Эркин күрөштөн өлкө чемпиондору аныкталууда

Эркин күрөш боюнча чемпионаттын жүрүшүнөн, 2010-жылдын 26-марты.

26-мартта Бишкекте эркин күрөш боюнча кыз-келиндер жана эр-азаматтар арасында өлкө чемпионатынын күч сынашуулары башталды.

Быйылкы өлкө чемпионатында жеңүүчүлөрдөн балбандардын тандалма командасынын курамы түзүлмөк, ошондуктан бардык облустардын өкүлдөр келишти. Мөрөй талашуулардын биринчи күнүндө кыздар үч салмак, эр-азаматтар 4 салмак боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталды.

СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, даңазалуу балбан Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, бардык облустардан тандалган балбандар келгендиктен таймашуу курч мүнөздө өтүүдө.


Өлкөнүн эркин күрөш боюнча кыз-келиндери килем үстүндө күч сынашып, жеңил салмакта оштук Мехринсо Нурматова баш байгени утуп алды. Кыргыз техникалык университетинин студенти Жылдыз Жээнбек кызы күмүш медаль тагынды. Акталаалык Гүлназ Капар кызы менен токмоктук Нуржан Бекматова үчүнчү орунду ээледи.

55 кг. салмакта бишкектик Гүлина Кубатбек кызы өлкө чемпиону аталып, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Акталаалык Айгерим Эсенбаева экинчи орунду камсыз кылып, келечегинен үмүткөр кылды.

63 кило салмакта күч сынашкан кыздардан Кыргыз техникалык университетинин студенти Элзат Сарыгул кызы биринчи орунду ээлеп, 2010-жылдагы өлкө чемпиону аталды. Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынын өкүлү Мыскал Жанчарова финалда Элзатка аз упай айырма менен утулуп, күмүш медаль тагынды. Бишкектик Мээрим Койчубекова үчүнчү орунду камсыз кылды.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде, жыл өткөн сайын кыз-келиндердин дагы эркин күрөшкө кызыгуусу артып, эл аралык аренада Кыргызстандын намысын коргоп жүрүшөт.

Эр-азаматтар арасында 4 салмак боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталып, курч таймашуулар өткөрүлдү. 55 жана 66 кг. салмактарда бишкектик балбандар айырмаланып, чеберчилиги менен таанылды. Жеңил салмакта бишкектик Алтынбек Алымбаев өлкө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.


66 кг. салмакта Орусиянын Саха республикасынан келген Иннакентий Иннакентьев финалда «Эмгек резерви» коомунун өкүлү Адилет Романовду утуп алып, Кыргызстандын чемпиону аталды.

Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев бул ирет жаштарга утулуп, үчүнчү орунду ээледи.

84 кг. салмактагы балбандар иргелип олтуруп, финалга «Эмгек резерви» коомунун өкүлү Айбек Усупов менен Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Абил Алмазбек уулу чыгып, Айбек былтыркы чемпиондук наамын сактап калды.
Баш байгеге ээси Айбек Усупов мелдеш курч мүнөздө өткөнүн белгилеп, эми Азия, дүйнө чемпионаттарында жана 16-Азия оюндарында өлкө намысын коргой турганын билдирди.

Оор салмакта Бишкектеги 5-спорт мектебинин балбаны Аскер Эфендиев баралына келгенде Кожомкулдай балбан болоорун айнинелеп, чемпионаттын баш байгесин утуп алды.

“Алыш” күрөш федерациясынын өкүлү Жылдыз Давлеталиев күмүш байгелүү болду.

Белгилей кетчү жагдай, 4 жыл мурда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өткөн 15-Азия оюндарында мөрөй алып, коло байге тагынган балбан Алексей Крупняков өлкө чемпионатына катышкан жок.

Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Тургунбаевдин айтымында, быйылкы эң маанилүү мелдештер майда Индияда өтө турган Азия чемпионаты, күзүндө Москвада өтө турган дүйнө чемпионаты.

- Себеби мында байгелүү орунга жеткен балбандар ноябрда Гуанжоу шаарында өтө турган 16-Азия оюндарында намыс талашат.

27-мартта дагы эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты улантылат.