Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын билдирүүсү

Роза Отунбаева эл бийликтен кулаткан мурдагы президенттин жактоочулары Жалал-Абадда бийликти кайтарып алуу максатында кайрадан кан төгүүгө барганын, эки адам октон жараат алып, баардыгы отуздай адам жабыркаганын билдирди.
Бүгүн, 2010-жылдын 14-майында бийликтен кулатылган мурдагы президент Бакиевдин талапташтары кайрадан Кыргызстан жарандарынын канын төктү. Бул жолу алар Жалал-Абал тургундарын көздөй ок атты. Ок кайрадан, өткөн 7-апрелдегидей эле, кандай гана болбосун бийликти өзүнө кайтарып алуу максатында атылып отурат. Ок кайрадан, Бишкек шаарында болуп өткөндөй эле, шаардын борбордук аянтынын тегерегиндеги имараттардын чатырларынан атылды. Тилекке жараша, азырынча өлүм жок. Ок атуу маалында жаңы элдик бийликти жактаган 2 адамга ок жаңылды, баардыгы болуп отузга жакын адам жараат алган.

Ушу тапта Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларында болуп жаткан окуялар Бишкектеги бакиевдик күчтөрдүн чыгышы менен тыгыз байланыштуу экендигине эчким күнөм санабайт. Укук коргоо органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттары аталган башаламандыктарды уюштургандардын башында бийликтен кулатылган президенттин тегерегинде жүргөн адамдар тургандыгы тууралуу таналгыс далилдерди таап чыгууда. Эл үчүн өтө ыйык болуп саналган курмандык каадасын өздөрүнүн тар кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткан саясатчылардын моралдык-этикалык жорук-жосунун түшүп болбойт. Кыргызстандын 86 баатыр уулунун кыркылык зыйнаты өтүп жаткандыгына карабастан, алкы бузук адамдардын өз талапташтарын аянтка чыгарып, кайрадан бийлик талап кылган кылыгы жолдо калсын.

Жаңы элдик бийликтин каршылаштары Кыргызстандын бүтүндөй баардык аймактарынын калкы корруцияга белчесинен баткан, адам укуктарын бузган мурдагы бийликтин кайра келишин каалабагандыгы менен келише албай жатат. Ошол эле учурда, жарандарыбыздын келечегинде элдин жашоо-турмушунун жакшыруусуна, жаңы коомдун түзүлүшүнө үмүт байлап жатышкандыгы ачык байкалып турат. Кечээтен бери бизге республикабыздын баардык аймактарынан эл жабыла келүүдө. Он миңдеген кыргызстандыктар бакиевдик күчтөрдүн бийликти кайтарып алуу аракетине катуу сокку берүүгө даяр.

Убактылуу Өкмөт кырдаалды тынчтык жолго салуу боюнча баардык чараларды көрүп келген жана көрүп жатат. Кагылышууларга жол бербөө максатында, губернаторлорго митингге чыккандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, күч колдонбоо, аларды облустук администрация имараттарына тоскоолдуксуз эле киргизүү боюнча тапшырмалар берилген. Кечээ Исмаил Исаковго Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына атайын өкүлчүлүк милдети тагылып, ал дароо түштүк борборго барды.

Бакиевдин тарапкерлери өз аймактарындагы көпчүлүк жашоочулардын пикирлерине кошулууга макул болбогон соң, Убактылуу өкмөт чечкиндүү кадамдарга барууга мажбур болду. Мурдагы президенттин жакын адамы Үсөн Сыдыков, жалпы башаламандыктардын башкы уюштуруучулары менен аны башкаруучулары делген дагы башка жарандар да кармалып, Бишкекке алынып келинди. Ош облустук администрациясынын имараты баскынчылардан толугу менен бошотулду. Бишкекте кырдаал тынч. Баткен облусунда жалпысынан абал турукташып барат. Учурда Жалал-Абад шаарындагы абалды тартипке келтирүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Ал эми андан башка аймактардагы кырдаал анчалык тынчсыздануу жаратпайт.

Урматтуу Кыргызстан жарандары!

Убактылуу өкмөттө чагымчылар тарабынан көрүлүүчү башка жараяндарды токтотууга жана болтурбоого баардык күчтөр менен мүмкүнчүлүктөр бар. Уюштуруучулардын аты-жөндөрү, аларды каржылоо булактары бизге белгилүү. Ушул тапта борбордук жана жергиликтүү бийлик өлкөнү турукташтыруу нугуна салуу боюнча иш-чараларды жасап жатат. Жалпы республика боюнча биздин талапташтарыбыз көп, ошондой эле күчтөрүбүз да жетиштүү.