Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш аяктады

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган мелдеш быйыл 36-жолу өттү.

31-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталып, беш күндүк беттешүүлөр жыйнтыкталды.
27-январда Бишкекте башталган эл аралык бокс мелдешине Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын булгаары мээлей чеберлери катышты.

Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти, өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Абдубахид Халмурзаевдин айтымында, бул мелдештин жеңүүчүлөрү дүйнө, Азия чемпионаттарына жана быйыл Гуанжоудо күзүндө боло турган 16-Азия оюндарына даярдык көрүшөт.

Эң жеңил салмакта баш байге үчүн өзбекстандык Жалол Аскаров менен оштук Нурсултан Ибрагим уулу беттешип, 18 жаштагы Нурсултан упайдын айырмасы менен жеңүүчү деп таанылды.

Жеңишке жетишип, бокс спортунун чебери деген наамга арзыган Нурсултан Ибрагим уулу кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, парламент депутаты Орзубек Назаровдой Кыргызстанды таанытсам деген тилегин “Азаттыкка” билдирди.

51 кг. салмакта дагы оштук спорт чебери Мирсаид Кулдашовдун чеберчилиги бааланып, баш байгеге арзыды. Ал финалда өзбекстандык Шачриер Исаковду утуп алды.

54 кг салмактагы финалдык таймашууда ысыккөлдүк Медер Мамакеев таластык спорт чебери Өмүрбек Малабековду жеңип, алтын медаль тагынды.

57 кг. салмакта өлкөнүн чемпиону, бишкектик Залкар Бакиров баш байге үчүн кочкорлук Тилек Сапарбек уулу менен рингде күч сынашты. Натыйжада Залкар жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, күйөрмандардын урмат-сыйына арзыды.

Европа чемпиону, маркум Нурлан Абдыкалыков баштаган ондогон чеберлерди тарбиялаган өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Макам Ахмедовдун пикиринде, шакирти Тилектин даярдыгы бир аз чийки болуп, ийгиликке жетпей калды.

60 кг. салмактан жеңүүчүсү, Афина жана Бээжин олимпиадаларынын катышуучусу, канттык Асылбек Таласбаев болду.

Ал эми 64 кг. салмакта казакстандык спорт чебери Алмасбек Алибеков финалда кыргызстандык Урмат Рыскелдиевди утту.

69 кг. салмак боюнча өбзекстандык спорт чебери Азамат Эргашев эл аралык мелдештин баш байгесине татыктуу болду. Ал финалда жалалабаттык Исламжан Далибаевди артыкчылык менен жеңип алды.

75 кг. салмакта өзбекстандык Шухрат Абдуллаев биринчи раундда эле кыргызстандык Руслан Кариповдун эсин оодара согуп, жеңишти эрте камсыз кылды.

81 кг. салмакта оштук спорт чебери Жавлон Усманов баш байге үчүн казакстандык Нурлан Нурсеитов менен күч сынашып, натыйжада Жавлон биринчи орунду ээледи.

91 кг. салмактын баш байгесине өзбекстандык спорт чебери Мирзохид Абдуллаев ээ болду.

Оор салмактагы бокс чеберлеринен финалда кытайлык Юсан Нижад менен кыргызстандык Тимур Акунов беттешип, биринчи раундда эле Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, кытайлык Юсан Тимурду утуп, чеберчилигин көрсөтө алды.

1974-жылдан бери Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов, Нурбек Касенов, Таалай Кадыралиев, Айбек Абдымомунов жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган.

Кеңеш курамы учурунда бул мелдештин кадыр-баркы жогору болсо, эгемендүүлүк алганы таасири төмөндөп кеткен. Кийинки эки-үч жылдан бери мелдеш кайрадан уюшкандыкта өткөрүлө баштаганын өлкөнүн Бокс федерациясынын ардактуу президенти Райхан Алканов «Азаттыкка» билдирди.

Финалдык беттешүүгө абдан көп күйөрман келип, Кожомкул спорт сарайы жык-жыйма толуп турду.

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бул мелдеш быйыл отуз алтынчы жолу өткөрүлдү.