Акыркы саясий жүрүштөр президенттик шайлоого даярдыктын башталышы катары бааланууда. Ошол эле мезгилде оппозиция президенттик шайлоону 2010-жылы эмес, 2009-жылдын күзүндө өткөрүүнү мыйзамдуу деп жатат.
СДП фракциясынын негиздегенине караганда эски Конституция боюнча 2005-жылы июнда бийликке келген президент Курманбек Бакиев ошол эле эски Баш мыйзам боюнча 2009-жылдын күзүндө кайра шайлоого барышы керек. Эски Конституциянын 44-беренесинин биринчи пунктуна таянган СДП фракциясы жакынкы аралыкта Конституциялык Сотко кайрылганы жатат. Анткени Баш мыйзамда президенттик шайлоо “иштеп жаткан президенттин бешинчи жылында, октябрь айынын акыркы жекшембисинде болот” деп жазылган.
Бул тууралуу фракциянын төрага орун басары Иса Өмүркулов мындай дейт:
- Себеби шайлоо эски Конституция менен болгон. Кезектеги шайлоо да эски Конституция менен болушу керек. Орусияга салыштырсак анда мөөнөт алты жыл деп кирбедиби. Бирок Медведев төрт жыл президент болот деп атышат. Себеби төрт жылдык мөөнөт белгиленген Конституция менен шайланган.
Конституциялык Сот социал-демократтар каалагандай чечим чыгарып бербеген учурда деле чукул шайлоо болуп калышын саясатчылар жокко чыгарышпайт. Бул ириде Курманбек Бакиевдин президенттик мөөнөтүн жаңы Конституцияга тууралап узартып алуу, бийлигин күчтөндүрүү аракети менен байланыштырылууда. Мындай пикирдин пайда болушуна кадрдык чукул которуштуруулар, оппозициянын жоон топ лидерлерине каршы кылмыш иштеринин козголушу негиз берүүдө.
Саясат таануучу Кубан Абдымендин көз карашында чукул президенттик шайлоо өткөрүү же аны өз убагына жеткирүү кырдаалдан көз каранды:
- Иш жүзүндө кандай болот белгисиз. Себеби акыркы саясий кырдаалдын күчөп баратышы бир эле саясий майдандагы күрөштүн натыйжасы эмес, дүйнөлүк экономикалык кризистин Кыргызстанга таасиринин күчөшүнө байланыштуу. Мындан улам пайда болгон олку-солкулук ар кандай таасир этиши мүмкүн.
Кандай болгон учурда да президенттик шайлоого камылгалар жүрө баштагандыгы азыр айдан ачык болуп калды. Буга бийлик дагы, оппозиция дагы кызыкдар болуп турат дейт талдоочу Бекбосун Бөрүбашев:
- Президенттик шайлоого оппозициянын дагы, расмий бийликтин дагы өкүлдөрү даярдык көрүп атышат. Бул биздин коомдун өтө саясатташып кетишинин натыйжасы болууда.
Оппозиция өз кезегинде президенттик шайлоого эмес, системаны алмаштырууга кызыкдарбыз деп ишендирүүдө. Мындай пикирин экс-министр Аликбек Жекшенкулов айтты:
- Жок, биз президенттик шайлоого анчалык деле оюбуз жок болчу. Биз негизинен системаны өзгөртүүгө кызыкдарбыз.
Анткен менен президент Курманбек Бакиев экинчи, мыйзамдуу мөөнөт үчүн келерки шайлоодо ат салышары айдан-ачык. Ага жараша президенттин командасынан Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов өңдүү саясатчылардын аттары көшөгө артында атала калып жүргөнү менен, бийлик тараптан президентке атаандаштар келерки шайлоодо чыкпайт. Оппозицияда болсо президент болуу дымагы бар саясатчыларды четинен саноого болот дейт талдоочу Кубан Абдымен:
- Президент болом дегендерди бийлик тараптан деле четинен атаса болот. Алар гезитке деле жазылып кетти. Президент өзү деле катышууга сөзсүз даяр. Оппозиция тараптан бардыгы: башынан аягына чейин президент болом деген кызыгуулар абдан эле күчтүү болуп атат.
Ага жараша өз тарапкерин сүрөө, шайлоону өз кызыкчылыгы үчүн жылуу-жумшак өткөрүп алуу үчүн бийлик азыртадан оппозициядагы өз атаандаштарын эртерээк оюндан чыгаруу менен алектенүүдө:
- Бийлик президентке алдын ала даярданып, алдын ала көзөмөлдөө үчүн негизги атаандаштарын оюндан чыгаруу аракетин жасай баштады десек болот, - дейт талдоочу Табылды Акеров.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин көз карашында бийлик президенттик шайлоого чейин теңата талапкердин бардыгын четтетип бүтмөйүнчө оппозицияга кысымын уланта берет.
Белгилеп койчу жагы: жакынкы аралыкта эле бийлик Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Текебаев баштаган оппозициядагы аттуу-баштуу саясатчыларга кылмыш ишин ачып койду. Бийлик тап бере элек саясий лидерлердин катарында азыр Темир Сариев, Алмаз Атамбаев, Бакыт Бешимов, Азимбек Бекназаров өңдүүлөр аталууда.