Франсуа Зимре: Ош коогалаңын эл аралык уюмдар иликтеши керек

Ош шаарында кырдаал дале аскер күчтөрүнүн көзөмөлүндө

Ош жана Жалал-Абад аймактарында болгон жаңжалдардын себептерин жана кесепеттерин иликтөө үчүн эл аралык абройлуу уюмдардан өкүлдөр байма-бай келип жатышат. Алардын айрымдары буга чейин таратылган маалыматтар окуяны так, адилет бере алган жок, ошондуктан иликтөөгө эл аралык уюмдар киришүүсү керек деп билдиришүүдө
10-июнда Ош шаарында башталып, кийинки күндөрү Жалал-Абадда уланган жаңжалды жергиликтүү жана батыш маалымат каражаттары дүйнө коомчулугуна үзгүлтүксүз жана ыкчам чагылдырып турушту.

Анткен менен маалымат каражаттары аркылуу таратылган маалыматтар ынаным жарата албай жатат. Франциянын адам укуктары боюнча элчиси Франсуа Зимре 30-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда болгон окуялардын чын-төгүнүн адам укуктарынын чегинен изилдеп чыгуу керектигин баса белгиледи:

- Чындыктын жүзүн ачуу үчүн окуяларды терең изилдеп чыгуу зарыл. Ал үчүн Кыргызстан эл аралык уюмдардын жардамына муктаж. Экинчиден, калк арасындагы коркуу сезими бийликке болгон ишенимди жок кылды деп ойлойм. Дале болсо коркунуч бар. Эң жаман күндөр артта калды деп эч ким кепил боло албайт. Менин максатым – Кыргызстандагы кырдаал боюнча Франциянын көз карашын билдирүү жана чын, так маалымат алуу.

Франциянын адам укуктары боюнча элчиси Франсуа Зимренин айтымында, тарыхый кырдаал да, массалык маалымат каражаттарында келтирилген жүйөлөр да күнөөсүз адамдардын курман болушун түшүндүрүп бере албайт:

- Азыркы тапта үстүртөдөн жүргүзүлгөн изилдөөлөр гана бар. Ошон үчүн калп же чын кайда экенин айтуу кыйын. Менин жеке пикиримде, чындык айтылбай жатат. Тагыраак айтканда курман болгондордун так саны белгисиз. Ал эми чагымчыл күч дегендер ким? Бул жерде биз үчүн өзбек же кыргыз деген түшүнүк жок. Баары бирдей, тең укукта. Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулуп жатышы абдан кейиштүү көрүнүш. Булардын баарын терең изилдөө керек.

Жергиликтүү байкоочулар тескерисинче окуянын чын-бышыгын аныктоого чет элдик айрым журналисттердин окуяны терең иликтебей, үстүрт, бир жактуу жана чуулгандуу окуяларга кызыкчылыктын чегинен берүү аркылуу тоскоолдук кылып жатат дешүүдө. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да жакында билдирүү таратып, анда маалыматтар бир беткей берилип жатканы белгиленген.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Кыргызстандагы чыныгы кырдаалды чагылдырууда чоң коркунуч бар” деп эсептейт:

- Ошто болгон окуянын баарын толук чагылдыруу эч мүмкүн эмес. Бардыгын ачыкка чыгарам деген адам башаламандыктардын күчөшүнө себепкер болуп калышы ыктымал. Экинчиден, журналисттер деле кырдаалдын курч болуп турганын көрүп турушат. Бул кырдаалды эл аралык уюмдар изилдеши керек деген пикирге кошулам. Анткени бул чыр-чатакка кызыккан да, аралашкан да тараптар өтө көп. Ал эми өкмөт бул кырдаалды толук изилдей албайт. Изилдесе да бир тараптуу болуп калат.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин ырасташынча, Кыргызстандын түштүгүндө орун алган окуяларды чагылдырган журналисттер кооптуу-экстремалдык шарттарда иштеп, маалымат айдыңында эмоцияга алдырган учурлар болду:

- Кыргызстанда биз ушундай экстремалдык абалда иштеп жүргөнгө көнүп деле калдык. Бирок биздин жалпыга маалымдоо каражаттары бул жагынан кичине чабалдыгын көрсөтүп атышат. Эмоцияга алдырган учурлар болду, бир жактуу материалдарды берип койгон учурлар болду. Жалпысынан алганда биздин гезиттеги материалдар абалды курчутпай, бир калыпта кармап тургандай иштеди деп айта албайм, - деди Марат Токоев.

Түштүктө кагылышуулар орун алып, адам өмүрү кыйылып, Өзбекстан тарапка он миңдеген качкындар өтүп жаткан маалда дүйнө коомчулугу окуяларды интернеттен, сыналгы, үналгы, гезиттерден алып жатты. Мында кыргыз элинин абройуна шек келтирген макалалар да жарык көрүп жатты, бирок кыргыз өкмөтү буга өтө кеч көңүл бурду деген пикирлер байма-бай айтылды.

Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев эл аралык массалык маалымат каражаттарынын Ош коогалаңын бир тараптуу чагылдырышы – сыртта жүргөн ар кандай күчтөрдүн кызыкчылыгы деп эсептейт:

- Ош окуясын чагылдырууда сыртта жүргөн өзбек улутундагы диаспоралар бул маселени өтө көтөрүп кетишти. Бир беткей чагылдырууда алардын салымы чоң болду. Экинчиден, ошол күндөрү толук маалыматты алып чыгууга биздин сыналгы каналдардын мүмкүнчүлүгү болбой, так маалыматтарды жеткире албай калдык, - дейт Эмил Каптагаев.