Ванкувер Кышкы олимпиадасы аза күтүү менен башталды

Ванкувердеги 21-кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында Кыргызстандын туусун бишкектик лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыкты.
12-февралда Канада убактысы боюнча кечки саат алтыда 21-кышкы олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи Ванкувер шаарындагы 59 миң 800 орундуу башкы стадион Би-Си Плейсте өткөрүлдү.

Кышкы олимпиаданын ачылыш салтанаты тарыхта алгачык ирет жабык стадиондо өткөрүлүп, Канада жергиликтүү калктардын өкүлдөрүнө басым жасады.

Салтанаттуу ачылыш аземинде 16 жаштагы таланттуу ырчы Ники Леновски Канаданын гимнин аткарды.
Андан кийин арип ирети менен 82 өлкөнүн командалары 50 мүнөт аренадан параддан өтүштү.

Ванкувер олимпиадасынын салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстандын туусун тоо лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыкты.

Аны менен кошо параддан бишкектик лыжачы Ольга Решеткова, өлкөнүн кышкы спорт боюнча башкы устаты Эркин Усубалиев, машыктыруучу Леонид Борисов жана Улуттук олимипада комитетинин жооптуу кызматкери Саламат Эргешов өтүштү.

Ал эми Ванкуверге өлкөнүн делегациясын баштап барган Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Айдарбек Керимкулов стадиондо сыйлуу меймандар олтурчу жайда салтанаттын күбөөсү болушту.

Олимпиада оюндарынын ачылышынан мурда грузиялык чана спорт чебери Нодар Кумариташвили машыгуу маалында саатына 150 чакырым ылдамдык менен кетип баратып, кырсыктап, ооруканада каза тапты.

Стадиондогу ачылыш аземде аны бардыгы аны бир мүнөт эскерип, аза күтуп турушту. Бул Олимпиада оюндарынын жалпы ачылышындагы жагымсыз окуя болуп калды.

Ванкувер олимпиадасынын дагы бир жаңылыгы - биринчи жолу Гана, Габона жана Багам аралдарынын командалары катышып жатат. Жылдан жылга кышкы спорт менен машыккан мамлекеттердин саны өсүп баратат.
Ванкувер кышкы оюндарынын ачылыш салтанаты жогорку деңгээлде өткөнүн спорт адиси Касымкул Оболбеков белгиледи.

Кышкы олимпиаданын оту да салт боюнча Грекиянын Олимп шаарынан 2009-жылдын 22-октябрында тутандырылып, эстафеталык жүрүш баштаган.

21-кышкы олимпиаданын отун грекиялык лыжачы Василиас Димитриадас күндүн нурунан олимпиада отун тутандырып, күздүн ысык күнүнө карабай кышкы лыжалык кийимдериди кийип, эстафетаны баштап берген.

Олимпиаданы уюштуруучулардын айтымында олимпиадалык от 45 миң чакырым аралыкты басып өтүп, 12 миң эстафетачынын колунан колго берилип, 12-февралда Ванкувердеги Би-Си Плейс стадионуна алынып келинет.

Олимпиаданын тарыхында алгачкы ирет Ванкуверде үч спортчу бир убакта олимп отун тутандырды.

Мелдештин алгачкы күнү тоо лыжасы, биатлон, фристайл түрлөрүнөн мелдештер башталып 6 комплект медаль ойнотулат.

Бул олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргошот. Дмитрий Трелевский тоодон лыжа менен ылдам түшүү боюнча мөрөй талашса, бишкектик Ольга Решеткова лыжа жарышында намыс талашат.

Тоо лыжа жарыштарына катыша турган кыргызстандык Дмитрий Трелевский он жылдан бери тоо лыжасы менен үзбөй машыгып келет. Дүйнө чемпионаттарына да катышып, өлкө намысын коргогон. Лыжа тебүүнү атасына үйрөнгөн. Эки агасы Андрей менен Александр дагы тоо лыжасы менен машыгып, Дмитрийге бул спортун сырларын үйрөткөн.

