлоонун дээрлик баарында ачык-тымызын жүргүзүлчү бийлик өмгөгүнүн көрүнбөй калышы өңгөдөн да саясий партиялардын өзүн көбүрөөк ойлонтуп, айрымдары атаандаштарына административдик ресурсту колдонуп жатат кинесин такса, кийинкилери А.Акаев, К.Бакиев тушундагы аткаминерлер эмне эле бийликке жутунуп жатышат суроосун алдыга жайышууда.

Мурдагы бийлик партиясынын катарын толуктап келгендердин текши баары жайылып башка саясий түзүмдөрдүн башында жүрүшөт. Алардын партиялык тизмелери өзгөрүлгөн менен көпчүлүктүн пикири өзгөрүүсүз каларын катардагы шайлоочу Таштанбек Жанузаков момундай чечмелейт.

- Бир партиядан бир партияга секирип жүргөндөргө, бул кайра ошол кирген жаңы партиясына барк алып келбейт. Тескерисинче болот. Себеби баары айтат: “Бул чыккынчы да!” Жалаң өз кызыкчылыгы үчүн секирип жүрөт. Бирөөнү таштап, бирөөнө кирип. Башкача айтканда, туруксуз аялдарга окшош да. Анан артисттер, беркилерди кошуп атканы, спортчуларды кошуп атканы - алар атагы чыгып калган кишилер. Ошон үчүн ойлоп атат, артисттер, спортчуну алар жактырса ошон үчүн үнүн берет деп. Азыр андай болбойт.

Парламенттик шайлоо атаандаштыгына бел байлаган саясий партиялардын кимисинин капчыгы канчалык экенин ушу тапта көчө-көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнак, үгүт баракчалар, маалымдоо каражаттарын маарыткан мактоо материалдардын аз же арбындыгынан деле байкоого болот. Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун ырасташынча, өлкөнүн ички иштери чечиле электе сыртка жүгүрүп барган саясий жетекчилерге, позиция-багытын улам-улам өзгөрткөндөргө чоң үмүт артыштын кажаты деле жок.

- Ушул акчалуу экен же болбосо саясий жагынан баркы жогору экен деп, ошол жакка өтүп адамдар эртең мамлекетти сата баштайт. Ошондой эле ийгилик менен сатып кетет. Эл кыраакы, анын баарын байкап турат. Дагы эле эл менен эсептешпей атканы көрүнүп турат.

А бирок айрым саясий партия өкүлдөрү атаандаштары жең ичинен элге акча таратып, добуштарды сатып алууга өтүшкөнү, айрымдары болсо унутула түшкөн административдик ресурсту жандантуу аракетин жасай башташканы айтылууда.
XS
SM
MD
LG