Жер талаштан чыккан чыр басылды

Жер басып алганы чыккандар

Бишкектин түндүк тарабындагы жер талашка байланышкан кырдаал көзөмөлгө алынып, бүгүн абал тынчып калды. Кечээки тополоңдон 5 адам каза таап, Маевка айылында 7 үй өрттөлдү, дагы бир канча турак-жай талкалаган. Мындан сырткары 40 чакты адам жаракат алганы кабарланууда.
Бишкектин ылдый жагындагы Маевка айылынын жабыр тарткан тургундары менен 20-апрелде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчал жолугушуп, убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен сүйлөшүү аркылуу кырдаалды жөнгө салууга аракеттенерин билдирди. Ошондой эле жабыркагандарга элчилик тарабынан материалдык жардам берилээрин айтты. Жергиликтүү тургундар жер талаштын артынан 19-апрелде түнү 7 үй өрттөнүп, бир канча турак-жай жана автоунаалар талкаланганын айтышууда.

Кечээ аталган айылдын ылдый жагындагы айдоо аянттарын миңден ашуун адам ээлеп алууга аракет жасап, ал эми жердин ээсибиз деген тарап жерлерин коргоп калууга чыгышкан. Натыйжада эки ортодо чыр чыгып, тополоңдо жалпысынан 5 адам каза тапканын бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ошол эле айылдын бир четинде жашаган кыргыздардын өкүлдөрү болсо айылдын түрк улутундагы тургундарынын айрымдары кечээ өздөрү ок атып, кырдаалды курчутуп жибергенин белгилешүүдө.

Маевка айылында түрк, күрт, орус жана кыргыз улутундагы 7200 түтүн жашайт. Айылдын тургуну Шейшенбек мырзанын айтымында, буга чейин улуттар арасында араздашуу, тирешүү болгон эмес. “Бул окуя кайдан, эмнеден чыкканын түшүнбөй калдым”. - дейт ал.

- Балдардан коркуп үй-үйүбүздөн чыга албай калдык. Баардыгыбыз бала-чакабыз менен эшиктин алдында турдук. Анан сырттан тарсылдап эки сааттай атышканын уктук. Маевкада кыргыз-түрктөр бир туугандай болуп, сен деп урушпай жашайбыз. Кошуналарым түрк.

Ал эми ушул эле айылдын тургуну Сои айым кечээ чогулгандар мал-жандыктардын бардыгын тирүүлөй өрттөштү дейт:

- Менин баламы топтой кылып ыргытышты. Ал учурда ооруканада оор абалда жатат. Жашап кетеби, жокпу врачтар абалы кадай экенин толук айтпай жатышат.

Атын атагысы келбеген түрк улутундагы аял, өрттөнүп кеткен үй кайнагасынын үйү экенин, бирок азыр аларды үй-бүлөсү менен таппай жүргөнүн айтты.

- Билбейбиз эми эмне кылабыз, билбейбиз. Дагы эмне кылмак элек. Эмне болгонун өзүңөр көрүп турасыңар.

Ушул эле күнү Бишкектин түндүк тарабындагы Төмөнкү Ала-Арча айылындагы айлампа жолдо түштөн кийин миңге жакын митингчилер менен атайын даярдыктагы 500 чакты милиция кызматкерлери тирешип митингчилерди бир топ артка сүрүп келди. Бул жерге чогулган жер басып алуучулар кечээки тополоңдо милиция кармап кеткен эки жүзгө чукул адамды бошотуп берүүнү талап кылышкан.

Жер талап кылгандардын арасындагы Назгүл айым, чогулгандар чындап жерге муктаж экенин айтып, бийлик өкүлдөрүнүн келбегенине нааразы болду.

- Жерди иштеткенге аэропорт жактан бергиле. Элдерге жашаганга ушундай жерлерден бергиле да. Шаардын чети болуп атат, тамдар курулуп атат.

Ал эми Турсунай айым оюн мындайча билдирди:

- Алты балам менен Бишкекте батирден-батирге көчүп жүрөм мен. Кээ бири акчасын таба алабй, бере албай калсак кубалап чыгышат. Азыр да батир издеп жүрөм. Элдердин баары кыйналган, ушинтип жер алабыз деп чыкканбыз. Баары батирде жашайт. Жер берет экен дегинен келдик.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматтулло Ахмедов абал жөнгө салынып, көзөмөлдө экенин кабарлады.

- Азыркы учурда Маевка айылында кырдаал стабилдүү. Ички иштер органдары тарабынан көзөмөлдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук биргелешип түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатат.

Аламдүн районунун акимчилигинин аппарат жетекчиси Манас Касымбеков болсо бул маселе иликтенип жатканын бидирип, Маевка айылында берилчү жер жок экенин кошумчалады. Анын айтымында, учурда башка жерден жер бөлүп берүү маселесин атайын комиссия иликтеп жатат.

Бул окуяларга байкоо салып турган айрымдары жер талап кылгандардын арасында улут аралык мамилени бузгусу келген, үчүнчү топ да бар деп айтып жатышат. Ал эми жер талап кылгандар айдоо жерлерди бөлүштүрүп, өздөрүнүн белгилерин коюп коюшкан. Алар бул маселе чечилмейин аягына чейин катуу турушаарын да белгилешти. Ал эми бүгүнкү тополоңдо Бишкектин ири базарларынын бири “Дордой” да чала-чапкыт иштеп жабылды.

Мындан сырткары ушул эле күнү Бишкектин түштүк тарабында да жер басып алгандар чыкты. Алар менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов жолугушту.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жер талашкандар таратылды