“Ак жолго” эл эмнеге нааразы ?

“Эл үнү” программасына кайрылган угармандар парламенттеги “Ак жол” фракциясынын ишмердүүлүгүнө нааразы болушуп, өлкөдөгү абалга тынчсызданганын билдиришти. “Ак жолчу” депутаттар жакында эле эл аралап, жолугушууларды өткөрүшкөнүн, аларды калк арасында колдоорун айтышууда.
Эл арасында “Ак жол” партиясына ар түрдүү пикирлер айтылууда. Алардын бири Жогорку окуу жайда мугалим болуп иштеген Майрам аттуу Бишкек шаарынын тургуну буларга токтолду.

-“Ак жол” партиясы булар дүлөйбү же сокурбу мен биле албай койдум. Булр элдин камын көрбөгөн бир партия болду. Мен “Ак жол” дебей эле “Кара жол” дейт элем. Баякүнү бир берүүдө Гүлнара Дербишева деген бир депутат пенсионерлерге акча кошуу боюнча, тарифтердин көтөрүлгөнү боюнча ал айтып атат,” Эми жөн эле жата бербей пенсионерлер дагы өзүңөр кыймылдап камыңарды көргүлө”,-дейт. Пенсионерлер кантип өздөрүнүн камын көрөт ошон үчүн пенсинерлер да булар. Алар мамлектке эмгектери сиңген үчүн эс алууга кетип, ошол үчүн пенсия алышат. Депутат Гүлнара Дербишеванын айтканы боюнча, эмне пенсионерлер эл алдына чыгып бийлеши керекби? Силер жөн отурбай өзүңөрдүн камыңарды көргүлө деп дагы кайсы каналдарды (киреше табылуучу булак авт.) айткысы келип жатат. Мен таңгалам. Ушундай депутаттар отурат бизде.

Өзгөндөн Төлөгөн Жолдошев дагы Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаттары Өзгөн районунун акимчилигинде жолугушуу өткөрүп жатканда капсынан барып катышып калганын билдирди. Анын айтымында, “акжолчу” депутаттар Улугбек Ормонов менен Айнура Кенжебаева бхджеттик мекмелерде иштеген адамдар менен жолугушуу өткөрүп, элге азыркы бийликтин атынан “алтын тоону” убада кылып жатышыптыр.

-2-февралда Өзгөн районуна Улугбек Ормонов менен Айнура Кенжебаева деген “акжолчу”
депутаттар келип акимиаттын залында жыйын өткөрүштү. Алар электр кубатына тарифтердин кымбатташына столбалардын эскиргени себеп болуп, зым тартуучу аппарат сатып алуу керектигин айтып, адамдарды ишендирип жатышыптыр. Аны ошол жердеги “дүжүр” адамдар колдошуп, “Бакиевдин светтерди кымбаттатканын биз көтөрүп коебуз, эч нерсе болбойт”,-дешти. Депутаттар Акаев он беш жылда эки мектеп салса, Бакиев беш жылда он беш мектеп салды деп макташты. Туура, Курманбек Бакиев мектептерди салдырды. Анысына ырахмат. Бирок ал мектептерди, жолдорду Бакиев чөнтөгүнөн акча берип салдырган жок да. Мамлекеттин башчысы болгондон кийин, мамлекеттин акчасына мектеп салдырабы, бала бакча салдырабы, жол курдурабы ага президент милдеттүү да. Бирок бул жактагы элдин нааразы болуп жатканы, отун-сууга тарифти адамдарга айтпай туруп кыбаттатып жиберип, карапайым калктын башын айландырганы болуп жатат. Ошол турган жыйында сөз алып туруп мен айттым, “Бул депутаттык кылган ишиңерге адамдар нааразы. Электрге бааны кымбаттатканыңар үчүн ар жерде элдер митингге чыгып жатышат. Алардын акысы бар чыгууга. Пайда берүүчү жерлерди ууруларча эч кимге айтпай туруп саттыңар. Бир колго чогултуп "Түндүкэлектр", "Телеком" сыяктуу жалаң пайдалуу, майлуу жерди, ишканаларды бир адамдын колуна чогултууга, мына “акжолчулар” силер акул болуп атасыңар”,-дедим. Ушул жердеги элдер менин айткандарымды туура көрүп жатышат
.

