Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышуудан эмнеге баш тартты?

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпай турган болду. Мындай чечимди партиянын саясий кеңеши чыгарып, саясий күчтөрдү бириктирүү зарылдыгы менен негиздеди.
Талапкердиктен чегинүүнүн себептери тууралуу коомчулукка жакынкы күндөрү “Ата мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү жарыялайт деп күтүлүүдө. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Алманбет Шыкмаматовдун билдиргенине караганда, партиянын саясий кеңеши башка партиялар менен кеңешип көрүп, оппозициялык күчтөрдүн биримдигин чыңдоо үчүн ушундай чечимге келди:

-Себеби Текебаевдин бүгүнкү күндөгү рейтинги эң жогору, бирок ошого карабастан азыркы кырдаалдын талабы ушундай болуп жатат. Оппозиция бир күч болуп биригиши талапка ылайык болуп турат. Оппозицияны бириктирүү үчүн ушундай чечкиндүү кадамдар керек болду.


“Ата мекенчилер” өз лидеринин чечимин жалпы улут кызыкчылыгы үчүн жасалган чечкиндүү кадам деп жатышат.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн бири Топчубек Тургуналиев Текебаевдин баш тартышын акыркы чечим деп санаган жери жок. Анын үстүнө саясатчы “Ата-Мекендин” лидеринин шайлоодон баш тартышынын негизги себебин анын каражатынын жоктугу менен байланыштырды.

Коомчулукта болсо Өмүрбек Текебаев саясий көрөңгөсү, тажрыйбасы, жалпы журтка таанымыл саясатчы катары бааланып, президенттик шайлоого баруучулардын тизме башында саналып жаткан. Ушундай жагдайда талапкердиктен баш тартышын саясат таануучу Табылды Акеров саясатчынын катачылыгы деп эсептеди:

- Баш тартышы же коркоктугун көрсөткөндүгүн айгинелеп коет да, шайлоочулар мындан ары ишенбей калышы мүмкүн. Бул туура эмес кадам болуп эсептелет.

Акеровдун баамында акыркы мезгилдери айрыкча күчөп кеткен Текебаевге каршы аракеттердин өзү анын эл ичинде кадыры күчтүү экендигинен кабар берип турат.

Саясат таануучу Марс Сариев оппозициялык лидердин президенттик жарыштан четтешине ага каршы жүргүзүлгөн дал ошол ыплас технологиялар таасир этти деген ойдо. Быйыл бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары, видеотасмалар аркылуу Өмүрбек Текебаевди каралаган бир катар материалдар таратылган болчу.

Ал эми январь айында Талас облусунда партиянын облустук конференцияларынын учурунда саясатчынын автоунаасынан өзүнө таандык бир нече курал табылып, кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ал ишти мыйзамсыз аракеттер жок экен деген негиз менен ИИМ жаап койгон.

Өмүрбек Текебаевдин саясий сапарында“матрешкагейт” окуясы да бар. 2006-жылдын жазында чет өлкөгө иш сапары менен чыккан ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Текебаев маңзат ташып баратат деген негиз менен Польшада кармалган. Польша атайын кызматы коюлган доо далилденген жок деп, Текебаевди мекенине кайтарган. Оппозиция болсо жаңжалдын артында Коопсуздук кызматы турат деген дооматын билдирген. Бирок “матрешкагейт” деген ат менен белгилүү бул окуяны ким уюштургандыгы бейдарек бойдон калды.

Өмүрбек Текебаев баштаган “Ата мекен” партиясы элдин оозуна айрыкча 2007-жылкы парламенттик шайлоодо алынды. Көз карандысыз байкоочулар бул партиянын курамында шайлоого барган оппозициялык күчтөр парламентте көпчүлүк добушка ээ болгондугун, бийликтин тоскоолдугу партиянын четке сүрүп салганын айтып келатышат. Мунун чындыгын байма-бай белгилеп келген Текебаев президенттик шайлоо белгиленгенден кийин “Азаттыкка” берген интервьюсунда буларды айткан:

- Шайлоолор элдин эрки менен болбостон, мамлекеттик жана криминалдык ресурстардын кысымы менен боло тургандыгы айдан ачык болду. Адилет шайлоо болбойт. Ошондуктан оппозициялык күчтөр күчтөнүшү керек.

Өмүрбек Текебаев - Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты. Анын президент Курманбек Бакиевдин дарегине катуу сын айткандыгын, анын арты менен 2006-жылы Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан өз каалоосу менен баш тарткандыгын, март ыңкылабы алып келген бийликке алгачкы оппозициячы болуп чыккандыгын тарапкерлери чечкиндүү кадамдар катары баалап жүрүшөт.

Текебаев 1995-жылкы президенттик шайлоодо башкы талапкерге теңата талапкер катары өз алдынча, 2000-жылы Феликс Кулов менен тандем түзүп барган.

Бул ирет анын талапкердикке барбай калышын айрым талдоочулар бийликтин моралдык-психологиялык кысымдары менен байланыштырышууда. Маселен ушул негизге таянган саясат таануучу Токтогул Какчекеев президенттик жарыш башталганга чейин оппозициядагы күчтүү саясатчылардын бардыгы талапкердиктен баш тартышы мүмкүн деп болжоду. Буга чейин президенттик шайлоого барбай тургандыгын “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров жарыя кылышты.