Биринчи кабинанын эмне сыры бар?

Бишкекте Университет шайлоо чөлкөмүндө добуш бергендердин 70 пайызы 1-кабинага гана барып добуш беришти.
№1001 шайлоо участогуна келген шайлоочулардын 80 пайызы жаштарды түздү деп билдирди участкалык шайлоо комиссиясы. Алардын ырастоосунда, күндүзгү саат 11ге чейин 200 киши добуш берип, эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес, жаштар тартипке ылайык эле оз каалоолору менен кирип чыгып добуштарын берип жатышты

-Мен Кыргызстандын келечектеги президенти үчүн деп добуш бердим. Өз каалом менен эле бердим. Эч ким мага эч нерсе деген жок, -дейт биринчи жолу шайлоого катышып жаткан Самара.

Ал эми добуш берүү процессине көз салып олтурган СДП партиясынын атын атагысы келбеген өкүлү сыртынан караганда эч кандай мыйзам бузуулар болбогондой сезилгени менен добуш бергендердин 70 пайызы 1-кабинага гана барып добуш бериши - шектенүүлөрдү жаратып жатканын билдирди. Анткени буга чейин Социал-демократтар партиясы бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо максатында мамлекеттик кызматкерлерге жалаң биринчи кабинадан добуш берүү тууралуу буйрук бергенин буга чейин маалымдаган:

-Көпчүлүгү эле биринчи кабинага кирип жатат. Мен сурадым эмнеге биринчиге эле кирип жатышат десем, ал жакын болуп жатпайбы дешти. Анын жанында экинчи деле кабина жакын турат да. Саат 11ге чейин 70 пайыз киши биринчи кабинадан добуш берди.

Түшкө маал саат он экилерге лерге чукулдап калган учурда “Ата мекен” жана “Ак шумкар” партиясынын байкоочулары бир студент кыздын экинчи ирет келгенин байкап калгандыгын билдиришти. Алардын айтымында, ушуну менен 3 киши эки жолу добуш берүү аракетин жасаган.

Айбек: - Биз көрдүк. Бирөө азыр кайра келе жатканда биз көрсөтө калсак кайры дароо чыгып кетти. Ал жана эле келип кеткен. Дагы эки кызды байкадык эки жолу келгенин.

Асылкан: - Шайлоо комиссияларына айталы десек жолотпой жатышат. Башка кийимдерди кийип, таанылбайбыз деп келип жатышат. Биз көрдук да баарыбир.

Шайлоо комиссиясынын жанына келип, бирок байкоочулардын тынчсыздануусун байкап калган студент кыздын чыга качкандыгын талапкер Курманбек Бакиевдин да Назгүл аттуу өкүлү көргөндүгүн тастыктады:

-Мен ал кыздын чочуп кетип, комиссия мүчөлөрүно жетпей чыгып кеткенин көрдүм. Ал бул жактагы байкоочуларды көрүп дароо чыгып кетти. Бирок мен анын эки жолу киргенин көргөн жокмун.

Алар дароо шайлоо комиссиясынын төрагасына барып, эскерткенге аракет кылышты. Бирок шайлоо комиссиясынын төрагасы Адылбек Агынбаев эки ирет добуш берүү мүмкүн эместигин жана эч кандай эки ирет келгендерди байкабагандыгын билдирди:

- Мен андайды көргөн жокмун. Баары эле мыйзам чегинде өтүп жатат. Анан билбейм эмнени эле чыгарып жатышат. Антип эки жолу келип добуш берүү мүмкүн эмес.

СДП партиясынын байкоочулары түштөн кийин аскерге чакырылган 120 дай улан келип, кайра кайра кирип добуш берген фактылар болгондугун жана саат кечки алты жарымда алар шайлоо участогун таштап чыгып кеткендиктерин билдиришти.

Анткени түштөн кийин президенттике талапкерлер Жеңишбек Назаралиев жана Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрүп, бүгүн өтүп жаткан президентик шайлоону легитимсиз деп аташкан.

Алмазбек Атамбаев добуш берүү участкаларындагы бардык байкоочуларын, ишенимдүү өкүлдөрүн чакырып аларын жана алар мындан аркы шайлоо жараянына катышпай турганын билдирген.

“Мен ишенбейм” кыймылыгын мүчөсү Мирзат Ажиев алардын мындай кадамын туура деп баалап, кыймыл аны колдой тургандыгын билдирди:

-Чындыгында эле шайлоо процессинде массалык мыйзам бузуулар болду. Ыплас жолдор менен шайлоо бурмаланды. Биз талапкерлерди мындай чечимин колдойбуз.

Ал эми жаштар саясаты боюнча департаменттин жетекчиси Айдар Жоробеков эки талапкердин шайлоону легитимсиз деп таануу чечимин мыйзамга туура келбеген иш катары эсептейт. Анын айтуусунда, алар шайлоо процессинде өздөрүнүн рейтинги төмөндүгүн көргөндөн кийин, коомчулуктун алдында эптеп баркын көтөрүү аракетин коөрүп жатышат:

- Алар өздөрүнүн утулгандыгына көздөрү жеткенде, андан саясий оюн жасап, муну менен коомчулуктун аң сезимин манипуляциялоого аракет кылып жатышат. Бул туура эмес. Бирок эл буга ишене бербеш керек. Биз көрүп турабыз, эл буга өзү тараза болот.

№ 1001 университеттик шайлоо участкасынын төрагасы Адылбек Агыновдун билдиришинче, шайлоо процесси тынч абалда өттү. Саат сегизге дейре тизмедеги шайлоочулардын дээрлик бардыгы 600дөн ашык киши добуш берүүгө үлгүрүшкөн.