Соңку үч айда Европа жана Орусиянын лыжа базаларында машыгууларын өткөргөн. Дмитрий кесиби боюнча архитектор. Жакында 26га чыгат.

Л
ыжа спорт чебери Дмитрий Трелевскийдин айтымында, Кыргызстанда тоо лыжасына көңүл бурулбагандыктан Европа өлкөлөрүндө машыгууга аргасыз болуп жүрөт. Кыргыз тоолорунда лыжа спортун өнүктүрүүгө ыңайлуу болгону менен мамлекеттик деңгээлде маани берилбей келатканына өкүнөт.

- Кышкы спортчуларга мамлекет көңүл бурбагандыктан биз өз каражатыбызга спорт жабдууларын сатып алууга аргасыз болуп жүрөбүз. Себеби учурда тоо лыжасынын наркы 1 миң евродон баштап 5-6 миң еврого чейин бааланат. Ар бир спортчу 3 жуп лыжа алып жүрүүсү зарыл. Себеби машыгуу учурунда лыжаны сындырып, керектен чыгарып алуу коркунучу да бар. Олимпиадалык таймашууларга Европа өлкөлөрүндө даярдык көрдүм.

Кыргызстандык Дмитрий Трелевский алгач ирет олимпиадалык таймашууларга катышканы турат. Анын негизги атаандаштары Европа өлкөлөрүнүн спортчулары болмокчу.

Ванкувердеги 21-кышкы олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземине кийин Кыргызстандын чакан делегациясы Ванкуверден 126 км аралыкта Уистлер тоосунда жаңы курулган Олимпиадалык айылга жөнөп кетишти. Себеби бул жердеги Уистлер Криксайд лыжа базасында тоо лыжа спорт мелдештери өткөрүлмөкчү.

Дүйнөдөгү эң атактуу лыжа борбору катары таанылган аймак 1966-жылдан бери иштейт. Түндүк Америкадагы башкы лыжа базасы катары таанылып, 7 миң 700 күйөрман мелдештерге күбө боло алат. Тоо лыжа мелдештери үчүн Блеккомб чокусу кызмат кылып келет. Деңиз деңгээлинен 2 км бийиктеги бул тоодон 1,5 км лыжа жолу менен мелдештер өткөрүлөт.

Кардарларды бийиктикке жеткирүүдө 24 көтөргүч тейлейт. Кыргызстандык тоо лыжа жарыштарына түшүүчү Дмитрий Трелевский ушул жерде 19-февралда алгачкы таймашууга чыгат.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун пикиринде, бишкектик Дмитрий Трелевский Ванкувердеги олимпиадалык оюндарда байгелүү орунга жетүүсү күмөн.

Ошондой эле ушул аймактагы Уистлер олимпиадалык паркы 2008-жылы пайдаланууга берилген. 12 миң күйөрман эң кызыктуу биатлон, түрдүү аралыктарга лыжалык жарыштар, лыжанын эки таймашы, бийиктиктен лыжа менен секирүү (трамплин) спорт түрлөрү боюнча олимпиадалык күч сынашууларга күбө болот. Бир мезгилде спорттун төрт түрү боюнча мелдештерди өткөргөн мындай спорт база жокко эссе.

Кыргызстандык Ольга Решеткова да ушул жерде 10, 15 жана 30 км лыжалык жарыштарга катышат. Ольга 15-февралда алгачкы таймашууга чыгат.

Төрт жылда бир өтчү кышкы олимпиадага дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн беш жарым миңдей спортчу күч сынашканы турат. Олимпиадалык мелдештер 16 күнгө созулат.

Ванкувердеги 21-кышкы олимпиадалык оюндар спорттун 7 түрүнө ылайык 15 дисциплина боюнча мөрөй талашуулар болот. Жеңүүчүлөргө 86 комплект байгелер ыйгарылат.