Асманың ачыкпы, Ата Журт?!

Кыргыз-өзбек чек арасы. Ош, 27-май, 2009-жыл.

Дүйшөмбүдө президент Курманбек Бакиев Пакистандагы, Ооганстандагы кырдаалды, анын Борбор Азияга, Кыргызстанга тийгизчү таасирин бир катар министрликтердин, тийешелүү кызматтардын жетекчилери менен талкуулады. Соңку убакта болсо коомчулукта өлкө коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулар көбүрөөк айтыла баштады. Бул арада 40 чакты согушкер Ооганстандан Фергана өрөөнүн көздөй багыт алганы кабарланууда.
Президент Бакиевдин катышуусундагы жыйында талкууланган маселенин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берүүнү басма сөз кызматы зарыл деп эсептеген жок. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн айрым жергиликтүү маалымат кызматтары аркылуу тараткан билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан Пакистандагы жана Ооганстандагы террорчул аракеттерден улам курчуган кырдаалды эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттери аркылуу жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттырууга кызыкдар. Бул максатта өз аймагында тынчтык конференциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жатат.

Кыргызстан өңдүү таасири аз өлкөнүн бул демилгеси колдоого арзырлык болгону менен, азыркы жагдайда абалдан чыгууга олуттуу салым кошоору күмөн санатат. Мындай көз карашты тутунган жергиликтүү адистердин бири, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов биринчи кезекте Кыргызстан өзү коопсуздук боюнча ырааттуу саясат жүргүзүшү зарыл дейт:

- Бул жалаң эле энтузиазм менен бүтпөй турган жумуш. Буга бир топ каражат керек. Бирок биздин атайын кызматтардын бюджети ыйлай турган абалда. Ошондуктан мен айта алам, бүгүн бизде коопсуздук системасы түзүлө элек.

Мирослав Ниязовдун көз карашында, Кыргызстандагы коопсуздукка кайдигер мамиле куралчан топтор кирип келген 90-жылдардагыдай эле абалда сакталып турат. Анын кесепетинен Ооганстандагы бүгүнкү кырдаалдын эпкини Кыргызстанга катуу тийиш ыктымалдыгы бар. Муну акыркы Ханабад окуясы дагы бир ирет тастыктады.

Deutsche Welle маалымат кызматы апрель айында Ооганстандан Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан багытына 40 согушкер жөнөтүлгөндүгү, Өзбекстан Ислам кыймылы бул багытта өз аракеттерин күчөтүп жаткандыгы тууралуу жазып чыкты.

Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиев Кошуна Пакистан же Ооганстандагы окуялардын таасири сөзсүз Кыргызстанга тиет деп эсептейт.

Жергиликтүү талдоочулар ага кошумча Кыргызстандын өзүндө радикалдык-экстремисттик күчтөр пайда болгондугун айтып жатышат. Алар тышкы күчтөргө дагы ички коркунуч кошулуп кетиш ыктымалдыгы барын эске алып, азыркы бийлик коопсуздук камын тереңирээк көрүшү керек деп жатышат. Алардын бири Алик Орозов маселен, Кыргызстан өз саясатын ушул нукка бурушун эп көрөт.

Кыргызстан мүчө болгон ЖККУ болсо аймактагы мамлекеттердеги стабилдүүлүктүн жолун Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдү түзүүдөн көрүп турат. Уюмдун баш катчысы Николай Бордюжанын “Коммерсанть” гезитине айтканына караганда, бул уюм чек ара жаңжалдарын, террордук чабуулдарды, баңги соодасын токтотууну максат кылат. Бул уюмдун тушоосун ЖККУ президенттери июндун ортосунда Екатеринбург жолугушуусунда чечет деп күтүлүүдө.

Бул аралыкта Пакистан менен Ооганстанда кырдаал курчуган сайын Кыргызстанда АКШ аба-аскерий базасынын калуу ыктымалдыгы тууралуу кеп кайрадан жандана баштады. Кыргызстандын коопсуздугуна базанын турушу өтө зарыл дегендердин бири Мирослав Ниязов азыркы тапта АКШ базасы кетерине караганда каларына көбүрөөк ишенет:

- Мен булар аба-аскерий базаны чыгара албайт деп ойлойм. Анткени бүгүнкү күнгө чейин чыгып кетүүгө эч кандай камылгалар болгон жери жок.

Жогорку Кеңештин чечимине ылайык, база Кыргызстан аймагынан августта чыгып кетиши керек. Азырынча бул маселе боюнча расмий Бишкек кандайдыр бир билдирүү жасай элек. Ошол эле мезгилде бийликтин таламын талашкан саясатчылар биринчи кезекте Ооганстандагы стабилдүүлүккө басым коюшууда.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Жолдошев АКШ менен база боюнча башка деңгээлде кызматташтык болуш ыктымалдыгын төгүндөгөн жок:

- Ал Ооганстанга тынчтык алып келе турган маселе болсо биз аны колдошко даярбыз деп айта алам.

АКШ менен Кыргызстан ортосунда база боюнча жаңы сүйлөшүүлөр ыктымалдыгын Коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиев да “Азаттыкка” берген интервьюсунда белгиледи.

Мурдагы мамлекеттик кызматкер Алик Орозов НАТОнун тарапкери Абдулла Гүлдүн келиши бекеринен эместигин, бирок ал жөнүндө ачык маалымат жоктугун айтат.

Түркия президенти парламентте сүйлөгөн сөзүндө аймактагы коопсуздукка Түркия колунан келген аракетинин бардыгын жасап жаткандыгын белгилеп, стабилдүүлүк үчүн аракеттерге Кыргызстанды да үндөй кеткен. Кыргызстан-Түркия президенттери дагы көзмө-көз жолугушууда Ооганстан маселесин талкуулагандыгы маалымдалган.