М.Тойчиев: Кыргызстандан маданий колдоо керек

Майрамбек Тойчиев: Союздун тушунда Кыргызстан менен маданий карым-катнаштар үзгүлтүксүз болуп турар эле

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районунун акими Майрамбек Тойчиев “Азаттыкка” кыргыздар жашаган бул аймак жөнүндө айтып берди.
Майрамбек Тойчиев:- Мургабда он төрт минден ашуун адам жашайт. Анын ичинде кыргыздар он бир минден ашуун. Сексен пайыздан ашыгын кыргыздар түзөт. Райондо он төрт мектеп бар, анын он бири орто мектеп, эки башталгыч, бир негизги мектеп бар. Ошол он бир орто мектептин ону кыргызча. Негизинен Кыргызстандагы программанын негизинде окутулат. Бирок акыркы мезгилдерде, тажик тарыхын, тилин, географиясын окутуу башталды. Бул жатта анча-мынча китептер жетишпейт, бирок маселе коюлуп жатат.

Мургаб районунун борбору
Элеонора Бейшенбек кызы:
- Сиздердин жерде эч нерсе өспөй, жалаң гана малчылык менен алектенет экенсиздер. Мен жергиликтүү элдер менен сүйлөштүм, өзүм да көрдүм, тамак-аш, азык-түлүктөрдүн баарын Хорогдон, Оштон ташып келет турбайсыздарбы. Оштон товар алып келатканда айрыкча кыргыз бажыканасында бир топ кыйынчылыктар болот дешти. Бул маселени чечүү боюнча аракеттер жасалып жатабы? Маселе өкмөттөр аралык денгээлде көтөрүлгөнбү?

Майрамбек Тойчиев: - Өкмөттөр аралык деңгээлде бул маселер көп эле коюлат. Мына эки-үч күндүн аралыгында мен Кыргызстанга жөнөгөнү жатам. Губернаторлорго, район жетекчилерине да кайрылам. Бул маселелер албетте коюлат. Бирок бул өкмөттөрдөн көз каранды болбогон нерсе. Конкреттүү мезгилдерде, конкреттүү адамдардын ортосунда чыга турган көйгөйлөр. Муну доомат койгондор да, актангандар да далилдей алышпайт. Бул эми баягы Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш сыяктуу, көп жылдан бери чечилбей келататкан нерсе.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Тажик өкмөтүнүн сиздерди колдоосу кандай?

Майрамбек Тойчиев: - Президенттин бизге болгон көз карашы жакшы. Өзү биздин районго беш-алты жолу келип кетти.
Мургабдыктар азык-түлүктү көбүнесе Оштон, Хорогдон ташып келишет
Тажикстандын башка жерлерине, райондоруна мүнөздүү проблемалар, көйгөйлөр бизде да бар. Биздин райондун табыгый өзгөчөлүгүн эске алып кошумча төлөмдөр бар, пенсияга мурдараак чыгышат.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Сиздерге Кыргызстандан кандай жардам керек?

Майрамбек Тойчиев: - Былтыр Миграция комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова ооганстандык кыргыздарга жардам берип келатып бизди көрүп кетишкен. Бизде тамак-аш, азык-түлүк жагынан анча деле проблема жок. Маданий жактан, руханий жактан колдоо болсо жакшы болот эле. Мурда союздун тушунда Кыргызстандан чоң-чоң акындар, обончулар, комузчулар концерт беришип, маданий карым-катнаштар үзгүлтүксүз болуп турар эле. Азыр ушул иштер солгундап кетти.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Президентиңиздер Эмомали Рахмон эки жыл мурун аш-тойлорду өткөрүүнү чектеген мыйзам кабыл алды эле. Азыр ушул мыйзамдын үзүрүн көрүп жатасыздарбы?

Майрамбек Тойчиев:
- Бул мыйзамдын колго алаар, колдой турган жактары абдан көп. Анализдер көрсөткөндөй, мыйзам ишке киргенден бери үйлөнгөндөрдүн саны көбөйүп, ажырашкандардын саны азайган. Малдын башы аябай өскөн. Өзүбүздүн эле районду алсак, топоздун саны он бир, койдун саны отуз төрт пайызга өскөн. Бул мыйзамдын иштеп жаткандыгынын түздөн-түз далили. Өзүң билгендей бизде, кыргыздарда ысырапкерчилик абдан көп. Тойго байланыштуу чыгымдар арбын болгондуктан кээ бир үй-бүлөлөр уулун үйлөнтөм деп карыз алып, уулун үйлөнткөндөн кийин “кара короо” болуп такыр жайдак калып, уулу эки айдан кийин ажырашып кеткен учурлар да болгон. Азыр болсо мындай көрүнүштөр жок. Бул мыйзам чынында эле колго алаарлык жакшы саамалык болду.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Отун-суу маселесин кантип чечип жатасыздар? Мына 80-100 чакырым алыс жактардан терскен деген чөп казып келип жагат экенсиздер. Бул жаатта атайын программаңыздар барбы?

Майрамбек Тойчиев: - Бул боюнча иштер болуп жатат. Биздин райондун территориясы абдан чоң, 38 миң чарчы километрди түзөт. Тоолуу Бадахшан облусунун 62 пайызы ээлеп турат. Облусттун алтымыштан ашык пайыз аймагында бир район – Мургаб турса, калган 38 пайызында алты район жайгашкан. Бирок калктын жыштыгы абдан аз. Ушундай эбегейсиз чоң аймакта болгон он төрт миң гана адам жашайт. Көчмөндөрдүн жашоо-турмушуна мүнөздүү көрүнүш: бир калктуу пункт башка пунктан абдан алыс жайгашкан. Бир
Мургабда элдин жыйырма пайызга жакыныраагын тажиктер түзөт
жерден бир жерге жетүү абдан эле алыс. Эгерде бир чоң ГЭС курула турган болсо, электр кубатын ошол аймактардын баарына жеткирүү экономикалык жактан пайдалуу эмес. Ошондуктан бул маселени локалдык мүнөздө, жер-жерлерде чечүү керек.

Шамалдын, күндүн нурун пайдалануу үчүн станцияларды куруу керек. Азыр ушундай программалар иштелип жатат. Буюрса 1-2 жылда болуп калат. Бирок ГЭС куруу да планда бар. Бизде тоо-кен өндүрү азыр негизги ролду ойноп жатат. Ушул жакка абдан жакшы көңүл бурулуп, акыркы убакта биздин райондун үч-төрт жеринде кен байлыктар казып алуу боюнча чет өлкөлүк инвесторлорду тартылып жакшы иштер башталып жатат. Эгерде ушундай боло турган болсо, анда ГЭС да сөзсүз курулат. Бул маселе да биздин каалообуздан көз карандысыз өзүнөн өзү чечиле турган нерсе.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Жашоо-шартыңыздар чындап эле катаал экен. Анан ушундай аймакта миграциялык агым көп болсо керек?

Майрамбек Тойчиев: - Миграциялык агым болду. Бирок башка жерлерге караганда бизде азыраак болду. Биздин элдердин баары мал чарбачылыгы менен шугулданышат. Бизде бир убактарда миграция күчөп, Кыргызстанга, Чүйгө көчүп кеткендер абдан көп болгон. Бирок бул азыр токтоду. Эки жылдан бери эч ким көчпөй калды.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Маегиңизге рахмат.