АКШ өкүлү Ошто улуттар аралык мамилени талкуулады

АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басарынын жардамчысы Жорж Крол Кыргызстандагы иш сапары тууралуу маалымат жыйынын өткөрүүдө. Бишкек, 25-май.

Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн АКШ Мамкатчысынын өкүлү Жорж Крол 26-майда Ошто өзбек диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкө түштүгүндөгү улуттар аралык мамилени талкуулады.
Ал жолушууга катышкан Оштогу өзбек тилинде жарык көрчү “Дийдор” гезитинин баш редактору Улукбек Абдусаламов “Азаттыкка” маек курду.

- Ал киши биздин мамлекетибиздин түштүгүндөгү абалга кызыкты. Эл арасындагы абал кандай болуп жатат, Жалал-Абатта аз күн мурда болгон жаңжал улуттар аралык араздашуубу же башкабы, ал окуянын келип чыккан себеби эмне деген мазмундагы суроолорду берди.

Биз бир топ маселелерди айттык. Ошонун арасында Жалал-Абатта болуп өткөн окуя улуттар аралык жаңжал эмес, балким бул түшүнбөстүктөн, кээ бир адамдар болуп жаткан окуяларды башка адамдарга туура эмес жеткиргендиктен, кимдир бирөөлөр чагымчылык кылып элди тукургандан келип чыкты. Аны баары, кыргыздар да, өзбектер да бири-бирин туура түшүнгөнүнөн жаңжалды ошол убакта сабырдуулук менен басты деген сөздөрдү айттык.

Ошону менен бирге элдердин арасындагы достукту чыңдоо маселесин айтып, Кыргызстандын түштүгүндө адамдардын катмарына карабай баардыгына тең шарт түзүлсө, Конституцияда баары тең деген жоболордун негизинде шарт түзүлсө мамлекетибизде жакшылык болот деген ойду айттык.

Убактылуу өкмөт Конституциянын жаңы долбоорун даярдап элдин кароосуна койду, эми референдумду эл колдоп берсе, Конституцияда коюлган нерселер жаңы бийлик тарабынан колдонсо элдин арасындагы ынтымакчылык мындан да жакшырат, бекемделет, эл ошону күтүп жатат дедик. Кыргызстан баарыбыздын мекенибиз, өлкөдө жашап жаткан өзбектердин да Ата Мекени Кыргызстан, биз Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүн каалайбыз, жаңы бийликти колдоого аракетибиз бар деп айттык.

- Рахмат.

P.S. 25-майда таң эрте Бишкекке келген АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басарынын жардамчысы Жорж Крол иш сапарын өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева менен жолугушуп, өлкөдөгү абал тууралуу маалымат алып, АКШнын президенти Барак Обаманын айттырган кабарын жеткирген. АКШ өкүлү 26-майда Ош шаарындагы абал менен жеринде таанышты.