Кызытма - ден соолукка зыян

Жакында Бишкекте да кызытма текшерүү борбору ачылганы турат

Спорт чөйрөсүндө кызытма менен кармалган чыр-чатактар арбын болуп баратат. Муну атаандаштарына атайы бут тосуу катары баалагандар бар. Кыргызстандан да кызытма колдонуп, кармалган спортчулар болгон.

Жыл өткөн сайын спорт чөйрөсүндө кызытма (допинг) колдонууга байланыштуу чыр-чатактар ырбап баратат. Айрым адистердин баамында, олимпиадалык оюндардын алдында атаандашкан спортчуларды аренадан атайын сүрүп салгандай жагдайлар кездешет.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымында, АКШ же Кытай, Германия сыяктуу спорттук державалар Эл аралык кызытма агенттиги менен келишип алып, баш байгеге талапкер атаандаштарын «атайын» жарыштан чыгарып салгандай жагдайлар байкалган.

Канат Аманкуловдун пикиринде, мындай «окуялар» Бээжин олимпиадасынын алдында да болуп, ирандык,түркиялык, болгариялык оор атлетчилер, орусиялык жеңил атлетчилер кызытма колдонгону аныкталып, аларды оюнга катыштырбай коюшкан.

Айрыкча орусиялык жети жеңил атлетчи кызытма колдонгону аныкталып, жарыштан чыгып калган.Алар 4-5 жыл даярдык көрүп, бир нече ирет дүйнөлүк рекорд жаңыртып, дүйнө,Европа чемпиону болгондо кызытма колдонушканы аныкталган.

Алардын катарында 800 жана 500 метрге чуркоодон дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, дүйнөлүк рекордчу Елена Соболева, 1500 метрге чуркоодо дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Татьяна Томашова, молот жана диск ыргытуу боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Гульфия Ханфеева менен Дарья Пищальникова да бар.

Эл аралык жеңил атлетика федерациясы болсо алар утуп алышкан байгелерди, акчалай сыйлыктарды кайтарууну талап кылып жатышат. Ошондо орусиялык жөө күлүк Елена Соболева 2008-жылдын кышкы дүйнө чемпионатынын алтын медалын, жайкы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин кайтарып,төрт рекорду жокко чыгарылды. Ошентип ал байге катары жеңип алган 120 миң доллар каражатты да кайтарып берүүгө тийиш.

Мындай кызытма текшерүүнүн айынан Афины олимпиадасында Кыргыз туусун ачылыш аземинде көтөрүп чыккан Азиянын эки жолку чемпиону, оор атлетчи Митал Шарипов да кылтакка илинип, олимпиадалык айылдан чыгарылган.

Грек-рим күрөшүнөн да жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону Уран Калиловдун дагы кызытма колдонгону аныкталып, эки жыл мелдештерге катышпай жүрдү.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюгча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, Бишкекте кызытма текшерүү борборун ачуу - мезгил талабы. Себеби, айрым машыктыруучулардын кызытма боюнча сабаты чийки болуп, кайсыл дары же чөп кызытмага кирээрин, аны колдонууга болбостугун айрып биле албай, спортчулар жабыр тарткан учурлар бар.

Кыргыздын күч-кубат берчү "гүлазыгы","күчаласы", дары чөптөрү кызытмага киреби аны да текшерип, талдоого алган адис жокко эсе. Себеби кыргыздар деле илгери күч-кубат берчү кызытма же күчала колдонушкан анык. Учурда анын курамын изилдөө, спортчуларга колдонууга болобу? Бул иштер колго алынбай келген.

Улуттук олимпиада комитетинин демилгеси менен эми Бишкекте кызытма текшерүү борбору ачылганы турат.