Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

“Алай” коому генерал Исаковду коргоп жатат


Генерал Исмаил Исаковду жердештери коргоп, ар кандай акцияларды өткөрүп келатышат.
Генерал Исмаил Исаковду жердештери коргоп, ар кандай акцияларды өткөрүп келатышат.

“Алай” коому мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду коргоп президентке кайрылуу жолдошту. Анда президент Курманбек Бакиевдин мурунку үзөнгүлөшү Исаковго тагылган айыптар негизсиз экени, кылмыш иши одоно түрдө, инсандык укугун тебелеп козголгону баса белгиленген.

“Азаттыктын” окурмандарынын назарында "Алай" коомунун өкүлдөрү:



Көчкөн

Сактанов







Калыбай

Зулпукаров






К. Сактанов:
- Мен Исмаил Исаковду тээ мурунтан бери билем. Ал бала кезинен эле эч качан өзүн ойлобогон, дайыма эл үчүн деп жашаган жигит. Мында пендечилиги бар болуш керек менимче. Баарыбызда эле бар пендечилик, менде да, Исмаилде, сизде да бар. Тирүү адамда бардыгы болот. Муну президенттин өзүн да айта алам. Ал эл үчүн иштеп атат, мен дайыма ушул кишинин тарабындамын. Бирок мунун да пендечилиги бар. Кошоматчыларга ишенбесе Бакиев, Исмаилдей жигиттерди кырк жигиттин бири катары ала жүрүш керек.

“Азаттык”: - Исмаил Исаков өзүнө коюлган айыптарды, козголгон кылмыш ишин саясий буюртма деп айтып келет да. Сиздин оюңуз кандай Калыбай мырза?

К. Зулпукаров: - Саясий буйрук экени бул ачык-айрым билинип калды. 8-9 айдан бери сот жүрүп атат. Анда башында койгон аскердик техникаларды сатты, баласына квартира алып берди, мамлекеттин акчасын ашыкча чыгымдады, коромжуга учуратты, тиги-бу дегендердин бирөө дагы далилденген жок. И.Исаков генералды бир жакка саясий буйрук менен түрттүрүп жиберчү болсо, бул жакшылыкка алып келбейт. Бүт эл козголот. Себеби бул элге кызмат кылып өзүн көрсөткөн киши. Мисалы, армияны жолго койду.

“Азаттык”: - Көчкөн мырза, сиз жана айтып өттүңүз Бакиев өзү, анын жүргүзүп аткан саясаты жакшы, бирок аны кошоматчылары жаман атты кылып атат деп. Сиздин оюңузча ушул И.Исаковдун иши тууралуу Бакиевдин кабары жок деп ойлойсузбу?

К. Сактанов: - Кабары болушу мүмкүн. Бирок ага Исмаил тигиндей-мындай деп жамандап айтышы мүмкүн. Бирок чындыкты айтыш керек, эл минтип атат, тигинтип атат деп. Алар сиздики туура, сиз укмуш кылып атасыз деп коет, ошого ишенип калат кээде.

“Азаттык”: - Исаковго мамлекеттик айыптоочу угузбадыбы кандай жаза сурап атканын, 8 жыл жана үй-мүлкүн конфискация кылып алып, анан аскердик чининен ажыратуу боюнча. Сиз кандай ойлойсуз, ушул сунуш эске алынып сот ошондой өкүм чыгарышы мүмкүнбү 7-декабрда?

К. Сактанов: - Бул өтө туура эмес. Албетте, соттор үйрөнүп калган, атууга да бере берет, түкүнчө жылга да кете берет.

К. Зулпукаров: - Мен ушуга таң калып атам. Сот бүткөндөн кийин булар өзүнчө кеңешет, канча жыл берели, бошотолубу, же кандай деп мисалы. Ал эми эмне үчүн бир жума мурда эле баланча күнү өкүм болот, мынча жыл берилет деп жарыя кылып жиберди. Бул туура эмес го дейм. Мындайча айтканда, бийликтин абдан күчсүздүгү. Эл дүрбөп кетсе эмне болот.

Мисалы, биз Бакиевди жакшы дейбиз. Бакиевдин жакшысынын кереги жок, ал эл үчүн кызмат кылсын. Жакшы деген адамдар жакшы боло берет, мен дагы жакшымын. Мен элге кызмат кылсам жакшымын. Мисалы бирөөгө чай, нан берсем, салам берсем, сизиң-бизиң десем, мен жакшы боло берем да бирөөлөргө. Бийликтин адамы качан гана өзүнүн элдин алдындагы турган милдеттерди чечип, элдин турмуш жыргалчылыгын камсыздаганда гана жакшы. Ага чейин аны жакшы деп айтыштын кереги жок.

XS
SM
MD
LG