А. Сарыбаев: Карыздын көптүгү - каржы саясатынын жоктугу

Президент Курманбек Бакиевдин Москвага жасалып жаткан иш сапары жана кыргыз-орус мамилелерине байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев жооп берди.
- Айылчы мырза, мына буга чейинки кабарларга караганда, Бакиев Москвага эки максат менен баратат. Биринчиси – Орусия убада кылып жаткан 2 млрд. доллардын шарттарын талкуулап, ылайыгы келсе укуктук жагын негиздөө. Экинчиси – 180 млн. доллар карызды жоюу. Кепти ушу акыркысынан баштасак. Расмий маалыматтар боюнча, Орусия Кыргызстандын 180 миллион доллар карызынын ордуна “Дастан” ишканасынын 48% акциясын алганы турат. Бул Кыргызстан үчүн утуш деп айтууга болобу?

- Албетте Кыргызстан бекер оокат алганга көнүп калган. 180 миллионду бекер эле жоюп койсо деп ушу күнгө чейин үмүттөнүп келишкен. Чындыгында Орусия өзү дагы чоң кризисте турат, мурун деле турчу. Ошондуктан 180 млн. долларды бере коюш алар үчүн деле оор маселе. Ал эми “Дастандын” 48% акциясын алып кетүү аябай деле чоң маселени туудурбайт. Эгер ишкана биздин мамлекеттин көзөмөлүндө болсо, мыйзамдуу түрдө андан ары иштеп кетсе бул жерде эч кандай трагедия жок. Бул кадырэсе көрүнүш. Жанагы трансулуттук компаниялар иштеп эле атпайбы. Алар ондогон, жүздөгөн мамлекеттердин, адамдардын ээлигине туура келет. Бизде деле Орусия менен тең келишим түзүп койсо, ал иштеп кетсе пайдасы эле болот.

- Айылчы мырза, ошол эле мезгилде кечээ СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов Орусия премьери Владимир Путиндин Давосто билдиргенине таянып айтты го, Орусия Ливия, Ооганстан өңдүү каржалган өлкөлөрдүн бир нече миллирад долларын кечип койду деп. Кыргызстан эмне үчүн ушундай жеңилдиктерден пайдалана албайт? Орусиянын аскер базасы, башка кызыкчылыктарын эске алганда.

- Эми Ооганстан чоң стратегиялык мааниге ээ. Чоң-чоң державалардын кийлигишүүсү аркылуу согуш жүрүп атат ондогон жылдардан бери, анын келечеги да белгисиз. Орустар ал жерден саясий пайда табыш үчүн ошончо акчаны кечип койду. Кыргызстан алар үчүн анча деле мааниси жок, биринчиден. Экинчиден, өзүнүн тышкы экономикалык саясаты аксап атса керек. Ошондуктан, алар бизге анча көңүл бөлбөй, эчтеке бергиси келген жок, берген күндө деле алар кандай пайда табат, аларды деле эсептейт да.
- Экинчи маселе – 2 млрд доллар жөнүндө. Азыркыга чейин макулдашуулар болор-болбосу бир жаңсыл чечиле элек экен. Анын ичинен 300 млн. доллар алуу мамлекет үчүн өтө маанилүү деп жатышат. Ушуну албай туруп Кыргызстан бюджеттик карыздардан, анын ичинде Өзбекстанга газ үчүн карыздан кутулууга болобу? Кыргызстан карыз басты болуп калбайбы?

- 2 млрддын, 1,7 млрд. долларын Камбар-Ата ГЭСи үчүн коюп атат. Биздин мамлекеттин тең бөлүшөлү теңине силер, теңине биз ээ бололу, мамлекеттин кепилдиги болбосун деген шарты туура эле. Анткени карыз эмес, орустар өздөрү кошулуп кура турган курулуш жөнүндө сөз болуп атат. Пайдасы болбосо зыяны жок.

Ал эми 300 млн. доллар кредит боюнча кеп башка. 2005-жылкы ыңкылапта эле биз мындан ары карыз албайбыз, мындан ары кыскартабыз деп атып ушу күндө 2 млрд. доллар карыздын үстүнө дагы 200 млн. доллар кошулуп кетти. Эми анын үстүнө дагы 300 млн. доллар кошуп алсак, бул - мамлекетте каржы саясатынын жоктугун көрсөтүп атат. Бул негизи жок алына турган карыз болуп атат. Себеби эмне үчүн ушу күнгө чейин кризистен чыкпай эле кайра-кайра акча суроого муктажбыз деген суроо туулат.