Жогорудагы бишкектик Майра айым менен өзгөндүк Төлөгөн аксакалдын пикирине жооп иретинде “Ак жол” фракциясынын лидери Улугбек Ормоновдун аймактарды кыдырып эл менен жолугушууларды өткөрүп келип, парламенттин трибунасынан айткандарын мисал келтирелик:

-Жер-жерлердеги элдин маанайын дагы айтып кетсек. Биз мына Өзгөн районунда болдук. Албетте, электрге баанын кымбаттаганы кимди сүйүндүрсүн. Бирок эртеңки өзүбүздүн келечек үчүн, эртеге жарыгы жок калбаш үчүн, биз жасаган кадамдарды элдин көпчүлүгү түшүнүү менен кабыл алып жатышат.

“Ак жол” фракциясынын бир катар депутаттары дагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшүп, эл негизинен азыркы бийликке ыраазы экендиктерин, айлык маяналар көбөйүп, өкмөт тарабынан көңүл бурулуп жатканын айтышканын кабарлашты.

“Акжолчулардын” көз карашында бир ууч оппозиция эле кырдаалды курчутуу үчүн бийликке ар кандай дооматтарды коюуда.

Ал эми Нарындан “Эл үнүнө кайрылган угармандар отун-сууга тарифтердин кымбаттоосунан башка облуста кадр маселесине дагы нааразы болушуп, мурдагы губернатор Тынчтыкбек Чекиев обладминистрациянын аппаратын кыскартып, өзүнүн жоро-жолдош жакындарын алып келип кызматка коюп, шылуундук менен 8 жылга кесилген айымды орун басар кылып дайындаганына сын-пикирлерин айтышты.

Азыркы бийлик кадр саясатын туура эмес жүргүзүп, иш билги мыкты адистердин ордуна шылуун, кошоматчы, өз кызыкчылыгын көздөгөн адамдарды мамлекеттик кызматка дайындап жатышына нааразылыгын билдиршти.

Талас облусунан “Эл үнүнө” кайрылган “Азаттыктын” күйөрмандары болсо азыркы бийликке дагы, оппозицияга дагы ишенишпестигин, мамлекет эл үчүн эмес, эл бир ууч топ үчүн иштеп калганын бедгилешти.

Бакай ата районунун тургуну Аскарбек Иманбековдун пикиринде турмуштун күндөн күнгө оорлоп баратканына кайдыгер карабай, “кудай берет” деп отура турган мезгил эмес.

“Мамлекет эл үчүн иштей тургандай, бийлик эл менен эсептеше тургандай иш чараларды жасоо зарыл. Өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү азыркы тапта оппозиция башчыларына таянбастан, жаштарга ишеним артып, “эки тизгин, бир чылбырды” жаштарга берүү зарыл”,-дейт Аскарбек Иманбеков.

Ошондой эле таластыктар өкмөт отун-сууга тарифтерди кымбаттатуу менен карапайым элдин “жонунан кайыш” тилип жатат деген көз караштарын айтышты.

Премьер-министр Данияр Үсөнов жума күнү УТРКдагы түз эфирде электр тармагын сактап калуу үчүн өкмөт отун-сууга тарифтерди кымбаттатканын, ошол эле маалда жарандарга электр кубаты үчүн жөлөк пулдар берилерин, өкмөттүн жакшы иштегенинен бюджет мурдагы бийликке салыштырмалуу кыйла өскөнүн, экономиканы көтөрүү багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле Нарын шаарынан келген өкүлдөр менен жолугушуп төрт сааттай убакытта ачык сүйлөшкөнүн, алардын бардык суроолоруна жооп берип, өкмөт тараптан жардам болоорун белгиледи. Ал элди ынтымакка, сабырдуулукка чакырып, өлкөнүн туруктуулугу үчүн бийлик дагы, карапайым калк дагы аракет кылуусу зарылдыгын айтты.

Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо же жеке көз каршыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз 0312- коду менен 31-61-53 жана 31-61-71 номурлуу телефондорго чалыңыз.