Президенттик үчүн күрөшкө чыгып, саясий айдыңда күч сынашып жаткан 6 талапкердин спортко болгон мамилесин кеп кылууну эп көрдүк. Азыр алардын баары спортко көңүл бураарын айтууда.
Бийликтин бийик тепкичтеринде жүргөн губернатор, премьер-министр, анан ыңкылаптан кийин президент болгон Курманбек Бакиев жаш кезинде бокс менен машыкканын эскерип калат.
Өзү да бир нече ирет бокс мелдештерине ардактуу мейман катары барып, жаш кези эске түшүп, мээлей кийсе бокс мүшөгүн 2-3 согуп, коргонуу, ыкчам согуу жана башка ыкмаларды мыкты билээрин көрсөтүп да жүрөт.
Президенттин басма сөз катчысы Алмас Турдумаматовдун айтымында, Курманбек Бакиев да ден соолугуна өзгөчө маани берип, ыгы келгенде желип чуркап, таза абада жөө басат.
- Президент Курманбек Бакиев жаш кезинде бокс менен машыгып, спорттук ийгиликтерди жараткан. Сергелең жашоо ыңгайын жактырат. Ар күнү эртең менен саат алтыда туруп чуркайт. Андан кийин дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайт.
Курманбек Бакиев да өзү кээде бассейнге түшүп жүргөнүн, улут ден соолугу үчүн ГТО комплекси сыяктуу дене тарбия саамалыгын жандандыруу, спорт жайларды, стадиондорду куруу зарылдыгын айтып келет.
БЭК президенттикке көрсөткөн Алмазбек Атамбаев бала кезинде тоголото топ тээп, футболду жакшы ойноп, бирок китепти көп окуп өскөнүн классташ курдашы Турдаалы Алымкулов айтып берген эле.
Алмаз Атамбаев студент кезинде волейбол ойногонун, ден соолугуна маани берип, бош убактысында чуркап, бассейнде сүзөөрүн уккан элек.
Президенттикке талапкерлердин ичинен спортко шыктуусу – Темирбек Сариев. Ал өзү өспүрүм кезинде эркин күрөш менен машыгып, Бишкектеги спорт жатак мектебинде окуган.
- Чындап бардык мүмкүнчүлүгүн спортко арнаса, Темирден дүйнө чемпиону чыкмак. Себеби, аябай эмгекчил, өжөр, кайраттуу жана намыскөй эле. Бишкек шаардык, республикалык мелдештерде мөрөй алган, - дейт Темир Сариевдин биринчи машыктыруучусу, өлкөгө эмгек сиңирген устат, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Руслан Искенов.
Эркин күрөштөн сырткары Темир Сариевди чоң теннисти, футболду жакшы ойноорун, сууда сүзүүнү мыкты билээрин, ар күнү таң эрте чуркап, бийик-бийик тоолорго чыгууга дилгир экенин, классташы Талант Аспеков айтып, эгерде Темир Сариев президент болуп калса, дене тарбия, спорт тармагына өзгөчө көңүл буруп, жаштарга шарт түзүп берээрин билдирди.
Президенттикке талапкердин дагы бири, дарыгер-психолог Жеңишбек Назаралиев мектепте окуп жүргөндө 6 жыл эркин күрөш менен машыгып, райондук, облустук биринчиликтерде мөрөй алган.
Ал жашында эле спорт тармагында да өзүн көрсөтө алган. Баласынын келечекте спортчу болгусу келгенин байкаган атасы “Кой балам, спорт кесип болбойт” деп тыйып койгон. Атасынын кебинен чыга албаган Жеңишбек Назаралиев медициналык институтка тапшырып, дарыгерлик кесипти аркалаганын маалымат каражаттарына берген интервьюсунда айткан.
Студент кезинде дзю-до, самбо күрөштөрү менен машыгып, кийин чыгыш өнөрлөрү каратэ-до, ушу, кун-фу, йог менен алектенген. Ошондой эле Жеңишбек Назаралиев бир топ жыл өлкөнүн дзю-до федерациясынын президенти болуп, 2000-жылкы Сидней олимпиадасына дюз-дочуларды жетектеп да барган.
Ал ден соолуктун кадыр-баркын мыкты билет. Өзүн ар дайым формада, табында кармап, күнүгө чуркап, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, спорт залында машыгып турат.
Алты талапкердин бири - аялзатынын өкүлү Токтайым Үмөталиеванын программасынын өзөгү «Дени сак улут, дени сак эне, дени сак үй-бүлө» деп аталып, дене тарбия, спортко өзгөчө маани берүү тууралуу айтылат.
Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, мектептерде дене тарбия сабагын күнүгө үч маал бөлүп өткөрүү - учур талабы. Ошондой эле бабалардын байыркы чүкө оюндарын жаштарга жайылтып, мелдештерди өткөрүүнү да максат кылып жүрөт.
- Бул учур талабы. Себеби балдар көп кыймылдабай, оорукчан, чабал болуп баратат. Ошондуктан дене тарбия сабагын мектептерде күнүгө үч маал, эртең менен, сабактын ортосунда – 15-20 мүнөт жана сабак бүтөөрдө да бөлүп ойнотуп, кыймылдуу оюндарды ойнотуу керек. Ошондой эле бабалар ойногон чүкө оюндарын кайра жандандырып, кеңири жайылтуу керек. Себеби, чүкө ойногондо адамдын бардык негизги булчуңдары, денеси ийкемдүү болот. Чүкө оюндары боюнча чоң мелдештерди уюштурсак деген тилегим бар, - дейт президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева жашында спорт менен алектенип, айылдын волейбол командасынын капитаны болуп, райондук, облустук мелдештерде бир нече жолу мөрөй алган.
Студент кезинде дельтапланизм спортуна да кызыккан. Ошондой эле Токтайым – кол күрөш, армстерлинг менен да машыгып, кол күрөш мелдештеринде утуп, диплом алган.
Ал шахмат ойноп, студенттердин Универсиада оюндарында биринчи орунду ээлеген. Кийин Токтайым чыгыш өнөрү каратэ, йог өнөрүнө да кызыгып, киоси-ко-каратэ боюнча Борбор Азия федерациясынын ардактуу президенти болуп саналат.
Дагы бир талапкер Нурлан Мотуев болсо жаш кезинде бардык балдардай эле футбол ойноп чоңойгон. Мектепте окуп жүргөндө жана аскерде кызмат кылган учурда чыгыш өнөрү - ушу күрөшү менен машыкканын талапкер Нурлан Мотуев айтып, учурда панкратион - эрежесиз кармаш жана оор атлетика менен машыгып жүргөнүн билдирди:
- Мен жашымда футбол ойноп, жүгүрүп жана ушу күрөшү менен машыкккам. Аскерде жүргөндө да ушу күрөшүн уланттым. Азыр болсо штанга көтөрүп, панкратионго кызыгып, машыгып жүрөм.
Алты талапкердин дене тарбиясына жана спортко болгон мамилеси мына ушундай. Кимиси президент болсо да улут ден соолугуна, дене тарбиясына көңүл бурса деген тилек.