Майлуу-Суу: Жер көчкүчө, эл көчсүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Майлы-Суу шаарына жакын аймакта көчкү жүрүшү ыктымал деп эскертүүдө. Кыргызстандагы уран калдыктары көп сакталган шаардагы экологиялык коркунуч жөнүндө "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Бүмайрам Мамасеитова баяндап берди.
- Кардын көп жаашына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында жердин көчүп кетүү коркунучу бар деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы жарыялап атат. Жаратылыш кырсыктарын алдын алууга байланыштуу кандай чараларды көрүү керек?

- Ал жакта көчкү боло турган болсо, аны эч ким токто албайт. Эгерде ошондой коркунуч болуп атса, биринчиден элди көчүрүш керек. Майлуу-Суу шаарында ошондой жерлерде жашап аткан элди көчүрүүгө чечим чыккан. Мен жакында өкмөткө да кайрылгам кат жүзүндө. 3-4 жыл мурун көчө турган эл бүгүнкү күнү да жашап атат.

- Ошолордун саны канча?


- Санын мен так айта албайм. Намазбекова деген көчөдө, Сары-Бээ, Кашка-Терек деген айылдарда коркунуч бар. Андан сырткары, Түлөбердиева көчөсүндө бар коркунуч. Көп жамгыр жааганда ошол жерде сел кетип, жерлер бери жакка сүрүлүп, үйлөрдүн ичине чейин сел кирип кеткен учурлар болгон.

- Баш-аягы Майлуу-Суунун аймагында 23 уран калдыктарын сактоочу жай бар деп айтылып келатпайбы. Мунун чоо-жайын сиз абдан жакшы билесиз да. Ушуларды зыянсыздандыруу маселеси ушул күңдө кандай жүрүп атат?

- Өкмөт эл аралык деңгээлге көтөрүп чыгарып, ОБСЕ, ЕврАзЭС, европалык комиссия, бүт бардыгы бүгүнкү күнү чыгып атат. Былтыркы жылы Чудиновдун өкмөтү жумушчу топ менен барып келген Женевага. Ошол убактагы эсеп боюнча 42 млн. долларга чейин акча каражат керек болот экен. Ошонун үстүндө бүгүн өкмөт иштеп атат.

ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкер менен жакында эле жолугуштум. Ал киши да айтып атат, бүгүнкү күнү Майлуу-Суунун уран калдыктары боюнча көп эле иштер жүрүп атат, бирок ошону биринчиден тездетиш керек, экинчиден, түздөн-түз бөлүнгөн акча каражат элдин социалдык шарттын, турмушун жакшыртууга жумшалыш керек.

- Реалдуу жардам деген эмне өзү?

- Бүгүнкү күнү мынча адам өлүп атат, мында адам онкологиялык оорулар менен, кан диабети менен, анемия менен ооруп атат деп атабыз. Ал НПОлордун маалыматы гана боюнча. Шаарды бир сыйра медициналык текшерүүдөн өткөргөн жокпуз да. Ошондуктан толук медициналык текшерүү жасаш керек, Майлуу-Суу шаарынын канча эли кандай оору менен ооруп атат, аларга кандай жардам бере алабыз, ошону аныкташыбыз керек.

Көп нерселер жасалып атат. Мисалы, Кыргызстан боюнча бир гана Майлуу-Суу шаарында аппарат бар 150 миң долларга алынган, ар бир үйдү дубалдарына чейин, жер төлөлөрүнө чейин изилдеп чыга турган, радиациялык нурлануунун ренген сааты канча болуп атканын өлчөй турган.

Майлуу-Суу шаарында адистерди окутуу боюнча иштер жүрүп атат. Такыр эч нерсе жасалган жок десек туура эмес болуп калат, көп эле жумуштар жасалып атат. Бир гана менин өкүнгөн жерим - 11 млн. Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн жерлерге кетти деген маалымат 7-8 жылдан бери жүрүп атпайбы. Бирок, тилекке каршы, ошол акчанын 25-27 пайызы гана ошол шаардын уран калдыктарын бекемдөөгө жумшалган. Консультанттарга, тренинг-окууларга, буклеттерди чыгарганга көп акчалар кеткен.

- Азыр Майлуу-Суу дүйнөдөгү эң эле кир шааралардын бири деп айтылып келатпайбы. Майлуу-Суунун бүтүндүгүн, тазалыгын сактап калуу үчүн жергиликтүү бийлик, ошол жердин тургундары кандай кол кабыш кыла алат. Сиздин оюңузча эмне кылышы керек?

- Ооба, экологиялык коркунучтагы он шаардын бири Майлуу-Суу шаары. Эл эмне кылыш керек? Эл эрежени сакташ керек. Элге маалымат берип айтып атышпайбы, ошол уран калдыктары жаткан жерге мал алып барбаш керек, балдар ошол жерге ойнобош керек деп. Бирок, тилекке каршы, биз көнүп калганбыз, эч нерсе болбойбуз деген ой менен мал деле ошол жерде жүрөт, сүтүн ичебиз, этин эл жеп эле атат.

Ошого карабастан бүгүнкү күнү уран калдыктары көмүлгөндөн бери көп эле жыл - 45-50 жыл өттү да. Жерде кичине өзгөрүлүштөр болуп аткан учурда коркунуч бар. Экинчиден, уран калдыктары жаткан жер Майлуу-Суу сайдын жээгине жакын жайгашкан. Ошондуктан биринчиден ошол жээктерди бекемдеш керек. Себеби жалгыз эле Майлуу-Суу шаарына коркунуч келбейт. Эгер ошол жээктен суу менен ылдый жакка кете турган болсо бул бүткүл Фергана өрөөнүнө зыян апкелет.

Ноокен району, Фергана өрөөнү, Анжиян облусу ошол сууну ичишет. Ошондой коркунуч бар. Ошон үчүн эл аралык деңгээлге көтөрүп чыгарганыбыз ушундан болуп атат бүгүнкү күнү.

Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын өкмөт мүчөлөрү, МАГАТЭнин, Еврокомиссиянын, Дүйнөлүк банктын, Азиялык банктын, Европалык банктын өкүлдөрү катышкан чоң конференция өткөн былтыр апрель айында Бишкекте. Ошол конференциянын жыйынтыгы боюнча Чудинов өзү баш болгон жумушчу топ Европага барып, ал жерде дагы чоң жыйын өткөрүп, дегеле уран калдыктары бир гана Кыргызстан үчүн эмес, жалпысынан Орто Азия үчүн келечекте абдан зыян келтире кркунуч деп, ошону далилдеп келишкен. Бүгүнкү күнү эксперттер иштеп атат.