Кыргызстандын жаш футболчулары Украинада тарбияланышат

Украинанын Киев шаарындагы “Динамо” академиясына Кыргызстандын “Абдыш-Ата” клубунун 15 жаштагы тарбиялануучусу Марсел Исламкулов кабыл алынды. Ал 16-20-октябрга чейин “Динамодо” өткөн тандап алуу турунда адистердин купулуна толгон.
Буга чейин академияда өткөн жылы кабыл алынган “Абдыш-Атанын” дагы бир тарбиялануучусу Ахледдин Исраилов окуп келген эле. Эми минтип Украинанын алдыңкы клубунда тарбияланып жаткан кыргыздын жаш оюнчуларынын саны экиге жетти. Учурда академияда 72 футболчу билим алат.

Кыргызстандын жаш футболчулары Азия-2010 Кубогуна катышпайт

Непалдын Катманду шаарында 19 жашка чейинки оюнчулар арасында группа ичиндеги мелдеш аяктап, ага алты команданын курамалары катышты. Жыйынтыгында Кыргызстан Тажикстанга 4:0, Иорданияга 2:1, Йеменге 3:1, Непалга 2:1 эсебинде жеңилип, Палестина курамасын гана 2:0 упайы менен утуп алды. Натыйжада өлкө оюнчулары группадагы акыркы орундардын бирине ээ болду. Ал эми Иордания футболчулары топтун лидери аталып, экинчи орунга жеткен команда менен бирге келээрки жылы өтө турган Азия Кубогунун финалына жолдомо жеңип алды.

Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Шераалы Сыдыковдун элесине арналган эл аралык мелдеш “Олимпиадачылар арабызда” деген аталыш менен өтүп, ага Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 400 чакты балбандар катышты. Натыйжада грек-рим күрөшүндөгү 10 салмактын тогузунда кыргыз балбандары жеңүүчү деп табылса, эркин күрөштөн төрт жаш спортчу алтын медалдын ээси болду. Бул мелдештин жүрүшүндө машыктыруучулар 2010-жылы Сингапурда өтө турган жаштардын Олимпиада оюнуна тандоо жүргүзүштү.

Көк-бөрүдөн Бишкек биринчи орунда

Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданында кыргыз милициясынын 85 жылдыгына арналып жаштар арасында көк-бөрү боюнча биринчи чемпионат өттү. Мелдешке Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнүн командалары Күзөт кызматы, мамлекеттик авто инспекциянын улакчылары мөөрөй талашышты.

Беш күнгө созулган таймаштын жыйынтыгында Бишкектин курамасы биринчи, Чүйдүн жаш улакчылары экинчи, мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери үчүнчү орунга татып. акчалай жана баалуу сыйлыктардын ээси болушту.

Көк-бөрү федерациясынын башкы катчысы Темир Дүйшекеев мелдештин жүрүшү тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Көк-бөрүнүн тарыхында биринчи жолу жаштар арасында чемпионат өтүүдө. Бул улакчылардын эң улуулары 21 жашта болсо, эң кичүүлөрү 15-16 жаштагы уландар. Турнир ири мелдештерден кем калбай, курч маанайда өттү. Жаштар жакшы оюндарды көрсөтүп, эңип, тай казанга салуу ыкмаларын мыкты өздөштүрүп жатышат. Демек биздин көк-бөрүнүн келечеги бар десек болот.

“Азаттык”: Мелдештин байге фонду канча, жакын арада кандай мелдештер өтөт?

- Бул жаштардын турниринин байге фонду 300 миң сомго жакын. Биринчи орунга татыган Бишкек командасы 100 миң, Чүй курамасы 70 миң, Мамлекеттик авто инспекциянын улакчылары 50 миң сом жеңип алышты. Жакын арада өлкөнүн түштүк аймагындагы командалар арасында мелдештин уландысы болот.

Спорт жаңылыктары:

9-14-ноябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналып, волейбол боюнча командалар арасында мелдеш өтөт.

11-16- ноябрда Ливандын Бейрут шаарында дзюдо боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты өтөт. Мелдеште Кыргызстандын 8 спортчусу өлкө намысын коргойт.

14-15-ноябрда “Старт” унаа майданында Кыргызстан-Казакстан ортосунда авто жарыш мелдеши өтөт.

15-ноябрда Чоң-Курчак капчыгайында аска-зоолорго чыгуу боюнча марафон-2009 мелдеши болот.