- Алманбет мырза, жардыкка караганда, президент менен коомчулукту байланыштырат деген Коомдук палата бир топ салабаттуу уюм болчудай. Ал республикалык бюджеттен, эл аралык уюмдардын акчасынан каржыланат экен, анын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин отурумдарына катышуу укугуна ээ экен. Ушул өндүү милдеттерди алган палата бүгүн Кыргызстан үчүн канчалык зарыл?
- Мен мындай палата керек деп ойлоп жатам. Себеби Орусияда, Казакстанда мындай уюмдар бар. Коомдук палата адатта ар бир мамлекетке кыйынчылык келгенде түзүлөт. Кыргызстанда да ошондой болуп атат. Эми тандоо кандай болот? Коомчулуктун ар кыл топторунан кошуу зарыл болсо, алар кандай жолдор менен топтолот? Мыйзамдарга айкаштыгы кандай болот? Буларды карап көрүү керек. Экинчи жагынан коомдук палата кандай ыйгарым укуктарга ээ болот деген маселе турат. Себеби, булар жалпысынан шайланып, ал аркылуу элди токтотуу, топук кылуу ою болушу мүмкүн.
Бирок абал курчуп баратат. Бул жеке эле дүйнөлүк кризистен эмес. Өзүбүздө деле экономикалык кризис ушуга бараткан. Бизде коррупция чеги жокко баратат. Экинчи жагынан туура эмес колдонуу болууда, мисалы, энергетика бир эмес, үч кризиске кабылып отурат. Ошондуктан, мүмкүн, уюмдун жардамы тиер. Маселен, коомдук палата мүчөлөрү добуш берүү укугу болбосо да Жогорку Кеңешке катыша алат экен.
- Көпчүлүк талдоочулар коомдук палата мурдагы президент Аскар Акаев түзгөн коомдук уюмдардан айырмасы жок деп атышат. Президент Бакиев бул уюмдан эмнени каалап атат? Түпкүлүгүндө эмне максатты көздөп түздү?
- Эми кандай болсо деле коомдук палатабы, башкабы, түзүлүп, айтылып аткан нерселерди аткаруу бийлиги алдыга жылдырып кетсе жакшы болот эле. Бирок менин оюмда президентке, биздин ажобузга көп кыйынчылыктар, кемчиликтер жетпейт окшойт. Себеби, анын тегерегиндегилердин бардыгы бүгүн турмушун өткөрүп, бийликти колдонуп, анын пайдасын көрүү максатында гана иштеп атышат.
- Коомдук палата оппозициянын коомдук парламентин алсыздандыруу максаты менен түзүлдү деген ойлор да айтылып калды. Сиз буга кандай дейсиз?
- Эми коомдук парламентте ар бир адам өз оюн ачык-айкын айта алат. Коомдук палатада болсо ал жерге кандай кишилер келет, кандай айтат, үнү угулабы-угулбайбы азырынча белгисиз. Мына оппозициянын да эки түрү бар деп атабыз: реалдуу, анан радикалдуу. Эми айткандар аткарылбагандан кийин эл да ачуулуу болуп атат.
Мына кечээки курултайды эле алалы. Мен өзүм катышкан жокмун. Анткени парламенттик мамлекет дегенге мен азырынча каршымын. Өткөөл мезгилде парламент чече албайт, жоопкерчиликти ала албайт деп ойлойм. Менин айтайын дегеним, коомдук парламентте өзүнүн айтайын дегенин айтып, көп сунуштар менен чыгып атышат. Маселен, бири шайлоо аркылуу кетүүгө мажбурлайбыз дейт. Экинчи топ биз революциялык жол менен өзгөртөбүз, косметикалык Конституциянын кереги жок деп атат. Ошондуктан, коомдук палата коомдук парламентти күчсүздөндүрүү максаты бар деген туура эмес болуп калышы мүмкүн. Ар биринин өз алдынча милдети бар.
- Президент оппозицияны коомдук палатага тартышы мүмкүнбү?
- Менин оюмча тартат. Кыргызстандын келечеги үчүн барышыбыз да керек буга. Мен ойлоп атам, президент мындай кадамга барууга мажбур дагы. Себеби элдин жалпы маанайын караш керек. Экономика түшүп кетти. Баардыгы кыйын болуп турат. Буга чейин эле бюджетти кыскартуу керек деп айтып келгенбиз. Эки жыл мурда эле атка минерлердин санын 50 пайызга кыскартыңыз деп жазып бергем. Кызматтык машина дегенди токтотуңуз, кыйынчылык келатат, токтоолук менен алып кетишибиз керек деп айттым эле.