Элдин үмүтү таза шайлоодо

Ысык-көл облусундагы үй-бүлө, 4-сентябрь, 2009-жыл.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар шайлоо өнөктүгү тынч маанайда өтүүсүн каалашып, элдин бүтүндүгүнө доо кетирбөөгө үндөгөн тилектерин билдиришти.
Таластык аксакал Элүүбай Отунчиев: Мен Кыргызстан элине кайрылат элем. Алдыдагы шайлоо өнөктүгүн чыр-чатаксыз өткөрүп алышыбыз керек. 7-апрелдеги революция тынчтык үчүн, жакшы жашоо үчүн, социалдык жактан жакшыртуу үчүн болгон. Революциянын максатын ишке ашырышыбыз керек. 86 баланын каны бекер жерден төгүлгөн эмес. Ошолордун арбагын унутпай, бөлүнүп-жарылбай, жакшы келечек үчүн, эл үчүн иштей турган, татыктуу партияга добуш беришибиз керек.

Орозбүбү Ашымбаева: Жаңы Жогорку Кеңешке эски кызматта иштегендер эмес, жаштардан көп болушу керек. Апрелдеги ыңкылап да жаштардын күчү менен болгон. Азыр мурдагы бийликтеги адамдар башкарып жатышат. Ошондуктан бийликке жаңы муун келип, өзгөртүү жасагандары жөндүү. Бардыгыбыз шайлоого барганда ар кимдин алдаган сөздөрүнө ишенбей, татыктуу балдарга добуш бергенбиз оң. Шайлоо таза, калыс өтүш керек.

Таластагы нааразылык акциясы. 6-апрель, 2010-жыл
Бактыбек Беделов:
Таза шайлоо өтүшү үчүн азыркы бийликтеги партиянын мүчөлөрү, лидерлери кызматтан кетиши керек. Ошондо гана таза шайлоо өтүшү мүмүн.

Нарын облусунун Ат-Башы районунан Капар Өмүрзаков: Мен кыргыз элине кайрыларым, биринчиден, мыйзамдуу өлкө куруш үчүн өлкө жарандары жапа тырмак аракет кылышы керек. Бардык партияларды чакырат элем: “элди бөлүп-жарбай, шайлоону чыр-чатагы жок өткөрүшсүн”. Буйруса, парламенттик система болсо жашообуз оңолот деп элдин баары үмүт кылып турушат.

Бишкек шаарынын тургуну Кубанычбек Нурматов: Жогорку Кеңешке шайлоонун чыныгы биз каалагандай өтөрүнө күмөн санап турам. Намыс талашып, бири-бири менен жаатташып, кыргызды төрткө бөлүп, кырдаал жаман жагына ооп кетеби деп чочулап турам. Экинчиден, азыркы бийликтин мамилесине караганда шайлоо таза, так, ачык өтөт дегенине ишенбей турам.

Андан да маанилүү маселе - кылычын алып кыш келатат. Азыр бардыгы шайлоо деп атып кышка камылганы унутуп калышты. Элди сооротмуш болуп жайында кышка даярданып жатабыз дегени менен кышка даярдык начар. Андан да күзгү айдоолор болушу керек эле. Дыйкандар өздөрү менен алек болуп, аларды ойлогон бир аткаминер жок. Деги эле шайлоо тынч өтсө экен.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.