2008: Жаштар саясатта жигердүүлүктөн тайган жок

Жаштар "Сүйөм сени Кыргызстан" аттуу акция да өткөрүшкөн

Өтүп бараткан жылда орун алган саясий иш-чараларда жаштар четте калган жок. Бирок көп учурда алар күткөндөгүдөй жыйынтык болбоду. Кыргыз бийлиги болсо жаштар саясатын жаңыча жүргүзүүгө белсенүүдө.
Нааразыланып кармалгандар

2008-жылдын башында жаштардын “Мен ишенбейм кыймылы” өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразылык иш-чараларды улантты. Бул акциялардын катышуучулары бир нече жолу камакка алынып, айып пул тагылды.

Жаштар өлкөдөгү ири энергетикалык обьектилерди менчиктештирүүгө, Каркыра жайлоосунун Казакстанга берилишине да каршы биригишкен.

Мирхамид Токтогул уулу “Ак-Шумкар Кут” жаштар кыймылынын лидери. Анын айтымында, жаштардан аракеттеринен майнап чыкпаган себебин алардын толук жетиле электигинен, деп түкшүмөлдөйт:

- Саясий акцияларда, митингдерде жаштар дагы да болсо маселенин түбү каякта жатканын түшүнбөгөнүбүздү көрсөттүк. Маселе аны менен эле чечилбегенин билип туруп ошондой кадамдарга бардык.

“KG Жаштары”

Нааразылык акциялар менен максатка жетпестигин аңдаган жаштар “KG Жаштары” аттуу саясий клуб негиздешти:

- Жөн эле ураандын аркасында чуркай бербей, мамлекетке, өкмөткө альтернативдүү сунуштарды биригип алып берсек деп турабыз. Кайсы ганан партия болбосун, бийликтинби, же оппозициялык маанайдагы партиялар болбоу, жаштар кыймылдары. Ошолордун баарын ушул баарлашуу аянтына алып келүү - башкы максат болуп саналат, - дейт “Ашар козголушу” кыймылынын жаш лидери Мирзат Ажиев.

Аталган клубдагы алгачкы талкуу жергиликтүү жана шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоого жаштардын катышуусу тууралуу жүргөн. Бул ирээт шайлоого өзгөчө Чүй аймагы менен Бишкек шаарында жаштар жоон тобу менен аттанган болчу. Бирок көпчүлүгү өтпөй калды.

Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бири Мирбек Асангариев. Ал жаштардын шайлоого катышуусун саясий чөйрөдө боло жүргөн кубулуштардан деп баалаган:

- Биринчиден, муун өзү алмашууда. Муундун табыгый алмашуусу жүрүп жатат.

Эскиче жана жаңыча ойлонгондор

“Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Жоомарт Сапарбаев азыркы жаштардын мурунку муундан кадыресе айырмаланып турат деген пикирге кошулат. Анын баамында, азыркы муунга мүмкүнчүлүк гана керек:

- Азыркы жаштарга бийлик тарабынан эч нерсе деле кереги жок. Болгону гана бут тосуулар болбосо, анан чөйрө түзүлүп берилсе жаштар өздөрү өнүгөт. Адис катары бийликтин жардамы жок эле өздөрү адис болот, саясатта деле өздөрү чыңалат. Өздөрүнүн долбоорлору менен иштеп, жаштар өнүгүп келатат. Болгону гана бут тоспоо жана жакшы чөйрө түзүп берүү. Чөйрө дегеним, бул билим берүү, жумуш жагынан, каржы жагынан чөйрө түзүп берсе жаштар өздөрү алдыга алып кете алат. Бул азыркы 21-кылымдын жаштарынын өзгөчөлүгү.

Бирок жаштарга баарын берсе эле, алар майын чыгарат, деген сыяктуу бүтүмдөн күмөн санагандар да бар. Жогорку Кеңештин жаш депутаты Алишер Мамасалиев муну өзүнүн жон териси менен сезген:

- Мен мурун, эгерде саясатка, бийликке жаштар келсе дароо баары өзгөрөт деп ойлогом. Иш жүзүндө андай эмес экен. Мен ачык айтайын, парламентте иштеген бир жылдык убакта тажрыйба жактан сабак алып жатабыз. Мен дале үйрөнүп жатам.

