7-декабрда Бишкек гарнизондук соту Исмаил Исаковго байланыштуу чечимин чыгарыш керек эле. Бирок судья Серик Абиевдин ооруп калгандыгына байланыштуу сот 17-декабрга которулду. Бул күнү соттун алдына жүздөгөн адамдар чогулуп, Исмаил Исаковдун сотунда адилет чечим болушун талап кылып турушту.
Соттун алдына чогулгандардын арасында оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Болот Шерниязов, Топчубек Тургуналиев, Дүйшөн Чотонов, Германия элчиси жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да болду.
Бирок саат 10:00дө баштала турган сот жараяны судья Серик Абиевдин ооруп калганына байланыштуу 17-декабрга которулганын гарнизондук соттун расмий өкүлү жарыялады.
Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров соттун которулуш себеби тууралуу мындай пикирин ортого салды:
- Мен ойлоймун, судьянын ооруп жатканы тууралуу сөз, бул жөн эле шылтоо. А чын-чынында бул иш боюнча кандайдыр бир айыптоо чечимин чыгарыш абдан оор. Далил жок. Эч нерсе жок. Судья деле жогорку жактан түшкөн буйрукту канчалык деңгээлде аткарган менен адам катары тийиштүү жерлерге айткан болуш керек, “мен кантип соттоймун деп”. Ошондуктан бул ишти баштоого буйрук берген адамдар абдан оор, кызык абалда калды.
Ал эми соттолуп жаткан Исмаил Исаков соттун которулушу тууралуу буларды билдирди:
- Соттун жылдырылышы боюнча айтып кетсек, түшүнүктүү болуп калды, бул саясий буйрутма болгондуктан ушундай болуп жатат. Аларга судьянын маалыматы жеткирилсе керек, соттун жүрүшүндө кандай айыптарды коюп жатканы, анын учурунда айыбым жоктугу, далилденбегени айтылса керек менимче. Экинчиден, элдин нааразычылыктары жетти. Себеби дегенде ар бир региондо коопсуздукту карап турган кызматкерлер (мамлекеттин коопсуздугун кароонун ордуна жалаң эле биздин артыбыздан түшүп албадыбы) айтышса керек элдин нааразычылыгы күчөп жатканын. Үчүнчүдөн, бүгүнкү күнү тарифтердин көтөрүлүшү дагы аларга түрткү болуп атат, бардык чатактарды башыбызга үйүп албайлы деген ой менен кеңешкени өздөрүнө убакыт алышты. Мен ошондой деп түшүнүп калдым.
Белгилей кете турган нерсе, судья Серик Абиевдин оорубай эле Бишкек гарнизондук сотуна эртең менен кирип кеткенин айрым адамдар белгилешти.
Исмаил Исаковдун сотуна байланыштуу Кара-Кулжа, Өзгөн жана Алай райондорунан кечээ күнү аксакалдар келишип, президентке жолугушууга аракет кылып жатканын Азимбек Бекназаров маалымдап, алардын талаптары тууралуу буларды билдирди:
- Адвокаты катары мага телефон чалышкан экен, мен алар менен кечээ күнү жолуктум. Алардын талаптары абдан катуу. Эгерде Исаковду ушинтип эле ак жерден соттотуп жибере турган болсо, түштүктө аксакалдарды жиберген элдер айтыптыр, анда бизди кошо соттосун дешип. Биз катуу күрөшкө чыгабыз деп, ультиматум сыяктуу эле маселени коюптур.
Президенттин маалымат кызматы болсо президент менен жолугушууну каалаган аксакалдар тууралуу маалыматы жок экенин билдирүүдө.
Белгилүү болгондой, Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен, генералдык наамынан ажыратууну, үй-мүлкүн конфискациялоону жана жүз миң сом айып пул салууну аскердик прокурор Тимур Карабаев 30-ноябрда соттон талап кылган. Судья Серик Абиев айыпталуучунун акыркы сөзүн угууну жана чечим чыгарууну 7-декабрга белгилеген эле. Бирок эми ал иш ушинтип 17-декабрга которулуп калды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.