Президент Курманбек Бакиев эмгек өргүүсүнөн кайтып келатканда экономикалык кризистин кесепеттерин алдын алуучу чараларды көрөрүн билдирген. Ал эми президент администрациясынын башчысы Медет Садыркуловдун апта башындагы маалыматына караганда, Курманбек Бакиев Германияда дарыланып жаткан кезинде эле айрым мамлекеттик жетекчилердин ишине канагаттанбай жаткандыгын айткан. Президент эми эмгек өргүүсүнөн чыгаар замат премьер-министрден өлкөдөгү экономикалык абал боюнча маалымат алды.
Президенттин маалымат кызматынын башчысы Алмаз Турдумамбетовдун айтымында, жолугушууда негизги көңүл энергетикадагы жагдайга, азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелерге бурулду. Президент бул жолугушууда өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков менен экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаровду жоопкерчиликсиз билдирүү жасашты деп кескин сынга алды.
Бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болот экен деген буга чейинки жоромолдорду президенттин бүгүн министрлерди сындашы бышыктагандай болду. Саясат таануучу Марат Казакбаевдин көз карашында президенттин пикиринин коомчулукка жарыяланганына караганда, энергетика жана экономика тармагындагы азыркы жагдайларга байланыштуу эки министр кызматтан алынышы толук ыктымал.
Дарыланып жүргөн президенттин ачуусуна эки министрдин ушул айда жасаган билдирүүлөрү тийген өңдүү. Министр Сапарбек Балкыбеков өткөн аптада журналисттерге электр кубатын үнөмдөө күчөтүлбөсө, Кыргызстан февралда энергетикалык кризиске кириптер болот деген. Ага удаа эле президент жетектеген “Ак жол” партиясынын парламенттеги фракциясы кышка даярдыкты талкуулап, Балкыбековдун ишине саясий баа берүүнү саясий кеңешке сунуш кылган. Ушул эле аралыкта экономика министри Акылбек Жапаров жаңы жылда өлкөнү каржылык кризис каптайт деп, Улуттук Банкты аракетсиздиги үчүн сындаган.
Марат Казакбаев президенттин келерки кадамдары кадрларды алмаштырууга эле эмес, кризиске кабылуу тобокелчилиги алдыда турганда өлкөдөгү экономикалык туруктуулук менен саясий туруктуулукту кошо сактоого багытталышы мүмкүн дейт. Талдоочунун баамында мындай аракеттерде президентке дарыланууга кетер алдындагы кайрылуусунда айткан Коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук кеңеш, Коомдук палата түзүү демилгеси шылтоо болуп, оппозицияны өзүнө тартууга шарт түзөт:
- Биринчи кезекте президент радикалдуу ревком менен эмес, коомдук парламент менен ушул маселелерди кантип чечебиз деп сүйлөшүшү мүмкүн. Негизги механизм Коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук кеңеш, Коомдук палатаны иштетүү далалаты болот.
Мындай божомолду төгүндөөгө болбой тургандыгын “Ак жол” партиясынын мүчөсү Жангороз Каниметов да билдирди. “Анткени, оппозициянын ичинде да таасирдүү ойлору, багыттары бар адамдар бар” дейт депутат.
Президент дарыланып жүргөндө бириккен оппозиция менен президентти кетиребиз деп алгачкы жыйынын уюштурууга үлгүргөн Элдик революциялык кыймыл системаны өзгөртөбүз деп катуу турушууда. “Ак шумкар” партиясынын башчысы Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бийлик оппозициянын талаптарын аткарган учурда гана кызматташтык тууралуу ойлонушу мүмкүн. Бирок саясатчы кризис Кыргызстанда жаз алды менен туу чокусуна жетерин, аны алдын алууга бийликте кудурет жогун бөркүндөй көрөт:
- Бийлик кандай чара көрүшү керек экендигин мен айта албайм. Анткени, эң негизгиси - ишкер адамдардын, инвесторолордун ишеними жок бул бийликке. Экинчиси, экономикалык саясаттын туруктуулугу жок. Үчүнчүдөн, кандайдыр бир чараларды көрүп, кадамдарды жасай турган команда да жок ал жерде. Экономиканы түшүнгөн адамдар аз болуп атат. Анткени, алардын бардыгын кууп, кетиришти.
Ошол эле мезгилде коомдук-саясий чөйрөдө президент Бакиев бир жагынан экономикалык кризистин капшабы тийип, экинчи жагынан президенттик шайлоонун карааны көрүнүп калган кезде кырдаалдан “ормон опуза” жасап турган “Жаңы Кыргызстан” өңдүү ылым санаш саясий чөйрөлөрдөн жаңы күчтөрдү айланасына топтоо аркылуу чыккысы келип жатканы айтылууда.