Кыргызстандын беш жолку чемпиону "Дордой-Динамо" Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун быйыл дагы жеңе алган жок.
Тажикстандын Турсунзаде шаарында өткөн мелдеште Нарындын “Дордойу” алгач Түркмөнстандын "Ашхабат" клубун 2:1 эсебинде жеңип алган. Ал эми экинчи жарым финалда Пакистандын “Вапта” командасын талаа ээлери "Регар-ТадАЗ" утуп финалга бет алган. Чечүүчү оюн курч мүнөздө өтүп, кыргыз футболчуларынын чабуулдарынан эч жыйынтык чыккан жок. Натыйжада оюн 2:0 эсебинде аяктап, Тажикстандын чемпиону үчүнчү ирет АФК президентинин кубогунун ээси болду. Ал эми "Дордой-Динамо" болсо буга чейин эки ирет бул мелдештин жеңүүчүсү болгон.
Евгений Ваккер дүйнө чемпионатында 29-орунга ээ болду
Швейцариянын Мендризио шаарында өткөн мелдешке дүйнөдөгү эң күчтүү спортчулар катышып, 50 км жеке жарышта 66 спортчу мөрөй талашты. Бул аралыкты Ваккер 1 саат 3 минута 26 секундада басып өтүп, биринчиликтин чемпиону болгон Фабиана Канчеллариден 5 мүнөт артта калган. Бул дүйнө чемпионаты Евгений Ваккердин карьерасындагы сегизинчи мелдеш. Ал 2003-жылы Канадада өткөн чемпионатта 11-орунга ээ болуп эң чоң көрсөткүч жарата алган.
Кыргыз балбандары дүйнө чемпионатынан медалсыз кайтышты.
Кыргызстандын эркин, грек-рим, жана аялдар күрөшү боюнча курама командасы Данияда өткөн дүйнө чемпионатынан кайтышты. 21-27-сентябрга чейин Хернингде өткөн мелдеште 80 чакты өлкөнүн балбандары күч сынашты.
Эркин күрөш жаатында эң алдынкы көрсөткүчкө Базар Базаргуриев жетип, ал коло медаль үчүн болгон салгылашта ирандык спортчуга жеңилип калгандыктан төртүнчү орунга татыды.
Ошондой эле кыз-келиндер курамасы жана грек-рим күрөшүнүн балбандарынын көпчүлүгү алгачкы, ал эми калган бөлүгү экинчи таймашта жеңилип калышты. Алсак Бээжин олимпиадасынын байге ээлери Руслан Түмөнбаев 36 спортчудан 16-орунга, ал эми Канат Бегалиев болсо 28-орунга татыган.
Буга чейин Бегалиев 66 кг салмакта өлкө намысын коргоп келген болсо, бул ирээт ал 74 кг категориясында күч сынашты.
Машыктыруучулар менен спортчулар бул чемпионаттын жыйынтыгынан сабак алып, кийинки мелдештерге даярдык көрөөрүн Олимпиадага даярдык көрүү борборунун жетекчиси Касымкул Оболбеков билдирди:
- Бир салмактан экинчи салмака өтүү көп эмгекти талап кылат. Ошондуктан спортучу тактикалык жана физикалык жактан күчтүү болушу зарыл. Биз бул чемпионаттан тийиштүү жыйынтык чыгарышыбыз зарыл. Алдыда курама команданы кайрадан Азия чемпионаты жана дүйнө биринчилиги сыяктуу ирии мелдештер күтөт. Ошондой эле Азия оюндарына дагы жакшы даярдык менен барышат деген ойдомун.