Мурат Саралинов экинчи ирет олимпиада комитетине жетекчи болду

Улуттук олимпиада комитетинин жыйыны, 2010-жылдын 4-апрели.

Бишкекте Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясы өтүп, жетекчилерин кайра шайланды. 16-Азия оюндарына даярдык начар экени сынга алынды.
Улуттук олимпиадалык комитетинин жыйынына өлкөдөгү спорт федерацияларынын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, спорт коомчулугунун өкүлдөрү, ардагерлер жана журналисттер катышты.

Алардын катарында спорт федерацияларынын президенттери, Жогорку Кеңештин депутатты Аскар Салымбеков, бокс федерациясынын жетекчиси, башкы прокурордун орун басары Абдыбакыт Халмурзаев, өлкөнүн ат спорту федерациясынын президенти, мурдакы премьер-министр, Өнүктүрүү фондунун башкы директору Игорь Чудинов, оор атлетика федерациясынын президенти, өлкөнүн салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков, олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү Каныбек Осмоналиев, Канатбек Бегалиев жана башка спорт жетекчилери болду.

Учурда Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов жыйындын күн тартибиндеги маселелерди айтып, эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык жыйын жүрүп, жетекчилердин отчету угулуп, аны талкуулап кабыл алуу керектигин жана улуттук олимпиада комитетине кайрадан жетекчилер шайланаарын баяндады.

Мындан 4-5 жыл мурда Улуттук олимпиада комитетинин президентинин ордун талашуу күчөп, мыйзам бузууларга жол берилип, талаш-тартыштын айынан спортчулар жабыр тартып келишкен. Бул уюмдун жетекчилигине Мурат Саралинов шайлангандан бери эл аралык, азиялык олимпиадалык кыймылдын катарына өлкө кайрадан толук кандуу мүчө катары кабыл алынып, мамилелер жөнгө салынды.

Ошондуктан анын 4 жылдык ишмердүүлүгү жакшы баага татыктуу болуп, кайрадан Мурат Саралинов өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетине президент болуп шайланды.

Бул уюмдун вице-президенттигине 6 талапкер коюлуп, өлкөнүн Дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Кубанычбек Конгантиев жана студенттер спорт уюмунун жетекчиси Шаршен Касенов вице-президенти болуп шайланышты.

Мындан сырткары жыйында 45 федерациянын президенттери жана жетекчилеринен иргелип, 9 киши аткаруу комитетине мүчө болду.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы болуп Канат Аманкулов кайрадан дайындалды. Ошондой эле жыйында Азия жана Лондон олимпиадасына даярдыктар тууралуу маселелери, спорт көйгөйлөрү да каралды.

Өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын мурдакы жетекчиси, спорт демөөрчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбековдун айтымында, өлкөнүн олимпиадачылары байгелүү орундарды камсыз кыла баштаганы менен айыл жергесиндеги спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатат.

- Мурда биздин аксакалдар, спорт ардагерлери ар дайым өсүп келаткан жаштарга жол бербей, ар убак бут тосуп келатканы өкүндүрүп келген. Кызматына, даражасына карабай иш билги сапатына кароо учур талабы. Учурда Эл аралык олимпиада комитети, Азиялык олимпиадалык кеңеш менен мамилелер калыбына келип, алардан Кыргызстан финансылык жардам ала баштады. Ал түгүл биздин спортчулар 2006-жылкы Катардагы 15-Азия оюндарында жана 2008-жылкы Бээжин олимпиадасына катышып, байгелүү орундарды ээлеп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытышты. Ошондой болсо да айыл жеринде дене тарбия, спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнбөй жатканы өкүндүрөт. Ал түгүл айрым айыл мектептеринде дене тарбия сабагы боюнча мугалимдер жок. Биз жеке кызыкчылыктарды гана ойлобой, өлкөнүн тагдырын, ар-намысын ойлошубуз керек.

Кыргыз олимпиадалык кыймылында жаштарга кезек берилип, спортчуларга жардам көрсөтүлө баштаганын Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү, Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиев белгилеп, күзүндө Гуанжодо өтө турган 16-Азия оюндарына даярдык көрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

-Мурда Айдар Акаевди олимпиадалык комитетке алып келгендер УОКтун президентинин ордун өтө эле саясатташтырып, талашка түшүрүп жиберишкен. Себеби эл аралык уюмдардан чоң өлчөмдө жардам катары каражаттар келип турчу. Алар мына ушул каражатты бөлүштүрүү жана ээлик кылуу максаттарын гана көздөп, андан спортчулар жабыр тартып келишкен болчу. Мына кийинки төрт жылдан бери баары орду-ордуна келип, биздин олимпиадалык кыймылдагы кризис, көйгөйлөр жөнгө салынды. Эми биз 16-Азия оюндарына кызуу даярдык көрүп жатабыз. Башкы ассамблея жакшы өтүп, татыктуулар шайланды.

Оор атлетика боюнча Азиянын көп жолку чемпиону, Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү Улан Молдодосовдун пикиринде, бул уюмдун жетекчилиги спорт тармагында ынтымакты камсыз кылып, машыгууга шарт түзө баштады.

Улуттук олимпиада комитетине экинчи ирет жетекчи болуп шайланган, өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Мурат Саралиновдун айтымында, Ысык-Көлдө эл аралык олимпиадалык даярдоо борборун куруу максаты бар.

Эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетин Эшим Кутманалиев уюштуруп, 13 жыл башкарып келген. 2004-жылдын декабрында өлкөнүн бокс федерациясына жаңы президент болгон Айдар Акаев Улуттук олимпиада комитетине жетекчи болуп шайланган.

Ыңкылаптан кийин Айдар Акаев ал кызматтан бошотулуп, мурдакы жетекчи Эшим Кутманалиев кайрадан Улуттук олимпиада комитетине президент болуп шайланган.

Улуттук олимпиадалык комитетинин жетекчилик ордун талашуу жыйында өлкөнүн кичи футбол федерациясынын президенти Кадырбек Атакараев жүрөгү ооруп каза болуп калган.

Ошондой эле ушул уюмдун жетекчилигине талапкер болууну максат кылган даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев дагы буйуртма менен өлтүрүлүп, максаттары ишке ашпай, күлгүн курагында кайтыш болгон эле.

2005-жылдын жайында бул уюмга президент болгон Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 22-сентябрда буйуртма менен атылып каза болгон.