Жаш саясатчы?

Кыргызстанда саясатчылардын жаңы мууну калыптанып жатат, деп айтыла жүрөт. Жаш активист Мирсулжан Намазалиев азыркы аздыр-көптүр төбөсү көрүнгөн жаштардын баарын саясатчы деп атоого эртелик кылаарын белгилейт:

- Саясатчы деген саясатка кандайдыр бир таасир эте ала турган адам. Ал эми жаш саясатчыларды бирден-бирден караганда, анчалык деле таасир бере албайбыз. Ошондуктан балким аларды азырынча жаш лидерлер, жаш активисттер деп атап турса болот.

Жигердүү жаштардын бири Нурила Батыралиева жаштар Кыргызстандын шартында жаш саясатчылар ар кандай нааразылык акцияларда суурулуп чыгаарын айтат:

- Бизде жаш саясатчылар жок. Ошондуктан эксперттер Кыргызстанда лидер кризиси бар деп аныкташкан. Азыркы лидерлер, саясатчылар бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Алар баарыбир эскиче ойлонушат. Ал эми жаңы муу азырынча калыптанып бүтө элек. Саясатчылар коомдон ар кандай учурларда суурулуп чыгышат. Кыргызстандагыдай мисалда, айталы ар кандай нааразылык акцияларда жаш саясатчылар калыптанат.

Мамлекеттин жаштар саясаты жаңыча жүргүзүлөт

Кыргыз бийлиги бул жылы жаштарга жаңыча мамиле керектигин моюндаган. Буга чейинки жаштар саясаты боюнча кабыл алынган документтерди учурдун талабына төп келе берчү эмес, деп тапкан. Ушундан улам жаңы улуттук концепциясын түзүү боюнча жаштардын демилгесин колго алып, мындан ары жаштар менен чогуу-чаран иштей турган ниетин билдирген.

Вице-премьер-министр Элмира Ибраимова 10-ноябрь жаштар күнүнө карата жыйынында сүйлөп, улуу муун жаштарды көп учурда баласынтып, аларды кандайдыр бир олуттуу чечимдерди чыгарып, жоопкерчилик алууга даяр эмес деп кабылдап жүрөөрүн айтып өткөн болчу. Эми мындан ары жаштарга карата мындай саясат натыйжалуу болбостугун, аларга бийлик өнөктөш катары мамиле жасашы керектигин белгилеген:

- Өлкөнүн келечегин көрө алган жана кура алган башкаруучулардын жаңы муунун калыптоо зарыл.

Жаңы концепцияны түзүүгө баардык жаштар тартылган. Жумушчу топко бийликчил да, оппозициячыл да жаштар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да кирген.

Жаштар департаментинин жетекчиси Айдар Жоробеков учурда концепция боюнча улуттук программа даярдаларын “Азаттыкка” билдирген:

- Программада бул концепцияны ишке ашыруу үчүн кандай иш-аракттер жасалып, чаралар көрүлүшү керектиги жазылат.

Концепцияга ылайык, жаштар үч топко бөлүнгөн. Мындан кийин мамлекет жаштарга карата аракеттерди дал ушул топтордун кызыкчылыгына карап көрмөкчү.

Биринчи топко өз көйгөйлөрүн өздөрү чечкен, коомдогу ар кыл көрүнүштөргө кайдыгер карабаган өтө жигердүү жаштар кирет. Экинчи топту өз алдынча, бирок социалдык жактан пассивдүү, өлкөнүн өнүгүшүнө түздөн-түз тартылбагандар түзөт. Үчүнчү топтогулар - социалдык жактан аяр катмардагылар болуп саналат.

Бул концепцияны түзгөн жумушчу топко киргендердин бири, “Ата Мекен” партиясынынын жаш лидери Жоомарт Сапарбаев кандай гана мыкты документ иштелип чыкпасын баары келип эле өкмөттүн ниетине такалаарын белгилейт:

- Кеп концепцияда эмес, ошол концепциянын ишке ашырылышында болуп жатат. Эгер мурунку эле документтердей кылып өкмөт буга анча маани бербесе, жаштар өзүбүздүн күчүбүз менен албетте аракет кылабыз. Бирок колдоосу жок ишке ашырыш абдан кыйын.